Аскат Мусабеков, Миргүл Асаналиева: бир ырдын арты менен сезимибиз бекемделди

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчылар жана жубайлар Аскат Мусабеков жана Миргул Асаналиева
Ырчылар жана жубайлар Аскат Мусабеков жана Миргул Асаналиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Издешпей табышкандар" рубрикасынын бул жолку коноктору чыгармачылыктын арты менен табышкан Аскат Мусабеков жана Миргүл Асаналиева.

Белгилей кетсек, "Издешпей табышкандар" рубрикасында өлкөдөгү чыгармачыл, эл көзүндөгү жуптардын сүйүү баяны, үй-бүлөдөгү баалуулуктары, чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу сөз болот.

Ырчылар ушул жылдын июнь айында баш кошушкан.

— Баш кошконуңуздарга алты ай болуптур. Ошентсе да куш бооңуздар бек болсун деп куттуктап коёлу! Кубанычтуу кабарыңыздар бар окшойт, байкап калдык...

Аскат Мусабеков: — Рахмат! Эч кимге айтпай коё туралы десек кантип билип калдыңар? Ооба, өзүңүздөр көргөндөй, буюрса ымыркайды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

Миргүл Асаналиева: — Баш кошуп, бирге түтүн булата баштаганыбызга билинбей жарым жылдан өтүп баратыптыр. Кудай буюрса, баары жакшы.

А. М.: — Биз Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталып, өзгөчө абал алынгандан кийин баш коштук. Андан бери алты ай көз ачып-жумганча өтүп кетиптир. Күн жылууда үйлөнүп, тойду айылдан берип, батаны ошол жактан, үйдөн алдык. Андан кийин бир ай ата-энебизге кызмат кылып, Миргүл менин жакындарым менен камыр-жумур болуп таанышып, кызмат кылып келдик.

© Фото / предоставлено Миргул АсаналиевойSputnik Кыргызстан агенттигинин "Издешпей табышкандар" рубрикасынын бул жолку коноктору чыгармачылыктын арты менен табышкан Аскат Мусабеков жана Миргүл Асаналиева
Аскат Мусабеков, Миргүл Асаналиева: бир ырдын арты менен сезимибиз бекемделди - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Издешпей табышкандар" рубрикасынын бул жолку коноктору чыгармачылыктын арты менен табышкан Аскат Мусабеков жана Миргүл Асаналиева

— Пандемия убагында өткөн той да өзгөчө болсо керек. Негизи сиздер көптөн бери эле ошол убакытты болжоп келе жаткансыңар да, ээ?

А.М.: — Кырдаал мындай болуп кетерин эч ким билген эмес да. Миргүл экөөбүз башынан эле үйлөнүү тойду ошол убакытка болжоп жүргөнбүз. Бул эми Кудайдын буйругу экен. Өзгөчө абал режими алынгандан кийин жакын санаалаш, дос, туугандарга айылдан эле чакан той берип, баарын үйдөн өткөрдүк. Тойду айылдан, үйдөн өткөргөндүн өзүнүн артыкчылыктары болду. Мисалы, айтылган каалоо-тилек, батанын баары үйдө калат экен.

Өзгөчө абал режими учурунда баары эле эч жакка чыкпай тажашты го. Биздин той ошондон кийин эле болгондуктан, шаардан чакырган меймандарыбыз аябай жыргап кетишти. Жайында айылдын салкын таза абасынан дем алып, боз үйдөн ысык шорпо ичип, тоого чыгып, айтор, келгендердин чери жазылды. Эң башкы максатыбыз дүркүрөтүп той берүү эмес, бактылуу болуп, элдин батасын алалы дегенбиз. Ысырапкорчулук кылбай чакан той бердик.

М.А.: — Негизи аз эле киши чакырганбыз. Бирок тоюбузга абдан көп адам келди. 10 күн тынбай конок тостук. Шаардан келгендер жакшы эс алып кетишти.

— Таанышып, табышкан күнүңөр да окурмандарга кызык болсо керек. Аскат мырза, Миргүл айым кайсы жерден, кайсы күнү жүрөгүңүзгө чок салды эле?

А.М.: — Негизи Миргүлдү сыртынан таанычумун, бирок биринчи жолу жанынан 2018-жылы көрдүм. Ал кезде жаңы эле Сауд Аравиядан келгем, чачымды да алдырып салгам. Анан эле ат-башылыктар ынтымагынын чайына барып калдым. Барып эле төр жакка өтүп кеткем. Бирок ылдый жакта отурган Миргүлдү киргенде эле байкагам. Анын жанындагылардын баары учурашты, Миргүл болсо учурашабы десем учурашпайт. Ичимен "бул кызда кеп бар го" деп ойлоп койгом.

