Өлкөнүн эң мыкты айыл өкмөтү сынагы

Өлкөнүн эң мыкты айыл өкмөтү деп Ала-Букадагы айыл аймагы табылды

262
(жаңыланган 18:35 22.12.2020)
Кыргызстанда мыкты деп табылган алты айыл өкмөткө берилген байгенин суммасы алты миллион сомду түздү.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Вице-премьер Равшанбек Сабиров жыл сайын өтүүчү "Эң мыкты айыл өкмөтү" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

  • Вице-премьер Равшанбек Сабиров жыл сайын өтүүчү Эң мыкты айыл өкмөтү сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады
    Вице-премьер Равшанбек Сабиров жыл сайын өтүүчү "Эң мыкты айыл өкмөтү" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • I орун — Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтү, байгеси 1,5 миллион сом
    I орун — Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтү, байгеси 1,5 миллион сом
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • II орун — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл өкмөтү, байгеси 1 миллион сом
    II орун — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл өкмөтү, байгеси 1 миллион сом
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • III орунда — Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтү, байгеси 500 миң сом
    III орунда — Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтү, байгеси 500 миң сом
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Иш-чаранын жүрүшүндө вице-премьер пандемия маалында айыл өкмөттөр чоң милдеттерди аткаргандыгын белгилеген
    Иш-чаранын жүрүшүндө вице-премьер пандемия маалында айыл өкмөттөр чоң милдеттерди аткаргандыгын белгилеген
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • I орун — Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айыл өкмөтү, байгеси 1,5 миллион сом
    I орун — Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айыл өкмөтү, байгеси 1,5 миллион сом
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • II орун — Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтү, байгеси 1 миллион сом
    II орун — Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтү, байгеси 1 миллион сом
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • III орун — Ош облусунун Араван районунун Алля-Анаров айыл өкмөтү, байгеси 500 миң сом
    III орун — Ош облусунун Араван районунун Алля-Анаров айыл өкмөтү, байгеси 500 миң сом
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 8
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Вице-премьер Равшанбек Сабиров жыл сайын өтүүчү "Эң мыкты айыл өкмөтү" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады

Иш-чаранын жүрүшүндө вице-премьер пандемия маалында айыл өкмөттөр чоң милдеттерди аткаргандыгын белгилеген.

Өлкө аймагы боюнча мыкты деп табылган алты айыл өкмөткө берилген байгенин суммасы алты миллион сомду түздү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2019-жылдагы иши эки топко бөлүнүп бааланган. Биринчисине шарты жакшы айыл өкмөттөр, экинчиге оор шарттагы айыл өкмөттөр кирет. Бул сынак жергиликтүү бийликтин ишине дем берүү максатында уюштурулуп келери айтылды.

Биринчи топтун жеңүүчүлөрү:

  • I орун — Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтү, байгеси 1,5 миллион сом;
  • II орун — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл өкмөтү, байгеси 1 миллион сом;
  • III орунда — Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтү, байгеси 500 миң сом;

Экинчи топтун жеңүүчүлөрү:

  • I орун — Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айыл өкмөтү, байгеси 1,5 миллион сом;
  • II орун — Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтү, байгеси 1 миллион сом;
  • III орун — Ош облусунун Араван районунун Алля-Анаров айыл өкмөтү, байгеси 500 миң сом.

Былтыр бул сыйлыктар кайсы айыл өкмөттөргө буюрганын бул шилтемеден окуй аласыздар.

262
Белгилер:
сыйлык, Ала-Бука району, сынак, айыл өкмөтү
Тема боюнча
Биринчи орунга 3 млн. сом! Кыргызстанда эң ыңгайлуу шаар аныкталып жатат
Катышчулар барбы? Бишкекте өлкөнүн мыкты жаачылары аныкталат
"Көл" тасмасы Голливуддун "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлүүдө
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт

144
(жаңыланган 23:26 28.02.2021)
Сегиз жаштагы бала соцтармак аркылуу президентке кайрылып, мектеп куруп берүүнү өтүнгөн. Алгач өлкө башчынын аны менен жолуга албай турганы айтылып, кийин видео аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болгон.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от turdushev (@bekbolotturduh)

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.

Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.

Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.

Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.

144
Белгилер:
Бекболот Турдушев, Садыр Жапаров, мектеп, президент, жолугушуу
Тема боюнча
Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт
 Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов. Архив

ЖК депутаты Алмазбек Акматов каза болду

234
(жаңыланган 23:51 28.02.2021)
Эл өкүлү узак убакыттан бери оору менен алышып келгени айтылды. Депутаттыкка чейин бир катар кызматтарды аркалаган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.

Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.

Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.

Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.

Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.

234
Белгилер:
оору, депутат, Алмаз Акматов
Тема боюнча
СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиев 84 жаш курагында дүйнө салды