УКМКнын ардагери, отставкадагы полковник Чоро Мураталиев

Өлкө коопсуздугу, тыңчы, 32 жашта агарган чач. УКМК ардагери Мураталиев менен маек

708
(жаңыланган 18:41 21.12.2020)
Көпчүлүк аки-чүкүсүн биле бербеген, көп байкай бербеген, бирок ошол эле маалда аталышы менен сестентип турган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин түптөлүшү тууралуу материал сунушталып турган чагы.

Кечээ, 20-декабрда, чекисттер кесиптик майрамын белгиледи. Колумнист Алмаз Батилов УКМКнын ардагери, отставкадагы полковник Чоро Мураталиев менен маек курган. Белгилей кетсек, Мураталиев даңазалуу генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун шакирти жана үзөңгүлөшү.

Мамлекеттин коопсуздугу үчүн жоопкер кызматтын иши көпчүлүккө ачыктала бербейт. Кызыгуубуз ушунчалык күч болсо да маектешибиздин айтылбаган көп эле сыры калды.

Военная делегация КНР находится с официальным визитом в городе Фрунзе, Кыргызстан. 1958 г
© Фото / ЦГА КФФД КР / Борисов
Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын аскердик делегациясы расмий иш сапар менен келген учур. Фрунзе шаары. 1958-жыл

— Майрамыңыз кут болсун! Коопсуздук комитетине карай жолуңуз кандай болду?

— Рахмат. Комитетке жолум советтик армиядан башталды. 1960-1963-жылдары Өзбекстандын Сурхан-Дарыя облусундагы СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (МКК) курамындагы чек ара кызматында аскердик кызматымды өтөдүм. Армия көп нерсени үйрөттү. Эң башкысы — Ата Мекендин коопсуздугу чек арадан башталарын көрдүм. Армиядан кетип жатканда Алма-Ата шаарындагы Феликс Дзержинский атындагы жогорку командачылык чек ара училищесине жолдомо беришти. Бирок үй-бүлөлүк шартка байланыштуу андан баш тарттым. Андан кийин бир жыл Красноярск аймагындагы Ачинск шаарында курулушта эмгектендим. Рыбачье калаасындагы Ысык-Көл районунун комсомол уюмунда инструктор болуп иштедим. 1968-жылы алгачкы ирет Кыргыз ССРинин МККнын төрагасы генерал-майор Жумабек Асанкулов менен тааныштым. 1969-жылы СССРдин МККнын катарына өттүм. Ал жактан МККнын Ат-Башы райондук бөлүмүнө жиберишти. Ошол эле жылы КМУнун юридикалык факультетинин сырткы бөлүмүндө окуй баштадым.

Китайские журналисты находятся с официальным визитом в Кыргызстане. Иссык-Кульская область 1956 г
© Фото / ЦГА КФФД КР / Борисов
Кытай Эл Республикасынын журналисттеринин Кыргызстанга расмий иш сапар менен келген учур. Ысык-Көл облусу. 1956-жыл

— Ат-Башы Кытай менен чектеш эмеспи. Бул держава менен Советтер Союзунун мамилеси курчуй баштаганда иштей баштаган турбайсызбы?

— Ооба. 1949-жылы Кытайда коммунисттик партия үстөмдүгүн орноткон. Бул державанын лидери Мао Цзедун Москва менен Пекиндин ортосунда түбөлүк достук карым-катнаш болот деп ишендирген үчүн Советтер Союзунун жетекчилиги 1950-жылдардын башында Кыргыз ССРинин МККнын чалгындоо бөлүмүн жоюп салган. Тилекке каршы, 1960-жылы ар түрдүү себептердин негизинде эки державанын ортосундагы мамиле кескин бузула баштады. Ошондон улам республикабыздын МККсынын төрагасы Жумабек Асанкулов мурда жоюлган чалгындоо бөлүмүн кайрадан калыбына келтирген. Ал аябай көрөгөч жетекчи эле. Ошол учурда советтик чалгынчылар кандай шартта иштегени жөнүндө Кыргыз ССРинин МККнын ардагери маркум Токон Усубакунов “Вечерний Бишкек” гезитине берген маегинде абдан таамай айткан. Ал Кытай менен мамиле кескин бузулганда советтик чалгындоо кызматы тыңчыларды даярдоо процессин нөлдөн баштаганын баса белгилеген. Токон Усубалиевич тыңчыларды совет-кытай чек арасынан өткөрүү үчүн ар түрдүү амалдар пайдаланылганын айтып берди эле. Буга чейин ал 1944-1946-жылдары “Батыр” аттуу отрядынын курамында болуп, Мао Цзедундун душмандары Синьцзянды гоминданчылардан бошотконго катышкан.

