БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын прокуратурасы Ахунбаев көчөсүндөгү жалпы аянты 0,85 гектар болгон жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка караганда, аталган жер 2009-жылы Бишкек мэриясынын токтому менен маданий жана ден соолук чыңдоочу комплекс куруу үчүн ЖЧКга 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилген.
"Бирок ЖЧК аталган токтомдогу түзүлгөн келишимдин талаптарын одоно бузуп, жер тилкени бүгүнкү күнгө чейин өздөштүргөн эмес. Ал эми аталган ЖЧКнын жер пайдалануу боюнча карызы 2011-жылдан бери 2 миллион 185 миң 560 сомду түзгөн", — деп жазылат маалыматта.
Прокуратурадан билдиришкендей, ушул жылы ижарага берилген жер тилкелерине байланыштуу 18 мыйзам бузуу аныкталган.
Жер тилкелерин ижарага алгандар жерди иштетүүдөн эмес, пайдалануу укуктарын үчүнчү жактарга сатуу жолу менен пайда көрүүнү көздөшкөн.
2020-жылы келтирилген прокурордук актыларынын жыйынтыгы менен мамлекетке 8 миллион 247 миң 936 сом акчалай түрүндө жана 45 068 357 сомго бааланган 5 жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылганы айтылды.