Министрлик: III чейректе Бишкекте окуучулар мектепке барып окушу мүмкүн

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүПодготовка школы к новому учебному году
Подготовка школы к новому учебному году  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жусупбекова учурда өлкө боюнча 1 912 мектепте окуучулар кадимки тартипте окуп жатканын айтып, калган 237си акырындык менен ачыларын кошумчалады.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Үчүнчү чейректен тарта Бишкек шаарындагы мектептер ачылып, окуучулар мурдагыдай барып-келип окушу мүмкүн. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, мектептердин ачылышы ордо калаадагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу. 

"Эгер Санэпидемкөзөмөл департаменти мектептерди ачууга уруксат берсе, анда Бишкек шаарындагы окуучулар III чейректен тарта кадимкидей барып-келип окуп башташат", — деди Жусупбекова.

Министрдин орун басары учурда өлкө боюнча 1 912 мектепте окуучулар кадимки тартипте окуп жатканын айтып, калган 237си акырындык менен ачыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0