Агро Куш канаттуулар фабрикасынын курулушунун жүрүшү

Иши токтоп турган Балыкчыдагы фабриканы Россия-Кыргыз фонду каржыламай болду

(жаңыланган 16:03 23.12.2020)
Аталган фабриканын ишке берилиши кармалып жаткандыгы тууралуу маалымат компаниянын жетекчилиги тарабынан Артем Новиковдун өткөн жумада бизнес-коомчулук менен жолугушуусу учурунда айтылган.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Балыкчы шаарындагы "Агро Куш" канаттуулар фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

  • Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Балыкчы шаарындагы Агро Куш канаттуулар фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты
    Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Балыкчы шаарындагы "Агро Куш" канаттуулар фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Белгилей кетсек, Новиков Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен жүрөт
    Белгилей кетсек, Новиков Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен жүрөт
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Аталган фабриканын ишке берилиши кармалып жаткандыгы тууралуу маалымат компаниянын жетекчилиги тарабынан Артем Новиковдун өткөн жумада бизнес-коомчулук менен жолугушуусу учурунда айтылган
    Аталган фабриканын ишке берилиши кармалып жаткандыгы тууралуу маалымат компаниянын жетекчилиги тарабынан Артем Новиковдун өткөн жумада бизнес-коомчулук менен жолугушуусу учурунда айтылган
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 3
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Балыкчы шаарындагы "Агро Куш" канаттуулар фабрикасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Белгилей кетсек, Новиков Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен жүрөт.

Аталган фабриканын ишке берилиши кармалып жаткандыгы тууралуу маалымат компаниянын жетекчилиги тарабынан Артем Новиковдун өткөн жумада бизнес-коомчулук менен жолугушуусу учурунда айтылган.

Канаттуулар фабрикасы өндүрүштүн толук циклин өзүнө камтыйт, анда инкубатор, тоокторду багуу жана тоок эттерин муздатылган түрдө даярдоо каралган. Ишкана жылына 4,6 миллион бройлер-тоокту өндүрүүгө жана 12,5 миң тонна этти кайра иштетүүгө жөндөмдүү.

"Канаттуулар фабрикасынын толук кандуу иштеши ички рыноктун тоок этине болгон муктаждыгын 30 пайызга жабат, ошондой эле импорттолуучу канаттуулардын эти азайып, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жогорулатат", — деди Новиков.

Жолугушуунун жыйынтыгында, ушул жылдын 24-декабрынан тарта Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан каржылоону калыбына келтирүү боюнча маселе чечилип, тиешелүү график түзүлмөй болду.

Каржылоо башталса ишкананы 2021-жылдын 15-январында ишке киргизүү пландаштырылды, ал эми продукциялар дүкөндөрдүн текчелерине 2021-жылдын апрель айларында коюлат.

Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер Артем Новиков
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Иш сапардын жүрүшүндө канаттуулар фабрикасынын жетекчилери өндүрүштү кеңейтүүнүн мындан аркы пландары жөнүндө айтып беришкен.

Жергиликтүү бийлик органдарына кошумча жер тилкесин бөлүү маселесин иштеп чыгуу, ал эми Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна өндүрүштү өнүктүрүүнүн кийинки фазаларын каржылоо мүмкүндүгүн карап чыгуу сунушталган.

Белгилер:
фабрика, канаттуулар, Балыкчы, Кыргызстан
Тема боюнча
Акматов: пандемия кирешелүү тармактарды ачыкка чыгарды
Бишкектеги ыш. Артем Новиков ЖЭБди газга өткөрүүнү сунуштады
Эмблема Всемирной организации здравоохранения (ВОЗ) у входа в штаб-квартиру в Женеве. 17 августа 2020 года

ДССУ коронавирусту айыктырат делген уу коргошун боюнча үн катты

Эл аралык уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү клиникалык сыноодон өтпөгөн дарыны каттоо жана калкка кеңири колдонууга сунуштоо туура эмес экенин айтты.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдө коронавирусту айыктыруу үчүн Aconítum soongáricum (Ысык-Көл тамыры, уу коргошун) колдонулуп жатат деген маалымат боюнча үн катты.

"Дүйнө жүзүндө клиникалык изилдөөлөр дары-дармектерди өндүрүүнүн эң маанилүү баскычы болуп саналат. Анын негизинде каттоодон өтүп, медициналык жактан колдонууга берилет. Клиникалык сыноолордо препараттын натыйжасы жана коопсуздугу аныкталат. Ушул маалыматтардын негизинде саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органы дары-дармектерди каттоодон өткөрүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат", — деп айтылат билдирүүдө.

ДССУ клиникалык сыноодон өтпөгөн дарыны каттоо жана калкка кеңири колдонууга сунуштоого болбой турганын белгиледи.

"Учурда ДССУнун уу коргошун коронавирустан айыктырат деген маалыматы жок. Анын фармакологиялык касиеттерин билүү үчүн эл аралык стандарттарга ылайык изилдөө жүргүзүү керек. Коронавируска чалдыккандар өз алдынча дарыланбастан, ооруканаларга кайрылышы зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Эл аралык уюм мурдагыдай эле аралыкты сактап, маска тагынып, дезинфекциялык каражаттарды колдонуп, ден соолукка кам көрүүнү сунуштады.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. https://sputnik.kg/society/20210415/1052147439/sadyr-zhaparov-koronavirus-daryloo-ykmasy.html

Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Бүгүн саламаттык сактоо министри уу коргошунду түз эфирде ичип, аны туура даярдаган учурда зыянсыз экенин далилдөөгө аракет кылган. https://sputnik.kg/society/20210416/1052154370/ministr-alymkadyr-bejshenaliev-uu-korgoshun.html Эгер туура эмес даярдалса, адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын эскерткен.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив

Уу коргошун менен дарыланган адам өлүп калса ким жооп берет? Министрдин жообу

(жаңыланган 14:21 16.04.2021)
Буга чейин министр уу коргошунду түз эфирде ичип, аны туура даярдаган учурда зыянсыз экенин далилдөөгө аракет кылган. Эгер туура эмес даярдалса, адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын эскерткен.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Ысык-Көл тамыры" аталышындагы чөп Кыргызстанда бир гана жерде өсөрүн айтты.

Эске салсак, ал коронавируска дары деп сунушталып жаткан "Ысык-Көл тамыры" чөбүнүн кайнатмасы боюнча журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатат. ЖМК өкүлдөрү министрге "эл арасында бул кайнатма менен өз алдынча дарыланып, жабыркагандар болсо ким жооп керет?" деген суроо беришти.

"Башкалар эч жерден таппайт. Анткени ал бир гана жерде өсөт, ал жерди биз курчап алып казып жатабыз", — деди министр.

Буга чейин министр уу коргошунду түз эфирде ичип, аны туура даярдаган учурда зыянсыз экенин далилдөөгө аракет кылган. Эгер туура эмес даярдалса, адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын эскерткен.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ДССУда уу коргошун коронавирустан дарылайт деген маалымат жок экенин белгилешти.

Белгилер:
Ысык-Көл тамыры, эл, коргошун, уу, Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Адамзат коронавирустун жеткен чегинде турат. ДССУ ааламдагы абал тууралуу
Министр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичти. Видео
Министр Бейшеналиев: уу коргошун менен 300дөй кишини дарыладык