КРде соттолгон-соттолбогону тууралуу тактаманы кайдан алууга болот. Даректер

© Фото / пресс-служба ГНС КРЗаполнение единой налоговой декларации
Заполнение единой налоговой декларации - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурда-кийин кылмыш жоопкерчилигине тартылган же тартылган эмес деген документти облустун бардык аймагынан акы төлөп да, бекер да алса болот.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. ИИМдин маалымат кызматы өлкө аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылбагандыгы жана соттолбогондугу жөнүндө тактаманы кайдан алса болорун айтып берди.

Жарандар тактамаларды акы төлөп же бекер ички иштер органдарынын "бирдиктүү терезе" режиминде мамлекеттик кызмат көрсөткөн борборлордон алса болот:

  • Чүй облусу, Бишкек шаары — Курманжан датка көчөсү, №115 (Чүй ОИИББдин имараты);
  • Жалал-Абад облусу — Жалал-Абад шаары, Шопоков көчөсү, №37;
  • Ош облусу — Ош шаары, Ленин көчөсү, №199;
  • Баткен облусу — Баткен шаары, Раззаков көчөсү, №4;
  • Нарын облусу — Нарын шаары, Ленин көчөсү, №27;
  • Ысык-Көл облусу — Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү, №146 а;
  • Талас облусу — Талас шаары, Турдалиев көчөсү, №191.

Мындан тышкары, жарандардын шартына карап ар бир облуста мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн пунктулар ачылган. Алар ички иштер органдарынын имараттарында жайгашкан:

  • Чүй облусу — Жайыл районунун жана Токмок шаарынын ИИБинде;
  • Жалал-Абад облусу — Ала-Бука жана Токтогул РИИБде, Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаардык ИИБде,
  • Ош облусу — Алай, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн РИИБде;
  • Баткен облусу — Кызыл-Кыя жана Сүлүктү ШИИБде, Кадамжай жана Лейлек РИИБде;
  • Нарын облусу — Кочкор, Ак-Талаа, Ат-башы РИИБде;
  • Ысык-Көл облусу — Балыкчы ШИИБи, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Тоң РИИБде;
  • Талас облусу — Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата РИИБинде.

Акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы:

  • 3 күн ичинде берилсе — 86 сом;
  • 1 күн ичинде берилсе — 191 сом.
  • Бекер берилсе 7 күндүн ичинде даяр болот.

Автомобильное движение в городе Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жол коопсуздугу боюнча жаңы комиссия түзүлдү. Курамы
Справканы алуу үчүн жаран өзүнүн жеке идентификациялык номерин акы төлөй турган терминалга киргизиши керек, анын негизинде гана арыз автоматтык түрдө кабыл алынат.

"Бирдиктүү терезе " режиминде мамлекеттик кызмат көрсөткөн борборлордон жана пунктулардан даяр маалым кат алуу үчүн өздүгүн тактай турган домументтерди көрсөтүү керек.

Андан сырткары, жарандар https://portal.tunduk.kg мамлекеттик электрондук порталына тактамаларды алуу үчүн арыздарын берсе болот.

Маалымат алуу үчүн телефондор: +996 312 369417, +996 312 369418.

Жаңылыктар түрмөгү
0