М.А.: — Алтынбек деген досу экөө сырттан кечигип келишти. Эмнегедир мен эле алар менен учурашпай отуруп алдым. Анын үстүнө жакындан тааныбагандан кийин эркек киши болсо деп учурашкан эмесмин.

А.М.: — Кыз кылыгы кылган окшойт да. Ошол күн мамилебиздин башаты болду окшойт.

М.А.: — Мен ал кечеде көпкө отурбай эле кетип калгам. Кийин Аскат Instagram түйүнүнөн мага катталып, сүрөттөрүмө "лайк" баса баштады. Андан кийин Whatsapp тиркемесинен "Жакшы ырдап чыгып жатасың. Экөөбүз да чогуу дуэт ырдабайлыбы" деп жазып калды. Ошол учурда Токтобек Асаналиев агай экөөбүздүн аткаруубуздагы "Сен менин түшүмсүңбү" деген ырыбыз жаңыдан чыгып жаткан. Аскаттын сунушуна ойлонуп көрүп макул болдум. Себеби жаңы чыгып келе жаткан ырчы катары мага да кызык болду. Бирок ал учурда эч кандай сезим ойгоно элек болчу.

А.М.: — Биздин сүйүүнүн, мамиленин бекемделишине "Өмүрлөшүмө" деген ыр себеп болду окшойт. Ошол ырга дуэт жаздырам деп Миргүлдүн иштеген жерине комузду көтөрүп алып барам. Анан экөөбүз отуруп даярданабыз.

Миргүлдү жактырганым үчүн анын жумушуна өзүм барып жаттым да. Болбосо, андай сезим жок болсо, жаңы чыгып келе жаткан жаш кыздын жумушуна өзүм бармак эмесмин деп азыр тамашалап калам.

Ошентип дуэттин аркасы менен сезимдер бекемделди. Миргүлдүн ой жүгүртүүсү, жашоого болгон көз карашы жакты.

© Sputnik / Табылды КадырбековМусабеков: биздин сүйүүнүн, мамиленин бекемделишине "Өмүрлөшүмө" деген ыр себеп болду окшойт
Аскат Мусабеков, Миргүл Асаналиева: бир ырдын арты менен сезимибиз бекемделди - Sputnik Кыргызстан
Мусабеков: биздин сүйүүнүн, мамиленин бекемделишине "Өмүрлөшүмө" деген ыр себеп болду окшойт

— Миргүл, колуңузду сураганда сунушту кандай кабыл алдыңыз?

— Ушул суроону эмнегедир көп беришет. Ортодогу жаш айырмачылык боюнча да түрдүү пикирлерди жазып да, өзүмө да келип айтышты. Көрсө, коомчулукта ар түрдүү ой жүгүрткөн адамдар көп экен.

Эмнегедир башынан эле жолдошумдун өзүмөн улуу болушун каалачумун. Анткени аялдар табиятыбыздан эле назик, алсыз болгонду жакшы көрөт эмеспизби. Ошондо гана өзүбүздүн аял экенибизди сезебиз. Айрым учурда мен жаштыкка салып кетем. Ошондо Аскат акыл үйрөтүп маселени тез эле чечип коёт. Жакын адамың сага таянар тоо болуп туруп бергенде гана аял бактылуу деп ойлойм. Аскат мен кыжалат болгон маселени тез эле чечип коёт. Сунуш түшкөндө ойлондум, бирок мен үчүн жаш айырмачылык тоскоолдук жараткан жок.

— Бардык эле келин кайын журтуна тез эле камыр-жумур болуп аралашып кете албайт эмеспи. Башка бүлөгө да көнүү оңой эмес. Сизде бул жаатта көйгөй жаралган жокпу?

М.А.: — Башка бүлөгө келин болуп барарда бардык эле кыздар толкунданып, кабатырланса керек. Мен деле башында кыжалат болуп толкундандым. Бирок бизден улуу байкебиздин аялы, атам, апамдын колундагы келини бул багытта жардам берип акыл-кеңешин айтып, тез эле өзүнө тартып алды. Көп нерсени ошол киши көрсөтүп, үйрөтүп жатты. Апам менен деле тез эле тил табышып кеттим. Экөөбүздүн туулган күндөрүбүз дагы бир экен, мүнөздөрүбүз дагы окшошуп кетет. Ошол себептен кыйынчылык жаралган жок. Апам менен мамилем абдан жакшы. Күн сайын жазышып, чалышып, сүйлөшүп турабыз.

