Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

Кеминде окуучу кыз апасы кордолгонун айтып Камчыбек Ташиевге кайрылды

(жаңыланган 14:46 21.12.2020)
Окуучу кыз апасы мектепте мугалим болуп иштей турганын жана мекетеп жетекчилиги апасына кордук көрсөтүп жатканын айткан.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кемин районундагы Жалил Садыков атындагы орто мектепте билим алган 9 жашар кыз Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, жардам сурады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, УКМКнын төрагасы окуучу кыздын кайрылуусунун негизинде аталган мектепти текшерип чыгуу боюнча тапшырма берген.

"Учурда кайрылууда айтылган бардык жагдайлар, анын ичинде кыздын үй-бүлөсүнүн материалдык абалы боюнча ар тараптуу текшерүү башталды. Анын жыйынтыгы менен тийиштүү чаралар көрүлүп, үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүү маселеси каралат", — деп билдиришти УКМКдан.

Окуучу кыздын УКМК төрагасына кайрылган видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Анда ал апасы мектепте мугалим болуп иштээрин, материалдык жактан кыйналып жатканын, мектеп жетекчилери апасын кордоп жүргөнүн айтып жардам сураган.

Ал эми Билим берүү министрлиги буга чейин аталган мектептен эч кандай кайрылуу түшпөгөнүн, окуя эми иликтенерин кошумчалады.

Белгилер:
УКМК, окуучу, кайрылуу, Кемин
Тема боюнча
Байтиктеги ууланган балдар. Мектеп жетекчилиги менен кызматкерлер айыпка жыгылды
Душ кабинасы. Архив

Бишкектеги турак жайлардын көпчүлүгүндө 4 күн бою ысык суу болбойт

(жаңыланган 14:54 19.04.2021)
Маалыматка караганда, жылуулук тармактарына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн даярдык иштери аткарылат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкектин жеке секторлорунда 21-24-апрель аралыгында ысык суу өчүрүлөт. Кеп "Бишкек жылуулук тармагына" кошулган үйлөр жөнүндө болуп жатканын муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, жылуулук тармактарына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн даярдык иштери аткарылат.

"Ысык суу жеке секторлордо гана өчүрүлөт. Көп кабаттуу үйлөргө тиешеси жок", — дешти ишканадан.

Ысык сууга жеке сектордогу көптөгөн турак үйлөр кошулганы белгиленип, алардын бардыгында тең суу өчүрүлөрү эскертилди.

Белгилер:
ысык суу, үй, Бишкек
Тема боюнча
Эртең Бишкектин кээ бир жерлеринде муздак суу өчөт. Тизме
Жаан-чачындуу болот. Келерки аптанын аба ырайы
Бишкекте Абхазиядан алып келинген автоунаалардын ээлери нааразычылык акциясына чыгышты

Бишкектин борбордук аянтында кайрадан митинг өтүүдө. Видео

(жаңыланган 14:33 19.04.2021)
Өкмөт үйүнүн жанында 100дөй киши чогулган. Алар Кыргызстанга Абхазия өлкөсүнөн келген унааларды мыйзамдаштырууну талап кылышууда.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкекте Абхазиядан алып келинген автоунаалардын ээлери нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Өкмөт үйүнүн жанында 100дөй киши чогулган. Алар адегенде бир убакта сигнал басып, Садыр Жапаровдун жолугушууга чыгышын талап кылышкан. Милиция ызы-чуу чыгарууга жол берилбей турганын айткандан кийин чогулгандар Өкмөт үйүнүн парад өтүүчү жагына барышкан.

Нааразычылыкка чыккандар Кыргызстанга ташылып келинген абхазиялык номер тагылган автоунааларды мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышты. Алардын алдына өкмөттүн өкүлү чыгып, көйгөйдү чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

Абхазиядан алынган унааларга байланыштуу чуу

Кыргызстанда Абхазиядан алынган унааларды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Себеби мындай унаалар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен алып келинген. Болжол менен онго жакын машина айып короого токтотулган.
Мындан улам Ала-Тоо аянтында жана өкмөт үйүнүн алдында Абхазиянын номери тагылган унаалардын ээлери митингге чыгышты. Алар Республикага буга чейин кирип кеткен автолорду мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышууда. Айдоочулар буга чейин эскертүү берилбегенин билдирип, нааразы болушту. Митингчилер унааларын насыяга алгандар бар экенин, айрымдары такси айдап үй-бүлөсүн багарын айтышты.

Өткөн аптада Экономика жана финансы министрлиги абхазиялык номер тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн экенин эскерткен

Белгилер:
талап, унаа, номер, Абхазия, митинг
Тема боюнча
Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн