Косметологиядагы бир процедура азиз кылып коюшу мүмкүн. Дарыгердин маеги

© Фото / Эльдияр АземовДерматовенеролог Татьяна Шамбадал
Дерматовенеролог Татьяна Шамбадал  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым салондордун бишкектик кыздардын жүзүнө зыян келтиргенин, кандай косметологиялык процедуралар өмүргө коркунуч туудурушу мүмкүн экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине дерматовенеролог Татьяна Шамбадал айтып берди.

Татьяна косметология боюнча айтып бергенден түк жадабайт. Ал дасыккан косметологду кантип тандоо керектигин, кайсы сулуулук процедураларынан баш тарткан оң экенин түшүндүрүп берди.

— Бүгүнкү күндө Бишкекте маникюр жасап, чач кыркып, ал тургай чакан пластикалык операцияларды жасаган борборлор толтура. Ушундай кылууга болобу?

— Ар бир салондо, ал түгүл чач тарачтарда косметологдор иштейт. Андай "адистердин" билими да, санитардык китепчеси да жок. Ошондой жайларда тазалоо процедуралары, пластикалык операциялар (мисалы, блефаропластика) жана инъекциялар жасалып, айталы, эрин чоңойтуу, беттин, мурундун формасы өзгөртүлүүдө. Ал тургай булхорн деген процедураны жасоого да жол беришет. Бул – эриндин жээги (чийини) менен мурундун түбүнүн ортосундагы аралыкты кичирейтүү менен үстүңкү эринди тарттыруунун хирургиялык методу. Өзүм да медик болуп туруп мындай операцияларды жасабайм, анткени бул мыйзамсыз жана кооптуу. Кесепети өтө кейиштүү болушу мүмкүн.

Мындай борборлорго сулуу болгусу келип, бирок жакшы адиске барайын десе чөнтөгү жукалык кылган аялдар барат. Үнөмдөө ниетинде алар текшерилбеген же кайсы бир антисанитардык шарттарда чакан операцияларды жасатууга макул болушат. Көшөгөнүн бер жагында тырмак өгөөлөп, жанында кирпик чапташат. Мындай сулуулук студияларында инфекция жуктуруу гана кооптуу эмес. Кеп мындай шарттарда иштеген адамдардын көбүнесе медициналык билими жок. Аларга өз жүзүңүздү табыштоо – чоң тобокелдик.

"Ютубдан" көрүп үйрөнүп алып, адис болуп чыгып, кардардын бетине филлер сайган болбойт. Кеп бейтаптардын көбүнүн оору басаңдатуучу каражаттарга аллергиясы болору тобокелдүү.

Мен врачмын, анафилактикалык шок деген эмне, андайда ноокасты кайра жандандыруу кандай татаал экенин билем. Мындай учурда медициналык билими жок адамдар эмне кыларын элестете да албайм. Киши кушеткада жатып кете бериши, көпчүлүк ага эч кандай көмөк көрсөтө албай калышы ыктымал.

© Фото / Лолита БеловодскаяДерматовенеролог Татьяна Шамбадал
Косметологиядагы бир процедура азиз кылып коюшу мүмкүн. Дарыгердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Дерматовенеролог Татьяна Шамбадал

— Сизге кайрылган эң коркунучтуу учурлардан айтып берсеңиз.

— Көп учурда башка косметологдордун каталарын оңдоого туура келет. Кайсы бир маалда алар ушунчалык көбөйүп кетти, тим эле сабырым түгөнгөн! Өз ишин кантип ушунчалык начар аткарсын? Бирок кийин ушундай иштеген адистер турганда менин дайым бейтаптарым болорун түшүндүм.

