Кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Сүрөт

95
(жаңыланган 12:05 20.12.2020)
Мекемеден белгилешкендей, кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналгандыктан, бул жаатта көптөгөн иштер пландалып жатат.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө Чуңкурчак тоо лыжа комплексинде ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

  • Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө Чуңкурчак тоо лыжа комплексинде ачылды
    Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө Чуңкурчак тоо лыжа комплексинде ачылды
    © Фото / пресс-служба МКИТ КР
  • Салтанаттуу ачылышка министр Нуржигит Кадырбеков, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын жана Венгриянын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, өнөктөштөр жана эс алуучулар катышкан
    Салтанаттуу ачылышка министр Нуржигит Кадырбеков, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын жана Венгриянын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, өнөктөштөр жана эс алуучулар катышкан
    © Фото / пресс-служба МКИТ КР
  • Мекемеден белгилешкендей, кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналат
    Мекемеден белгилешкендей, кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналат
    © Фото / пресс-служба МКИТ КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба МКИТ КР
Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө Чуңкурчак тоо лыжа комплексинде ачылды

Салтанаттуу ачылышка министр Нуржигит Кадырбеков, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын жана Венгриянын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, өнөктөштөр жана эс алуучулар катышкан.

"Министр меймандарга көңүлдүү маанай каалап, Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышына аяр мамиле кылууга жана аны сүйүүгө чакырды. Ачылыш аземде туристтик тармакты колдогон өнөктөштөр тарабынан бир катар баалуу белектер тапшырылып, иш-чара жогорку деңгээлде өттү", — деп айтылат маалыматта.

Мекемеден белгилешкендей, кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Бул жаатта көптөгөн иштер пландалып жатканы кошумчаланды.

95
Белгилер:
туризм, кыш, Нуржигит Кадырбеков, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзгөчө белектер сатылууда. Бишкекте жаңы жылдык жарманке башталды
Театр башчылары: маданияттын ишине тендер мыйзамы тоскоолдук кылып жатат
Нью-Йорктогу Эркиндик эстелиги. Архивдик сүрөт

Байден мигранттарга коюлган чектөөлөр боюнча Трамптын жарлыгын жокко чыгарды

14
(жаңыланган 10:14 21.01.2021)
Бул чектөөлөрдү мурда Дональд Трамптын администрациясы киргизген. Ага ылайык, Мьянма, Иран, Кыргызстан, Ливия, Судан сыяктуу 13 мамлекеттин жарандарына АКШга кирүүгө чектөөлөр коюлган.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы президенти Жозеф Байден алгачкы иш күнүндө кол койгон жарлыктарынын бири менен Кыргызстан катарына кирген бир нече өлкөнүн жарандарына коюлган визалык чектөөнү алып салды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

"Президент Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койду. Биз кыргыз өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саясий коопсуздукту кыйла жакшыртканын байкадык", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Ошондой эле өкмөт Интерпол менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана террорчулук тууралуу маалыматтар менен ачык-айкын бөлүшүп жатканы кошумчаланды.

"АКШ кыргыз элинин коопсуздугу жана эгемендүүлүгү үчүн эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгө умтулат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул чектөөлөрдү мурда Дональд Трамптын администрациясы киргизген. Ага ылайык, Мьянма, Иран, Кыргызстан, Ливия, Судан сыяктуу 13 мамлекеттин жарандарына АКШга кирүүгө чектөөлөр коюлган.

Эске салсак, 2017-жылы АКШга биометрикалык паспорт колдонбогон өлкөлөрдүн жарандары киргизилбей тургандыгы тууралуу жарлыкка мурдагы президент Дональд Трамп кол койгон. Анда Кыргызстан тез арада биометрикалык паспортторду жайылтышы керектиги айтылган.

Жо Байден 20-январь күнү ант берип, АКШнын президенттик кызматына расмий түрдө киришти.

14
Белгилер:
миграция, жарлык, Жо Байден, Дональд Трамп
Тема боюнча
Байден бүгүн АКШга кирүү боюнча кыргызстандыктарга коюлган чектөөнү алып салат
Лабораториянын кызматкери иш учурунда. Архив

ЖМК: окумуштуулар коронавирустун жаңы штаммына каршы вакцина даярдайт

9
(жаңыланган 10:10 21.01.2021)
Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган. Ал азыр бир катар мамлекеттерге жайылууда.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Британиядагы Оксфорд университетинин окумуштуулары тез аранын ичинде коронавирустун жаңы штаммына каршы вакцина даярдоого  белсенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости чет элдик сайттарга шилтеме берип жазды.

Аталган окуу жайдын командасы ушул тапта AstraZeneca вакцинасы менен иштеп жатат. Буга кошумча коронавирустун жаңы штаммына каршы изилдөө жүргүзө турганын айтышкан.

Ал эми Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жаңы штаммдар боюнча илимпоздор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын билдирген.

Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган. Ал азыр бир катар мамлекеттерге жайылууда.

9
Белгилер:
вакцина, штамм, коронавирус, Улуу Британия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коронавирустун жаңы штаммы. Кыргызстанга келчүлөр кандай тартип менен кирет?
Вирусолог Нурматов: британиялык жаңы штаммдын абалды курчутуп жибериши күмөн
Кениядан коронавирустун 16 түрү табылды. Эксперттер тынчсызданууда
Сейсмографтын маалыматтары. Архив

Кечинде Өзгөн менен Кара-Сууда жер титиреди

0
(жаңыланган 10:16 21.01.2021)
Жер титирөө Оштун айрым жерлеринде 3 баллга чейин сезилген. Министрликтин айтымында, жабыркагандар жана кыйроолор жок.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Өлкө аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгонун ӨКМ Сейсмология институтуна таянып билдирди.

Жер титирөө кечээ, 20-январь күнү, саат 22:01де катталган.

Ал Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Мырза-Арык айылдарында 3 балл, Өзгөн шаарында 2 балл, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Правда айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

0
Белгилер:
жер титирөө, Кара-Суу району, Өзгөн, Ош, ӨКМ
Тема боюнча
Эртең менен Нарында жер титиреди
Монголияда күчү 8,7 баллга жеткен жер титирөө болуп, Иркутскиде да сезилген