Оролбек Мааткеримов с внуками. Каракол. 9 мая 2000 г
© Фото / Иссык-Кульский областной государственный архив
Оролбек Мааткеримов небелери менен. Каракол шаары. 2000-жыл,9-май

— Коопсуздук системасында иштеген кызматкер калк менен тыгыз иштеши керек да?

— Албетте. Мен бөлүнгөн Ат-Башы райондук бөлүмдүн курамында бөлүм башчы Рыскул Сыдыков, эки улук оперативдик кызматкерлер Алымкул Масиев жана Оролбек Мааткеримов бар экен. Бир аз убакыттан кийин мени Киев шаарындагы беш айлык курска жиберишти. Ат-Башы чөлкөмү Кытай менен чек аралаш болгондуктан, биз бул мамлекеттин чалгындоо кызматына каршы аймактын айрым тургундары менен тыгыз байланышта болуп, тымызын иш алып бардык. Мага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери капитан Оролбек Мааткеримов калктын арасында чалгын иштерин кандай нукта жүргүзүү керектигин абдан кылдаттык менен үйрөттү. Анын үстүнө 1930-жылдары ушул райондун айрым жашоочулары коллективизациядан качып, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном округунун Ак-Чий менен Тойун ооданына көчүшкөн экен. 1949-жылы октябрь айында бул малчылар кайра Ат-Башыга качып, отурукташат. Алардын арасындагы зиректүүлөрүнөн бул коңшу мамлекет тууралуу ар түрдүү багыттагы маалыматтарды алдык. Бул райондун чек арасы Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном округу менен 200 чакырымга созулат. Ошого карабастан чек араны жергиликтүү калктын жардамы менен көзөмөлдөгөнгө жетишчүбүз. Ат-Башы районунда бир жыл тогуз ай иштедим.

Ветеран ГКНБ, полковник в отставке Чоро Мураталиев
© Фото / из личного архива Чоро Мураталиева
УКМКнын ардагери, отставкадагы полковник Чоро Мураталиев

— Андан кийин комитет кеңейген турбайбы?

— 1971-жылы Нарын облусу түзүлүп, Кыргыз ССРинин МККнын башкармалыгы түптөлүп, чалгындоо бөлүмчөсүнө которулдум. Ал жерден ишимдин жыйынтыгы боюнча 1974-жылы Советтер Союзунун атайын кызматынын төрагасы Юрий Андропов кол койгон грамота менен сыйландым. Азыркы күндө да жогоруда айтылган грамота чекисттердин арасында абдан кадыр-барктуу.

1975-жылы КМУнун юридикалык факультетин бүтүрдүм. 1976-1978 жылдары Москва шаарындагы СССРдин МККнын Феликс Дзержинский атындагы жогорку мектебин ийгиликтүү аяктадым. Ал жерден француз тилин үйрөндүм. Ошол эле убакта Жумабек Асанкулович менен такай кабарлашып турдум. Ал киши иш боюнча көп кеңештерин берди.

Члены советской делегации у дворца королевы Китая Ци Синь в Пекине. 1949 г
© Фото / ЦГА КФФД КР
СССРдин делегациясынын мүчөлөрү Кытайдын падыша айымы Ци Сынын хан сарайынын жанында. Пекин. 1949-жыл

— Билинбеген менен адамга тынчтык бербеген, аябай көп күчтү талап кылган жумуш...

