Ош облусунда ок атуучу куралга уруксат берүү токтотулду

© Sputnik / Табылды КадырбековДень открытых дверей в бригаде спецназа "Пантера"
День открытых дверей в бригаде спецназа Пантера - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим президенттик шайлоо алдындагы өнөктүккө байланыштуу коомдук тартипти камсыздоо жана укук бузууларды болтурбоо максатында кабыл алынган.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Ош облусунун аймагында ок атуучу куралга уруксат берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо алдындагы өнөктүккө байланыштуу коомдук тартипти камсыздоо жана укук бузууларды болтурбоо максатында кабыл алынган.

"ИИМдин 11-декабрдагы буйругуна ылайык, Ош ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын лицензия берүү тобунун кызматкерлери жер-жерлердеги милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте каттоодо турган ок атуучу куралы бар жарандарды, жеке күзөт агенттиктерин жана жардыруучу заттарды сактаган мекемелерди текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бүгүнкү күнгө карата облус аймагындагы 552 мергенчиликти сүйүүчү, 61 өзүн-өзү коргоого багытталган куралдын ээлери, жети жеке күзөт агенттиги, эки жардыруучу заттарды сактаган мекеме жана эки курал сатуучу дүкөн текшерилди", — деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ок атуучу куралды сактоо эрежесин жана каттоо мөөнөтүн бузгандыгы үчүн 39 жаранга протокол түзүлгөн. Мындан сырткары, мыйзамсыз сакталган бир даана сайлуу ок атуучу курал алынып, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат.

"Шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан учурда коомдук тартипти камсыздоо жана укук бузууларды болтурбоо максатында Ош облусунун жарандарына ок атуучу куралды сатып алууга уруксат кагаздарын берүү 2020-жылдын 15-декабрынан тартып токтотулду. Ал эми ок атуучу куралды жана ок-дары сатуучу аңчылык дүкөндөр 2020-жылдын 20-декабрынан тартып ишин токтотту", — деп белгиледи маалымат кызматы.

Милиция мындай текшерүү өкмөттүн токтомуна ылайык жүргүзүлгөнү, куралды мыйзамдын чегинде пайдалануу, сактоо эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын, иш-чара 2020-жылдын 30-декабрына чейин жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0