Бразильянка Джессика Лима, живущая в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Көчөдөн кылчайып кайра карашат. Бишкектеги бразилиялык кыздын маеги
Айрым косметологдор филлерлерди туура эмес тандап, анын кесепетинен шишиктер пайда болот. Аларды кишинин эриндеринде элестетиңиз, үрөй учурган көрүнүш. Көпчүлүк препарат өтө терең же тескерисинче, тери тканынын үстүндө уюп калат, ошондон улам шишип калат... Андай көйгөйлөр менен кайрылган ноокастарды көрүп, аябай боорум ооруйт. Адам сулуураак болгусу келген, бирок процедуранын айынан түрү суук болуп калды. Пластикалык хирургдун ишин "оңдотуу" үчүн мага кайрылган учурлар да болгон. Бир кызга жамбашты чоңойтуу операциясын жасашкан экен, кай бир убакыттан кийин импланттар көрүнүп калат. Кайра операция жасаткысы келбептир, андыктан биз имплант аябай байкалып калган жерлерди "текшилөөнү" чечтик. Филлерлерди сайдык, жыйынтык мыкты чыкты.

Тилекке каршы, көп адамдар акнеден (безеткиден) көп азап чегишет. Бул көйгөйдүн себептери толтура, дарылоону кечеңдетпөө керек. Уулуңуз же кызыңыздын жүзүндө "тешиктер" пайда болгончо күтө бербеңиз, баланы жакшы адиске алпарыңыз. Эки-үч ай туура дарылоо жана тамактануудан кийин акнени унутууга болот.

— Инъекциялык косметология менен алектенесиз, бирок өзүңүздүн эриндериңиз "жасалбаптыр" го...

— Менин эриндеримде үч миллилитр филлер бар. Адамдын бетине көп "модификация" жасалышы ыктымал. Бирок алар меникиндей туура жүргүзүлсө, кандай процедуралар жасалса да, адамдарга байкалбайт.

— Желеде косметологдордун көп иштерин көрүп жүрөм, процедурага чейинкиси натыйжасына караганда дурусураак. Врачтар эмнеге бейтаптардын эриндерин чоңойтуу талаптарына көнүшөт? Кандайдыр эстетика болушу керек го...

— Бул чоң көйгөй. Ноокастардын жүзүн бузган косметологдор барган сайын көбөйүп барат. Алар эстетиканы сезишпейт, каржылык маселе да роль ойнойт. Бейтап канчалык чоң көлөмдү кааласа, адис ошончолук көп табат.

Бишкектик жаш ишкер Эмил Карыпов  - Sputnik Кыргызстан
Жерибизди кордоп жатасыңар деп айыпташкан. "Аска бизнесинин" ээси менен маек
Иште карманган эрежем бар: бир процедурага миллилитр препарат толтурулган бир гана шприцти колдоном. Андан көп сайганга болбойт. Зарыл учурда эриндерге кошумча көлөм берүү үчүн 15-20 күндөн кийин процедураны кайталашат.

Эгер менин ноокастарымды көрсөңүз, жүзүн жакшырткандарын байкабай деле каласыз. Мага табигый көрүнгөн жыйынтыктар жагат. Эриндерди сулуу жана жасалганы эч билинбегендей чоңойтууга болот. Бирок бейтаптар адистин колу тийгени байкалгыдай жыйынтыкты каалашат. Айрымдар эриндерге "ийне сайылганын" престиж катары көрүшөт.

© Sputnik / Табылды КадырбековДерматовенеролог Татьяна Шамбадал
Косметологиядагы бир процедура азиз кылып коюшу мүмкүн. Дарыгердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Дерматовенеролог Татьяна Шамбадал

— Кандай кызматтарды көп сурашат?

— Көйгөйлөр жаш куракка жараша. Жаштарды ысык менен безетки кыйнайт, улуураак бейтаптар гиперпигментация жана бырыштан арылгысы келет. "Сулуулук ийнелери" да кеңири колдонулат: бейтап бир жолу баш бакканда эле ээктин формасын өзгөртүп, кашты өйдөлөтүп, "эриндерди" чоңойтууга болот. Мага тек гана аял кишилер кайрылбайт, эркектер да ушундай эле өтүнүчтөр менен келишет.