— Сиздин оюңузча, идеалдуу келин же жакшы деген келин кандай болушу шарт?

— Мен таята, таенемдин колунда чоңойгом. Улуу кишилердин тарбиясын алып калгам десем болот. Чоңоюп калганда таенем "баласын жакшы көрүп тийген соң, алардын ата-энесин андан артык жакшы көр" деп көп айтчу. Анан абысының менен эч качан мамиле үзбө, сый бол деп калчу. Анын баарын азыр ойлосом туура экен. Көрсө, абысының менен жаман мамиледе болсоң, бир туугандардын ортосуна түшкөн от болот экенсиң.

Идеалдуу келин кайын-журтуна күлүп ысык чайын берип койсо жетет деп ойлойм. Анткени ата-энелер алардан акча же байлык деле талап кылбайт. Эң башкысы көңүл деп ойлойм.

© Фото / предоставлено Миргул АсаналиевойМусабеков: биз Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталып, өзгөчө абал алынгандан кийин баш коштук
Аскат Мусабеков, Миргүл Асаналиева: бир ырдын арты менен сезимибиз бекемделди - Sputnik Кыргызстан
Мусабеков: биз Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталып, өзгөчө абал алынгандан кийин баш коштук

— Үй-бүлө болгондон кийин казак-аяк кагышып, пикир келишпестиктер жаралат эмеспи. Таарынышуу же пикир келишпестик уруш-талашка айланып кетпеш үчүн эмне кылуу керек? Эгер болуп калса мындай учурдан кантип чыгасыңар?

А.М.: — Мындай учурда мен сыртка чыгып кетем же башка бөлмөгө кирип кетем. Бир аздан кийин үйгө кирсем чай даярдап дасторкон четинде отурган болот. Негизинен бизде андай деле пикир келишпестик жарала элек, ага шылтоо деле жок. Ичибизге эч нерсе деле сактабайбыз.

— Арабызда үлгүлүү деген үй-бүлөлөр көп. Чыгармачылык, карьера, жумуш менен үй-бүлөнү бир калыпта алып жүргөндөр, балдарын зымга тизгендей кылып өстүргөн мыктылар бар. Муну жетишкендик деп ойлойм. Ошол нерсеге жетүү үчүн жубайлар кандай болушу шарт?

А.М.: — Турмушта кыйналбаган адам жок. Ошол кыйынчылыктын артында көп нерсе турат. Үйдө гармония болуп, жубайлар бири-бирин колдогон учурда гана жакшы нерсеге жетет деп ойлойм.

Анан көп нерсе аялдан көз каранды. Эркектер табиятыбыздан эле аңкоороок болобуз. Жакшы сүйлөп, мактап, жакшы мамиле кылып койсо эле кыйын экенмин деп дардаңдап кеткен жагыбыз бар. Аялдар амалдуу эмес, акылдуу болушу керек деп ойлойм.

Ошол эле учурда эркек дагы аялды багып, руханий жактан азыктандырып, жакшы сүйлөп, жакшы мамиле жасаса экөө тең урабаган бекем дубал кура алышат. Бул нерсе эки жактан тең көз каранды. Эгер үйдө гармония болсо, ишиң да жүрөт, турмушуң да жакшы болот. Чыгармачылык тууралуу биз деле үйдөн сүйлөшөбүз, бирок жумуш тууралуу сөздөр эшиктин сыртында калышы керек. Үй-бүлөнү, жеке жашоону жумушка, жумушту жеке жашоого аралаштырбаганга аракет кылабыз.

М.А.: — Биздин үйдө "же чыгармачылык, же үй-бүлө" деген принцип жок. Бири-бирибизди түшүнөбүз. Мисалы, экөөбүз эки башка жакка барып ырдашыбыз керек болуп калса, түшүнүшүп эле барып келебиз. Үй-бүлөдө эң негизгиси бири-бириңди түшүнө билүү маанилүү деп эсептейм. Анан ар ким өз ордун билгени жакшы.

— Сиздердин үйдө "бир үйдө бир эле талант жетет, аял үйдө отурушу керек" деген түшүнүк жокпу? Аскат мырза, бала-чакалуу болгондон кийин деле келинчегиңиздин чыгармачылыгын андан ары улантып кетишине шарт түзүп бересизби?

