БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Диетолог Светлана Фус тамактануу рационуна брокколи кошууну сунуштап, анын артыкчылыгын жана кайсы оорулардан сактай турганын айтып берген. Адистин кеңештери РИА Новостиге жарыяланды.
Медиктин айтымында, брокколиде калорий аз жана ал пайдалуу заттарга бай. Эгер тез-тезден жеп турса, ал ичеги-карындын иштөөсүн жакшыртат.
"Бул жашылчанын курамында В9 витамини (фолий кычкылы), С витамини жана бета-каротин бар. Мындан сырткары, брокколи ичти катырбай, ичеги-карындын иштөөсүн жеңилдетет. Ошондой эле онкология ооруларынан да коргойт", — деп белгилеген адис.
Фус брокколини жана капустанын башка түрлөрүн калкан безинен жабыркап жүргөндөргө сунуштаган эмес.
Адис аталган жашылчаны чала бышырып жеш керектигин айтып, мындай учурда ал ашыкча салмактан арылтып, жаштыкты узартып, ден соолукту чыңдоого жардам бере турганын кошумчалаган.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.
Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.
Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жаңы оорукананын ачылыш аземине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов катышкан. Иш-чарада министр дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын белгилеген.
Ал эми вице-мэр Эмиль Шадыханов былтыркы жылдагы каталыктарды кетирбеш үчүн шаар мэриясы болгон күч аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жаткандыгын кошумчалаган.
100 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу бир жыл ичинде бүткөнү айтылды. Ал эми медициналык мекеменин эски имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү маалым болду.