БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Сот системасына автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүүдөн бюджетке сегиз миллион сом зыян келтирилген. Ага Жогорку соттун төрайымы аралашканы аныкталды. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү сот IT компаниясы менен жасалма келишим түзгөн. Буга байланыштуу Сот департаментинин Маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн жетекчиси, "Центр бизнеса и инноваций" IT компаниясынын жетекчиси Александр Задорожный кармалган.
"Тергөөнүн алкагында мамлекетке сегиз миллион сом зыян келтирилгени аныкталды. Ошондой эле Жогорку соттун жетекчилигинин бул ишке тиешеси бар-жогу териштирилүүдө. Ал эми Жогорку соттун төрайымынын түздөн-түз тиешеси бар. Биз ага карата документ даярдадык, жакында материалдарды Тартип комиссиясына жиберебиз. Эгер аны жактырып берсе, төрайымды жоопкерчиликке тартабыз. Башкача айтканда, кармап, тергөө жүргүзөбүз", — деди Ташиев.
Белгилей кетсек, учурда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева. Ал бул кызматта 2018-жылдын 22-сентябрынан баштап иштеп келе жатат.
Жогорку соттун басма сөз кызматынан айтылган бул маселе боюнча кийинчерээк маалымат беришерин билдиришти.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Россия коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында чыгарууга даяр. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.
Анын айтымында, кыргыз делегациясы Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышуу үчүн Москва шаарына барып, Россиянын өкмөт мүчөлөрү жана инвесторлор менен жолуккан. Жыйын учурунда Владимир Путин Россия ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө вакцина өндүрүшүн ачууга даяр экендигин айткан. Андан кийин муну Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров дагы ырастаган.
"Эгерде Кыргызстан техникалык мүмкүнчүлүктөрү, тиешелүү шаймандары бар компанияны аныктаса, анда Россия комиссия жиберип, чечим кабыл алууга даяр экенин билдирди", – деди Сагынбаев.
Сагынбаев вакцинаны өндүрүү препараттын жеткиликтүүлүгүн гана камсыз кылбастан, жумуш орундарын да түзөрүн, ошондой эле вакцина өндүрүү жаатындагы өлкөдө алгачкы тажрыйба болорун белгилеген.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 97 кишиден коронавирус аныкталды, ал эми 157 бейтап оорудан айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Марттагы пандемиядан бери оору жуктургандардын саны 84 068ге жетти.
Өткөн суткада COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Жалпысынан оорудан айыккандардын саны 80 182ге жетти.
Учурда стационарда 643 бейтап дарыланып жатса, алардын ичинен 219у оор, ал эми 27си өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 907 бейтап бар.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ак халатчандар арасында 4 168 учур катталып, 4 077си сакайды.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерреш коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнө акыркы жүз жылдыктагы эң оор экономикалык каатчылыкка кептелгенин билдирди. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланды.
Катчынын айтымында, азыр "дүйнө абдан морт болуп турган кез".
"Пандемия эки миллиондон ашык адамдын өмүрүн алып кетти. Экономикалык абалыбыз акыркы 100 жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөтүчкө түштү. Коронавирус адамдар, өлкөлөр арасында теңсиздик бар экенин далилдеп койду. Кыскасы, жаратылышка биз кандай мамиле кылсак, ал бизге дал ошондой сокку уруп жатат. Дүйнө эли диалогго келип, кызматташуубуз керек", — деди Гутерреш.
Ошондой эле ал 2021-жылы дүйнөнү калыбына келтирүүдө өкмөттөр, эл аралык уюмдар, жеке сектор жана жарандык коом биргелешип ынтымакта иштешүүсү керектигин кошумчалады.