Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүБалдар аянтчасында кар. Архив
Балдар аянтчасында кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
21-декабрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас жана Баткендин кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп тайгак болот.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. 21-декабрь, дүйшөмбүдө, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден айрым учурларда 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көлдө -4...+1 градус, Талас жергесинде -3...+2, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1...+6 градус жылуу болсо, Нарын өрөөнүндө -9...-14 градус суук болору болжолдонду.

Бишкекте кыска убакытка кар жаап -1...-3 градус суук болсо, Ош шаарында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы +3...+5 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0