Милициянын көзүнчө спецназча "кылмышкерди" жетелеген пранкер. Бишкектеги видео

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция Россияда ушуга окшогон пранк кылгандарга иш козголуп, автору жети жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн экенин эскерткен.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бишкек ШИИБдин туристтик милициясы шаардык пранкерлерди тартуу иштерине олуттуу мамиле жасоого чакырып, жоопкерчиликти эске салды.

Милициянын Instagram-аккаунтуна жаш жигитти кармап пранк кылган видео жүктөлдү. Соода борборлорунун биринин алдында спецназга окшоп кийинген бала "кылмышкерди" жерге жыга кармап, уруп жаткан түр көрсөткөн. Андан соң борбордук көчө аркылуу алып бара жатканда Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы унаа менен капталдан чыгып, аларды чакырган.

Туристтик милиция укук коргоо органдары пранкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн билдирди.

Милиция Россияда ушуга окшогон пранк кылгандарга иш козголуп, автору жети жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн экенин эскерткен. Анда пранкер метронун жанында коронавируска кабылган киши сыяктуу титиреп, жанындагы достору коркуп кыйкырган видео тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0