Мессенджердеги эски жазышууларды жаңы смартфонго көчүрүүнүн жолу айтылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКиши смартфон кармап турат. Архив
Киши смартфон кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис маалыматтарды көчүрүү анын көлөмүнө жараша бир нече мүнөткө чейин созуларын айткан. Бул процессти колдонуучу башка жакка кайрылбастан өзү кылса болот.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Мессенджердеги эски чатты жаңы смартфонго көчүрүүнүн жөнөкөй жолу тууралуу "Прайм" агенттигине Telecom daily маалыматтык-аналитикалык борборунун директору Денис Кусков айтып берди.

Адис билдиргендей, эгерде эски гаджеттин оңдоп-түзөө бөлүмүндөгү "маалыматтарды күн сайын активдештирүү" деген жери мурда-кийин басылган болбосо, аны жазышууларды көчүрүү маалында иштетип койсо болот. Бул аркылуу колдонуучу бардык маалыматтарды, контентти жана сүрөттөрдү "булут" (облака) деген жерге өткөрүп, кийин көчүрүп ала алат.

Жаңы смартфонго керектүү нерселерди өткөрүүдө башында аккаунтту ачып жатканда көрсөткөн телефон номер аркылуу авторизация кылынат.

Кусков кошумчалагандай, маалыматтардын көлөмүнө жараша процесс бир нече мүнөткө чейин созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0