Бишкектин бир катар аймактарында жарык өчөт. График

© AFP / JUAN BARRETOКолунда фонарь бар киши электр панелин текшерип жатат. Архив
Колунда фонарь бар киши электр панелин текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул күнү адистер трансформатор жана электр зымдарын текшерип, оңдой турганы айтылды. Оңдоо иштери саат 18.00гө чейин жүрөт.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. 22-декабрда, шаршемби күнү, Бишкектин бир катар аймактарында жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы кабарлады.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 10:00дөн 13:00гө чейин —Месарош, Ильменский, Серпуховский, Сельсоветский көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Арча-Бешик (Айылчиев, Кара-Коо, Он-Арча көчөлөрү) конушу, Кара-Балта, Харьковск, Фучик, Ленский көчөлөрүнүн бир бөлүгү.
Жаңылыктар түрмөгү
0