Кыргызстан кайсы өлкөлөргө колдонулган буюмдарды экспорттойт

© Фото / Pixabay / JamesDeMersАялдардын көйнөктөрү менен гардероб. Архив
Аялдардын көйнөктөрү менен гардероб. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы жонунан 23,7 тонна эски кийимдер менен буюмдар сатылган. Товардын жалпы баасы 18,4 миң долларга бааланды.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстан 23,7 тонна кийим жана башка колдонулган буюмдарды экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Маалыматта буюмдарга эмнелер кирери көрсөтүлгөн эмес. Товардын жалпы баасы 18,4 миң долларга бааланды.

Эски кийимдер менен буюмдар кайсы өлкөлөргө сатылган:

  • Бельгия — 0,7;
  • Канада — 2,1;
  • Казакстан — 0,1;
  • Түштүк Корея — 0,1;
  • Литва — 1;
  • Пакистан — 0,1;
  • Россия — 18;
  • Швейцария — 0,3;
  • Улуу Британия — 0,3;
  • АКШ — 0,7;
  • Өзбекстан — 0,3.

Өткөн жылы ушул эле убакыт аралыгында 9,6 тонна буюм 19,1 миң долларга сатылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0