Коронавирустан айыккандардын иммунитети 8 айга чейин созулары айтылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер ооруканада. Архив
Медициналык кызматкерлер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер коронавирусту жеңгенден кийин кайра жуктуруп алам деп коркпош керектигин, анын антителосу көпкө чейин сакталарын айтышкан.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Коронавирус менен ооруп айыккан кишинин иммундук эс тутуму кеминде сегиз айга чейин сакталат. Бул тууралуу "Известия" австралиялык окумуштууларга таянуу менен жазды.

Илимий иштин жүрүшүндө изилдөөчүлөр SARS-CoV-2 коронавирусу организмди оорудан коргой турчу В клеткаларын узак убакыт пайда кыларын аныктаган. Бул организмди илдеттен оолак гана кылбастан, кайра жуктурган учурда мурдагыдай катаал кесепеттерин тийгизбейт.

Коронавируска тест жасоого алынган үлгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биолог COVID-19дун жаңы штаммы адам өлүмүнө көп таасир этпей турганын айтты
Изилдөөгө катышкандардын канын текшергенде антителосунун саны ооруга кабылгандан 20 күндөн кийин азая баштаган. Анткен менен В клеткасы сегиз айга чейин сакталган.

Буга чейин кыргызстандык пульмонолог Талант Сооронбаев коронавирусту жеңгенден кийин аны кайра жуктуруп алам деп коркпош керектигин, анын антителосу көпкө чейин сакталарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0