Балбак Түлөбаев Бишкекке катализатору жок унааларды киргизбөөнү сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековМэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев. Архив
Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрдин милдетин аткаруучунун айтымында, автоунаалардын алдыңкы терезесине тийиштүү белгилерди чапташ керек.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жыйында Бишкекке катализатору жок унааларды киргизбөө сунушун берди.

"Катализатор боюнча айта турган болсок, унааларды техникалык кароодон өткөрүү керек деп эсептейм. Айдоочулар макул болбосо дагы бизде башка жол жок. Шаарды сактап калыш керек. Калаага кирген унааларды текшерип, катализатору жокторду киргизбеш керек. Себеби мындай унаалар Бишкекте ыштын пайда болушуна 20-30 пайыз салым кошуп жатат. Бир белгини таап, аны катализатору бар унаалардын алдыңкы терезесине чапташ керек", — деди Түлөбаев.

Ал бул маселе боюнча өкмөткө кайрылууну тапшырды.

"Эгер өкмөт тапшырма берсе, милиция менен биргеликте иш алып барабыз. Болбосо шаардык кеңештин чечими менен унаалардын катализатору бар-жогун текшерүү керек", — деди мэр.

Буга чейин көпчүлүк унааларда катализатору жок экени белгиленип жаткан. Кыргызстанда милдеттүү техникалык көзөмөл жокко чыгарылган, ал эми транспорттун экологияга зыяны боюнча масштабдык текшерүүлөр жүргүзүлбөйт.

Проблема с загрязнением воздуха в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги ыш. Артем Новиков ЖЭБди газга өткөрүүнү сунуштады
Суук түшөр замат Бишкекте ыш көйгөйү кайрадан курчуду. Кыргызгидромет дээрлик күн сайын абадагы зыяндуу бөлүкчөлөр көп болуп жатканын эскертүүдө.

Ал эми мэрия абанын булганышы былтыркыга салыштырмалуу быйыл 35-50 пайызга жогорулаганын моюндаган.

Абанын булганышы боюнча дүйнөлүк рейтингде Бишкек алдыңкы сапка чыкты. Калаа Кабул, Лахор жана Карачиден кийинки орунда эле турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0