— Чалгынчылардын иши жип чубаганга окшоп кетет. Бул кесипте чыгармачылык абдан керек. Күнү-түнү акырындык менен стратегиялык багыттагы маалымат чогултуу зарыл. Бул маалымат ар түрдүү булактардан топтолот. Ар бир чалгынчынын беш же алты тыңчысы болот. Алар сага толугу менен ишениш керек. Бул принцип — чалгын кызматынын негизги өбөлгөсү. Белгилей кетчү жагдай, көпчүлүк тыңчылар акча же башка материалдык кызыкчылык үчүн эмес, идея үчүн иштейт. Андан кийин алардын тапкан маалыматын терең талдоо зарыл. Ошентип бардык маалымат борборго жиберилет. Чалгын кызматынын парзы — өлкө жетекчилигин үзгүлтүксүз аналитикалык маалымат менен камсыздоо. Айрым учурда тыңчыңа тапшырма берип жибересиң, ага сарсанаа болуп уктабай күтөсүң. 32 жашымда чачыма ак кире баштады. Көпчүлүк учурда көркөм тасмаларда чалгынчылар бири-бири менен мушташып же атышып жатпайбы. Иш жүзүндө андай эмес. Чет элдик кесиптештериң менен амалкөйлүк боюнча жарышасың. Жыйынтыгында эң куусу, амалдуусу, акылдуусу жеңет. Бирок бир операцияны жүргүзүш үчүн бир нече жыл жана аябагандай көп күч кетет.

Встреча с личным составом ГКНБ КР посвященный к 92-летию генерал-лейтенанта Жумабека Асанкулова (Чоро Мураталиев справа седьмой) 20 февраля 2019 г
© Фото / из личного архива Чоро Мураталиева
Генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун 92 ​​жылдыгына арналган Кыргыз Республикасынын УКМК өздүк курамы менен жолугушуу. 20 февраль, 2019-жыл

Кыргыз ССРинин МККнын төрагасы генерал-майор Николай Ломов, полковник Эрик Чинетов менен иштешкениме тагдырыма ыраазымын. Николай Петрович Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда партизандык отрядда шифровальщик болуптур. Ошон үчүн чалгын кызматын ийне-жибине чейин билчү. Ал эми Эрик Чинетовичти кол астында иштегендер “Батя” деп айтышчу. Баарыбызга атадай мамиле кылчу. Бүгүнкү күндө да анын чалгын багытындагы өткөргөн иш-чаралары мамлекеттик сыр. Чинетов чек арадагы жетүүгө кыйын участкаларын тыкыр изилдеп чыккан.

Кызматтык тепкичтердин баарын басып өтүп, 1991-жылы апрель айында республикабыздын МККнын төрагасы генерал Асанкуловдун орун басары болдум. Ошол эле жылдын аягында отставкага кеттим. Андан кийин Жумабек Асанкулович жана анын башка үзөңгүлөштөрү менен эгемен Кыргызстандын аскердик чалгын кызматынын пайдубалын түптөгөнгө катыштым.

708
Белгилер:
анализ, маалымат, армия, чек ара, атайын кызматтар, УКМК
Тема боюнча
Енисейди бойлой Барсбектин мүрзөсүн издегенде... Юлий Худяков менен маек
Согуш токтойт деген үмүт акталбай калды... Афган согушунун эстен кеткис ирмемдери
Кишенчен киши. Архив

Бизнесмен Жалил Атамбаев кармалып, камакка алынды

390
(жаңыланган 19:15 03.03.2021)
Шектүү мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз негизде байыган деп УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.

"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

390
Белгилер:
бизнесмен, камак, мыйзамсыз, Жалил Атамбаев
Тема боюнча
Жеке клиниканын башкы дарыгери Матраимовдун абалы начар экенин айтты
УКМК ЖК депутаты Абжалиевди мыйзамсыз байыган деп иш козгоду
Ооруканадагы дарыгер. Архив

Жеке клиниканын башкы дарыгери Матраимовдун абалы начар экенин айтты

171
(жаңыланган 18:37 03.03.2021)
Матраимов УКМКнын тергөө абагынан жеке клиникага качан которулганы айтылган жок. Атайын кызмат бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкектеги кардиологиялык жеке клиникалардын биринин башкы дарыгери Дамир Осмонов Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун саламаттыгы боюнча маалымат берди.

