Бишкектин Чүй проспектисиндеги унаалар. Архив

"Унаа" ишканасынын кызматтары 1-январдан тарта арзандайт. Жаңы тариф

2993
(жаңыланган 13:53 23.12.2020)
Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ортого аралашкандыктан баалар төмөндөмөй болду. Мамкаттоо жаңы прейскурантты жарыялады.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемеси 2021-жылдын 1-январынан тарта акы төлөнүүчү кызматтардын баасын орто эсеп менен 34 пайызга төмөндөтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Новые тарифы платных услуг ГУ Унаа
© Фото / пресс-служба ГРС
Новые тарифы платных услуг ГУ "Унаа"

Буга чейин Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги "Унаадагы" тарифтер төмөндөгөнүн кабарлаган. Ошондой эле мекеме мыйзамдарды бузгандыгы үчүн агенттик алардан 130 миллион сом төлөттүрүп алмай болгон.

Кызмат көрсөтүүлөр:

  • Автотранспорт каражатын кароо, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, тейлеген бөлүмдүн аймагында орнотуу жана жабдуу;
  • Автотранспорт каражатын кароо, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, жерине баруу менен орнотуу жана жабдуу;
  • Өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, түзүлүштөр жана жабдуулар боюнча электрондук маалыматтар базасын жүргүзүү;
  • Машиналарды мамлекеттик каттоо белгилери менен камсыздоо;
  • Өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды мамлекеттик каттоо белгилери менен камсыздоо;
  • Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, мамлекеттик каттоо белгилерин берүү менен тракторлорго, трактордук чиркегичтерге, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга менчик укугун каттоо (кайра каттоо);
  • Автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочунун күбөлүгүн берүү жана каттоо;
  • Өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү жана каттоо;
  • Транспорттук каражаттар жана айдоочунун күбөлүгү тууралуу маалыматты берүү.

Учурдагы прейскурант 2019-жылдын май айында бекитилген болчу.

2993
Белгилер:
баа, "Унаа" мамлекеттик ишканасы, Мамлекеттик каттоо кызматы
Тема боюнча
"Унаа" ишканасынын кызматы үч эсе арзандады. Чечим качан күчүнө кирет
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт

140
(жаңыланган 23:26 28.02.2021)
Сегиз жаштагы бала соцтармак аркылуу президентке кайрылып, мектеп куруп берүүнү өтүнгөн. Алгач өлкө башчынын аны менен жолуга албай турганы айтылып, кийин видео аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болгон.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от turdushev (@bekbolotturduh)

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.

Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.

Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.

Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.

140
Белгилер:
Бекболот Турдушев, Садыр Жапаров, мектеп, президент, жолугушуу
Тема боюнча
Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт
 Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов. Архив

ЖК депутаты Алмазбек Акматов каза болду

232
(жаңыланган 23:51 28.02.2021)
Эл өкүлү узак убакыттан бери оору менен алышып келгени айтылды. Депутаттыкка чейин бир катар кызматтарды аркалаган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.

Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.

Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.

Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.

Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.

232
Белгилер:
оору, депутат, Алмаз Акматов
Тема боюнча
СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиев 84 жаш курагында дүйнө салды