УКМК: Матраимов бажыдан өткөн ар бир автоунаадан 500дөн 3 миң долларга чейин алган

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүБажыдан өтүп жаткан фура. Архив
Бажыдан өтүп жаткан фура. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналисттер Райым Матраимовдун мамлекетке 2 миллиард сом чыгым келтиргени кантип аныкталганына кызыгышты.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов башка кызматкерлердин жардамы менен кыргыз-кытай чек арасынан өткөн ар бир автоунаадан 500 доллардан 3 миң долларга чейин акча алып турган. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Журналисттер ага Райым Матраимовдун мамлекетке 2 миллиард доллар чыгым келтиргенин кантип аныктадыңар деген суроо берди.

"Бул сумманы тергөө аныктады, майда-чүйдөсүн айтып бере албайм. Бир эле эпизодун айта кетейин, Кытай менен Кыргызстандын чек арасынан өткөн ар бир автоунаадан 500 доллардан 3 миң долларга чейин акча алып турган. Ал иштеген учурда канча машина өтүшү мүмкүн экенин эсептеп чыгып, аны дагы коштук", — деди Ташиев.

Ошондой эле ал Матраимовго бул ишке жардам берген кишилерден 53 миллион сом өндүрүлгөнүн билдирди.

Буга чейин УКМК төрагасы Райым Матраимов убада кылган 2 миллиард сомду толугу менен төлөп бүткөнүн айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0