Бир суткада 230 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап каза тапты

© AFP / SAI AUNG MAINСитуация в Мьянме из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Мьянме из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы учурда ооруканаларда 1 453 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 402 бейтап оор абалда болсо, 78 адамдын абалы өтө оор деп бааланды.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 230 кишиден коронавирус табылып, 261 бейтап айыкты. Тилекке каршы, оору эки адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 71;
  • Ош – 4;
  • Чүй облусу – 71;
  • Ош облусу – 24;
  • Талас облусу – 6;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 36;
  • Жалал-Абад облусу – 7;
  • Баткен облусу – 9.

Айыккандар:

  • Бишкек – 78;
  • Ош шаары – 12;
  • Чүй облусу – 63;
  • Ош облусу – 26;
  • Талас облусу – 6;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 39;
  • Жалал-Абад облусу – 9;
  • Баткен облусу – 24.

Бир сутка ичинде оору Бишкек менен Таластан эки адамдын өмүрүн алган.

Кыргыз-түрк Достук ооруканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия элчилиги: кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы пандемия аяктаары менен ачылат
Ушуну менен коронавирус жалпы 79 659 адамдан табылып, 73 561 бейтап дартты жеңди. Пандемия башталгандан бери КРде илдеттен 1 337 адам каза тапкан.

Азыркы учурда ооруканаларда 1 453 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 402 бейтап оор абалда болсо, 78 адамдын абалы өтө оор деп бааланды.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча беш медиктен коронавирус аныкталган. Анын ичинен экөө илдетти кызыл зонадан илештирип алганы айтылды. Кечээтен бери үч ак халатчан ооруну жеңип үйлөрүнө чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0