"Бейтаптын кан басымы кооптуу чекке жеткен абалда келди. Азыр дагы улам өзгөрүп жатат. Абалы туруктуу эмес. Чукул арада ден соолугун текшерүү керек, биринчи кезекте коронарографиядан жана бөйрөк артериясы боюнча текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Анын абалы толук турукташканча медициналык көзөмөлдө болот", — деди Осмонов.

Матраимов УКМКнын тергөө абагынан жеке клиникага качан которулганы айтылган жок. Атайын кызмат бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары буга чейин артериялык кан басымы жогорулап жатканын айтып даттанган. 

Эскерте кетсек, Матраимов экинчи ирет 18-февралда кармалып, эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

171
Белгилер:
абал, клиника, Райымбек Матраимов, Кыргызстан
Тема боюнча
Абактагы Райым Матраимов кан басымы көтөрүлүп жатканын айтты
Кыргыз опера өнөрүндөгү өзгөчө үндүү тенор, СССРдин эл артисти, профессор Токтоналы Сейталиев. Архив

Ит-мышык менен коюндашып жетим өскөн. Легендага айланган Сейталиев тууралуу 9 факты

0
(жаңыланган 20:05 03.03.2021)
Быйыл кыргыз маданияты жана опера искусствосу оор жоготууга учурады. Республикада опера ырчыларынын арасында экинин бири аталган, алтын көмөкөйлүү ырчы Токтоналы Сейталиев көз жумду.

Убагында Сейталиевдин талантына суктанган дүйнөлүк маданияттын дөө-шаалары аны булбулга теңешкен. Жакынкы өлкөлөр гана эмес, алыскы Швейцария өңдүү мамлекеттерден да иштөөгө чакыруулар түшкөн.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз опера өнөрүндөгү өзгөчө үндүү тенор, СССРдин эл артисти, профессор Токтоналы Сейталиевдин өмүрүндөгү урунттуу учурларга токтолду.

Өмүр баяны. 1937-жылы Чүй облусунун Панфилов районунун Жайылма айылында карапайым колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Эмгек жолун колхоздо иштеп баштап, 1956-1957-жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын алдындагы бир жылдык опера жана хор студиясын аяктаган. 1957-1962-жылдары № 15 Фрунзе жумушчу жаштардын кечки мектебинде окуу менен бирге хор артисти болуп иштеп жүрүп, 1960-жылы окууну аяктаган. Андан кийин 1962-1969-жылдары Курмангазы атындагы Мамлекеттик искусство институтунун (Алма-Ата шаары, Казак ССРи) вокал факультетин бүтүргөн (азыркы Курмангазы атындагы Казак мамлекеттик консерваториясы). Казакстанга окууга кетип жатканда ошол кездеги маданият министри Күлипа Кондучалова "кайра келесиң, калып калба" деп айткан экен.

Алматыдагы консерваториянын профессору, Казакстандын эл артисти Бекен Жилисбаев Сейталиевди бир көргөндө эле "ой, бул алтын үндүү ырчы турбайбы. Сейталиев консерваторияга булбул болуп келди, булбул болуп кайра кетти. Мен аны бузган жокмун, калганы өзүнүкү" деп айткан жайы бар. 1969-жылы Казакстандан кайтып келгенден кийин Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында солист болуп эмгектенген. 1969-2013-жылдар ичинде операнын солисти, алдыңкы сахна чебери, Кыргыз опера жана балет театрында вокал боюнча мастер-класстын жетекчиси болгон. 1995-2015-жылдар аралыгында Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын жеке ырдоо классында иштеген.

 Народный артист СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова, профессор Токтоналы Сейталиев с супругой. Архивное фото
© Фото / из семейного архива Сейталиевых
Народный артист СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова, профессор Токтоналы Сейталиев

Ит-мышык менен коюндаш өткөн жетимчилик. Токтоналы Сейталиевдин бала чагы абдан оор болгон. Белгилүү ырчы Токтобек Асаналиевдин айтымында, Сейталиев 7-8 жашында эле томолой жетим калып, бир туугандары да жок, жалгыздыктын азабын жакшы эле тартыптыр.

