Ошто 21 жыл мурда сатылып кеткен кинотеатр мамлекетке кайтарылды

Жазылуу
Оштогу базар баасы 26 миллион сомдон ашык болгон "Весна" кинотеатры жер тилкеси менен кошо мындан 21 жыл мурда жеке менчикке сатылып кеткени аныкталган.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Ош шаарындагы жеке менчикке сатылып кеткен "Весна" жайкы кинотеатры жер тилкеси менен кошо мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кинотеатр жер тилкеси менен кошо 1999-жылы "А.Т."  ЖЧКсына мыйзамсыз сатылганы аныкталган. 332,29 чарчы метр жери менчикке ага чейин берилип кетсе, 2008-жылы кинотеатрдын дагы 1647,71 чарчы метри негизсиз кошулуп, жеке колго өткөндүгү тууралуу акты берилген.

"Текшерүүдө аныкталгандай, базар баасы 26 миллион 057 миң сомду түзгөн бул объектинин менчик ээлери бир нече жолу сатып-алуу келишимдеринин негизинде алмашылган. Прокуратура тарабынан сотко доо арыз даярдалып, менчикке чыгаруу боюнча мурда кабыл алынган бардык чечимдерди жокко чыгаруу демилгеленген", – деп жазылат маалыматта.

Соттук процесстердин жыйынтыгы менен доо арыз толугу менен канааттандырылып, менчик болуп кеткенин күбөлөндүргөн бардык чечимдер жокко чыгарылганы айтылат.

Учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жайкы кинотеатрды жер тилкеси менен кошо мамлекетке  өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатканы кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0