Түшүндүргүлө. Сурабалдиева жашы жете электердин никеси боюнча маселени көтөрдү

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевВице-премьер Эльвира Сурабалдиева
Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер эл арасында жашы жете электерди никеге тургузууга жол бербөө боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштаган.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга муфтият менен биргеликте жашы жете электерди никеге тургузууга жол бербөө боюнча иш жүргүзүүнү сунуштайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта Сурабалдиеванын муну менен бирге эле калк арасында жашы жете электерди никеге тургузууга жол бербөө боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштаганы айтылды.

"Мындан тышкары, мамлекеттик органдарга Ысык-Көл облусунда 18 жашка чыга элек кыздын никеге туруусу боюнча окуяны териштирүү тапшырмасы берилди", — деп билдирген өкмөттүн маалымат кызматы.

Буга чейин Сурабалдиева Ысык-Көл облусунда өспүрүм кызы зордукталган эне менен жолугуп, бул ишти жеке көзөмөлүнө аларын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0