"Бишкек жашыл чарба" жаңы жетекчилүү болду. Сүрөт

Жазылуу
Бир нече күн мурда Эльнура Жолдошева "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын жетекчилигинен кеткен. Анын иштен өз каалоосу менен кеткендиги айтылган.

БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын директорлугуна Урмат Дербишев дайындалды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалган Урмат Дербишев
Бишкек жашыл чарба жаңы жетекчилүү болду. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалган Урмат Дербишев

Жаңы жетекчини дайындоо боюнча токтомго мэрдин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев кол койгон. Буга чейин Дербишев Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияда иштеген.

Мындан мурдараак Түлөбаев Эльнура Жолдошеваны "Бишкек жашыл чарба" жетекчилигинен алган. Маалымат кызматы анын иштен өз каалоосу менен кеткендигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0