"Токтанаалы Сейталиевич аксакалды кыргыздын жүзү, кыргыз ырчыларынын атасы десек болот. Бул кишинин тагдыры, басып өткөн жолу өтө кейиштүү, экинчи жагынан өкүнүчтүү окуялар менен да коштолот. Негизинен апасы көп бала төрөгөнү менен арасынан эр жетип чоңойгону жалгыз Сейталиев болгон экен. Бала кезинде ата-энеси эки кулагына сөйкө тагып, мурдун да көзөп аман-эсен жүрсүн деп ырымдашат. Кичине кезинен көзү да жакшы көрчү эмес экен.

"Апам менен атам өлүп, үйдө жалгыз калдым. Кенедей кепе, үй ичинде эч кандай оокат жок. Болгону эки ит жана бир-эки мышык бар. Төшөнчү да жок, самандын үстүнө жатып уктап калам. Эки итим болсо эки жагыма, мышыктар төшүмө жатып алчу. Ошентип ит-мышык менен чогуу чоңойгом. Эртең менен мен турган кезде алар да туруп кетчү", — деп айтып калчу байкуш киши. Бирок деги бир суук тийип, оорубаптыр. Анын башынан өткөнүн айтып отурса, уккан адам ыйлачу", — деди Асаналиев.

Токтоналы Сейталиев негизинен чечен улутун жакшы көрчү экен. Анткени чечендер анын жону катуу жокчулук коштогон, ичсе тамакка, кийсе кийимге жетпей жүргөн бала чагында көп жолу тамак-ашын берип, каралашыптыр. "Токтоналы ага бир аз эс тартканда айылына келген чечендер менен иштешип калат. Аларга "араба түртүшүп жардам берип жүрчүмүн. Чечендер хор менен көп ырдачу. Анан өздөрүнүн ырларын өздөрү ырдай албай калар эле. Ырдап келип эле жогорку ноталарды ала турган жерине келгенде мени карап калышчу. Андан ары мен созуп кетчүмүн" деп көп эскерчү", — деди Асаналиев.

Окууга тапшыруусу. Жетимчилик, жокчулук менен жүрүп окууга өтүүгө жашы да өтүп калган маалда опера ырчыларына сынак болгонун угуп, капыстан эле опера дүйнөсүнүн босогосун аттап калат. "Бир күнү бир жерден опера-балет театрына таланттуу жаштарды алып жатканын угуп калып, "окууга кетип жатам" десе айылдаштары эптеп колдо болгон аппак материалдан көйнөк-дамбал тигип беришип, азык болсун деп чоң түйүнчөккө ун салып жөнөтүшөт. Анан ошол унду көтөрүп алып театрдын эшигинин алдына келсе, аппак дамбал кийген, кулак-пулагынын баары тешик, чачы-башы өскөн "немени" имараттын ичине киргизбей коюшат. Айла жок эшикте турса ошол экзамен ала тургандардын бири көрүп калып, келген себебин сурайт. "Ырчы болууну каалайм. Келсем, эшиктен киргизбей жатат" деп бул киши жөнүн айтса тиги киши киргизип коёт. Ошентип кезегин күтүп карап отурса, сынакка келгендер улам ырдап чыгып кетишет. Арасында кыйраткан деле эч кимиси жок. Бир маалда комиссия "эч ким калган жокпу? Баары ырдап бүтүштүбү, эми жыйынтыгын чыгаралы", — деп сураганда: "Мен бармын", — деп чыгат.

"Чакырганда унду бирөө көтөрүп кетчүдөй болуп, аны кошо алып кирдим, сахнада да капкара болгон рояль туруптур. Барып, анын үстүнө унду койсом эле "буф" этип бети-башымдын баары агала болуп эле жатып калдым. Анан өзүм айылда ырдап жүргөндөй эле бакырып-өкүрүп ырдасам баары оозун ачып калды. Ошентип өтүп кеткем. Кийин Сайра Кийизбаева жанына чакырып, кайдан болосуң деп сураштырып отуруп, ата-энем жогун да билди. Өмүрүмдө биринчи жолу адамдардан ошондо камкордук көргөм. Сайра Кийизбаева ата-энеси жок балдарга жардам берүүчү фонддорго жаздыртып, костюм-шым, кийим-кечемди алып беришип, жата турган жеримди да даярдап берди. Ошентип кудайдын барманы менен окуп калдым", — деп кеп кылчу", — деди Асаналиев.