Бир кызык көрүнүштү байкадым, ноокастарымдын көбү өздөрүнө зарыл кызмат үчүн келишпейт. Мисалы, аялдын чекесине карылыктын изиндей терең бырыш түшкөн. Туура тандалган процедуралар аны алда канча жаш көрсөтмөк, бирок ал эриндерин чоңойтууну самайт. Отуруп олуттуу сүйлөшүүгө туура келет. Албетте, бейтапка убактымдын көбүн коротом, бирок менин бөлмөмдөн ал жашарып чыгат.

Анткен менен косметологго барууга чыгынуунун анык бир курагы жок экенин белгилеп коюу керек. 60 жаштагы аял келип, кашын өйдө көтөрүп, эриндерин өзгөртүп, 20 жылга жаш көрүнгүсү келет. Тилекке каршы, бир нече ийне менен убакытты артка кайтара албайсың. Көйгөйдү хирург гана кескин түрдө чече алат, инъекциялык косметология скальпелдин натыйжасын бербейт.

— Таптакыр баш тарткан процедураларыңыз барбы?

— Россиядагы окуядан соң мурунду түздөө процедурасын жасабайм. Ал жакта бийкеч мурдунун формасын кичине өзгөрткүсү келиптир. Каалагандай натыйжасына жетүү үчүн косметолог ага филлер сайдырууга кеңеш берет. Бирок процедура маалында бир нерсе туура эмес кетсе керек… Бир нече секундадан кийин ноокастын көздөрү караңгылап, көрбөй калат. Андай жагдайга кайсы фактор алып келгенин билмейинче бул процедураны жасабайм. Өтө кооптуу жана болжолдуу кесепеттерине жоопкерчилик алууга мен макул боло албайм.

Первая онлайн свадьба в условиях ЧП в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: коронавирустан улам онлайн-той кылып үйлөнгөн түгөйдүн видеосу
Адамга зыян гана алып келчү дагы бир процедура бар — бишэктомия. Бул адамдын жүзүн тегиздөөчү пластикалык операция. Ал бет сөөктү "чийип", жаагын кичирейтип, беттин тегерегин түздөөгө мүмкүндүк берет. Биз шишиктерин алгандан 5-7 жылдан кийин жаактын ортосунда адамдын табиятына жат бырыштар пайда болот. Жаратылыштан берилгендей май тканы жок, ошондон улам тери анын ордуна воронкага куюлган сымал чогула баштайт.

© Фото / Лолита БеловодскаяДерматовенеролог Татьяна Шамбадал
Косметологиядагы бир процедура азиз кылып коюшу мүмкүн. Дарыгердин маеги - Sputnik Кыргызстан
Дерматовенеролог Татьяна Шамбадал

— Мода тышкы кебетени өзгөртүү боюнча процедураларга суроо-талапты таңуулап турат. Он жыл оболу баары Моника Беллуччиге окшошкулары келчү, ал эми бүгүн сулуулук эталону Кендалл Женнер болуп калды. Айрым сулуулук процедураларына анын ысымы да коюлган. Бирок мода эртеби-кечпи, өтөт. Ошондо америкалык моделдин миңдеген көчүрмөлөрү эмне кылышат?

— Ачыгын айтканда, инъекциялык косметологиянын эффекти бир нече жылга гана созулат. Кимдир бирөөлөр үчүн бул жакшы жаңылык, бирок башкалар жүзүнөн филлер такыр чыкпаса экен дешет. Каш лифтинги, эриндерди чоңойтуу же жаакты түздөө өңдүү процедуралар бир нече жылдан кийин жүзүңүздө из да калтырбайт.

— Косметологду тандоо боюнча окурмандарга кандай кеңеш берер элеңиз?

— Медициналык жогорку билими бар адистерди издеңиз. Анын кызмат көрсөтүүсү кымбат болсо да өз саламаттыгыңыз жана жүзүңүз үчүн көңүлүңүз ток болот. Анын билимин сурагандан тартынбаңыз. Эгер ал медициналык адистикти өздөштүргөн болсо, анда ага өз квалификациясын тастыктап берүү кыйын деле эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0