— Негизи мен үчүн биринчи кезекте үй-бүлө турат. Бирок келинчегим балага да, үйүнө да, ишине да жетишсе мен каршылык көрсөтпөйм. Негизи көп нерсе аялдын өзүнөн көз каранды. Чыгармачылыктын ысыгын да, суугун да жакшы билем. Ырахатын, түйшүгүн да сезип калдым. Ошол себептен Миргүлдү бул жаатта колдоп, керек болгон учурда кеп-кеңешимди бергенге аракет кылам.

© Sputnik / Табылды КадырбековМусабеков: жубайымды кызганам, бирок эби менен. Негизи ар бир нерсенин чеги болушу шарт
Аскат Мусабеков, Миргүл Асаналиева: бир ырдын арты менен сезимибиз бекемделди - Sputnik Кыргызстан
Мусабеков: жубайымды кызганам, бирок эби менен. Негизи ар бир нерсенин чеги болушу шарт

— Аскат мырза, кызганчааксызбы?

А.М.: — Эми бул сезим бардык эле адамдын ичинде бар, болгону аны көзөмөлдөй билиш керек. Обу жок кызганган туура эмес деп эсептейм. Аялымдын телефонун текшерген эмесмин, анткени ага ишенем. Эң башкысы ишеним болсо, кызганыч жаралбайт деп ойлойм. Эгер ишеним жок болсо, анда кантип жашоо уланат.

Таптакыр эле кызганбайм деп да айта албайм. Кызганам, эби менен. Негизи ар бир нерсенин чеги болуш шарт.

— Миргүл, чыгармачылыгыңыз тууралуу да суроо узаткым келип турат. Айрымдар сизди ыр дүйнөгө кокустан эле аралашып калган дешет...

— Өзүм Ат-Башы районуна караштуу Кара-Булуң айылында төрөлгөм. 9-класска чейин айылда эле окудум. Бирок бала кезимен музыка, ыр десе ичкен ашымды жерге койчумун. Кичинекейимен эле музыкалык мектепте билим алууну самачумун. Муратаалы Күрөңкеев атындагы окуу жайды 9-классты бүтүп шаарга келгенде гана көрдүм. Ага чейин анын жанына да жакын барган эмесмин. Бала кездеги кыялымды таякем ишке ашырып, өзү жетелеп келип мектепке киргизген. Экзаменден өтүп, сабакты жакшы окудум.

Андан кийин Улуттук консерваторияга тапшырып, Токтобек Асаналиев агайдын колуна келдим. Ошол учурдан тарта агайым багыт берип, жол көрсөтүп келе жатат. Агай менен чогуу ырдап чыкканга чейин өзүмдүн аткаруумдагы эки ырым чыккан.

— Демек, бала чактагы көксөө аткарылган экен да.

— Кичинемде телевизордон комуз черткендерди көрсөм көзүм күйүп калчу. Аябай кызыкчумун. Анымды көргөн таятам 3-классымда шаардан комуз алдыртып берди. Бирок айылда аны үйрөткөн киши жок, ошол бойдон калып калды. Байкуш таятам "кызым комузун чертип, телевизордон чыгып ырдап жатканын көрүп анан өлсөм арманым жок эле" деп калчу. Тилекке каршы, менин мынтип эл алдына чыгып ырдаганымды көрбөй калды.

© Sputnik / Табылды КадырбековАсаналиева: Аскат мен кыжалат болгон маселени тез эле чечип коёт. Сунуш түшкөндө ойлондум, бирок мен үчүн жаш айырмачылык тоскоолдук жараткан жок
Аскат Мусабеков, Миргүл Асаналиева: бир ырдын арты менен сезимибиз бекемделди - Sputnik Кыргызстан
Асаналиева: Аскат мен кыжалат болгон маселени тез эле чечип коёт. Сунуш түшкөндө ойлондум, бирок мен үчүн жаш айырмачылык тоскоолдук жараткан жок

— Соңку суроом. Бир аз катуу тийсе кечирим сурайм, анткени азыр кыла турчу кеп Аскат мырзанын биринчи турмушу тууралуу болмокчу. Миргүл, сиз Аскат мырзанын балдары менен мамилеңиз кандай, катышасызбы?

М.А.: — Аларды жашоодогу өйдө-ылдый нерселерге аралаштыргым келбейт. Анткени бала деген бала. Ал эми Аскаттын буга чейинки жашоосун мен мээмен чыгарып салгам, аны жок деп эле элестетип жашайм.

А.М.: — Менимче, азыр ага учуру келе элек.

— Алдыдагы пландарыңар?

М.А.: — Аскат экөөбүз азыр дуэт жаздырып жатабыз. Буюрса жаңы жылда жаңы чыгармабызга күбө болосуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0