Народный артист СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова, профессор Токтоналы Сейталиев
© Фото / пресс-служба МКИСиМП КР
Народный артист СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова, профессор Токтоналы Сейталиев

Чыгармачылыгы. Токтоналы Сейталиев 50 жылдык ишмердүүлүгүндө улуттук операнын ар кыл жана жогорку чеберчиликтеги татаал жана көп кырдуу образдардын бүтүндөй галереясын камтып, Вердинин "Дон Карлос", Пуччинин "Жанни Скикки" (Ринуччо), Доницеттинин "Любовный напиток" (Неморино), Бойтонун "Мефистофель" (Фауст), Гунонун "Фауст" (Фауст), Мусоргскийдин "Борис Годунов" (Юродивый), Вердинин "Риголетто" (Герцог), "Травиата" (Альфред) жана башка дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун опералык спектаклдеринде алдыңкы тенордук партияларын аткарган. 

Ал 1970-80-жылдары Азербайжан, Грузия, Латвия, Литва, Орто Азия жана Казакстан республикаларындагы жеке концертин активдүү коюп, советтик артисттердин концерттик бригадаларынын курамына кирип, Болгария, Польша, Сирия, Түркия, Алжир, Монголия, Швеция, Дания, Швейцария, Кипр, Иордания жана Японияга барган. Опералык ариялардан тышкары Сейталиевдин камералык репертуарына кыргыз жана орус композиторлорунун ырлары жана романстары кирген. Бойтонун "Мефистофель" операсын Асанкан Жумакматов Болот Миңжылкыев жана Токтонаалы Сейталиев үчүн койгон экен. 1984-жылы Москвада өткөн кыргыз маданиятынын күндөрү иш-чарасына Кыргызстандан "Мефистофель" операсын да алып барышат. Бул тууралуу Кыргыз эл артисти Сталбек Алмасбеков: "Москвадагы "Большой театрдын" залында алдыңкы катарда Болот Миңжылкыев менен австриялык жана советтик опера ырчысы Владимир Атлантов отурган болот. Ошондо Миңжылкыев Атлантовго тамашалап: "сен "до" нотасын алганда бир орундан кыймылдабайсың. Ал эми биздин Сейталиев "до" нотасын алганда бир колун өйдө көтөрүп алып сахнада басып жүрө берет" десе, Атлантов таарынып калат. Көп узабай сахнадан "Мефистофель" тартууланып Сейталиев "до" нотасын алып, сахнанын аркы башынан берки учуна чейин басып келди. Негизи мындайда басмак турсун, кыймылдай албай каласың. Эл укмуш кабыл алды. Жыйынтыгында дүйнөлүк маданият өкүлдөрү биздин өлкө тууралуу абдан жакшы ойдо калганын айтып, "Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлдеги эки опера ырчысы бар экен" деп, Миңжылкыев менен Сейталиевди белгилешкен", — деди телеге берген маегинде.

Алматы консерваториясында легендага айланганда. Мурда консерваториянын алдындагы эки жылдык даярдоо курсунда эле окуган Сейталиев профессионалдуу түрдө билим алуу үчүн Алматыга барып, атактуу опера ырчысы Бекен Жилисбаевдин классына кирип, ал кишинин колунда жети жыл сабак алган. Алар 1969-жылы окууну аяктаган алтын үндүү Сейталиевдин Казакстанда калып иштөөсүн суранышкан. Бирок улуу талант мекенине кайтып келе берген.

"Аскар Акаев президент болуп турганда Казакстандын камералык жана опера ырчысы Алибек Днишев келип, филармонияда концерт берди. Ошондо Токтоналы аке татынакай кийинип, кыпкызыл бабочкасын тагынып алып, бир кучак гүлүн көтөрүп сахнага чыгып куттуктаган. Аны көргөн Днишев: "Токтоналы Сейталиевич, азыркы убакка чейин Алма-Ата консерваториясында сиздин ырдаганыңыз, окууну кандай бүткөнүңүз легенда болуп айтылып жүрөт. Сиз окуп бүткөндөн кийин артыңыздан далай эле таланттар чыкты, бирок сиздей уламышка айланган бирөө да жок. Азыркыга чейин айтыласыз", — деп айткан", — деди Токтобек Асаналиев.

 Народный артист СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова, профессор Токтоналы Сейталиев с дочерью и супругой. Архивное фото
© Фото / из семейного архива Сейталиевых
Народный артист СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова, профессор Токтоналы Сейталиев

Тамашакөй адам. Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Кайымбек Кускаков жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде Сейталиевдин тамашакөйлүгүн эскерет.

"Театрда коллективдин ар кандай жыйындары өтүп турчу. Атын атабай эле коёюн, ошол кездеги маданият министри келип, жыйынга катышып калды. Чынын айтуу керек, өтө орой жана кекете сүйлөгөн адам экен. Аябай сүрүн көрсөттү. Бир кезде Токо (Токтоналы Сейталиев — ред.): "ай, ушу сенин үнүңдүн тембри аябай жакшы экен. Солист болуп бизге жумушка кирбейсиңби", — деди эле, театрдагы артисттердин баары "дуу" күлүп жиберишти. Отургандарды күлдүрүп, кайра заматта ыйлатып коё ала турган адам болчу. Өзүнүн 80 жылдыгында Током сахнада аябай жакшы сүйлөп, өткөн өмүрүнүн кызыктуу ирмемдерин айтып элди күлдүрүп, кайра "байкушум" деп байбичеси раматылык Гүланда (Гүланда Иманалиева — ред.) эжени эскерип, залда отургандарды ыйлатты", — деди Кускаков.

Үй-бүлөсү. Токтаналы Сейталиевдин чыгармачылыгынын ушундай бийик деңгээлге жетишине жубайы Гүланда Иманалиеванын ролу чоң болгон. Жолдошу Токтоналы Сейталиевдин аткарган ар бир партиясын жатка билгендигин үй-бүлөгө жакын адамдар айтышат. Консерваторияда Сейталиев вокалды окутса, жубайы маданияттан сабак берчү. Өмүрүнүн акыркы мезгилдеринде жубайы борбордогу атайын ооруканага жатып, катуу болуп калганда эле Токтоналы аганын да акыбалы начарлаганын кесиптештери эскеришет. Жубайы мындан үч жарым жыл мурда каза болгон. Эки талант эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүшкөн. Кызы Гүлмира Сейталиева Петр Чайковский атындагы Москва консерваториясын аяктайт. Кыргызстанда ага чейин аталган окуу жайды Айсулуу Токомбаева гана бүтүргөн. Азыр ал кызы Дубайда жашап, маданият чөйрөсүндө эмгектенет.

Сыйлыктары. Көп жылдык чыгармачыл ишмердигинде ал ардактуу жана илимий наамдар, мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктар, ошондой эле өкмөттүк сыйлыктарга татыган. 1995-жылы жеке ырдоо кафедрасынын профессору илимий наамы, Курмангазы атындагы Алматы мамлекеттик консерваториясынын ардактуу профессору, 1993-жылы Эл аралык "Алтын көпүрө" (Казакстан) сыйлыгынын лауреаты, Россия Федерациясынын Илим, жогорку билим берүү жана техникалык саясат министрлигинин Жогорку билим берүү комитетинин чечими менен ырдоо кафедрасында доценттин илимий наамы, 1972-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1974-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти, 1984-жылы СССРдин эл артисти ардактуу наамдары жана 1981-жылдагы концерттик программалары үчүн 1982-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

Каза болушу. Легендага айланган профессор Токтоналы Сейталиев узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

0
Белгилер:
ыр, театр, сахна, Токтобек Асаналиев, Болот Миңжылкыев, опера, Токтоналы Сейталиев
Тема боюнча
Атасыз балалык, автоунаа минбеген дирижёр. Асанкан Жумакматов тууралуу 5 факты
Атасы "маскарапоздун окуусу" деп жактырган эмес. Насыр Давлесов тууралуу 8 факты