Кыргызстандын тоолорунда беш кишиден турган үй-бүлө жоголуп, милиция издөөдө

Жазылуу
Ушул жылдын сентябрь айында эркек киши кош бойлуу жубайы жана жашы жете элек үч баласы менен Ош жана Жалал-Абад облустарынын чектешкен жериндеги тоого кеткен боюнча байланышка чыккан эмес.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызстандын тоолорунда беш кишиден турган үй-бүлө жоголгонун Sputnik агенттигине "Коомдук коопсуздук кеңеши" ыктыярдык уюмунун координатору Катерина Клевакова билдирди.

Ушул жылдын сентябрь айында Николай Дививи аттуу киши кош бойлуу жубайы жана жашы жете элек үч баласы (11, 6 жана 5 жаштардагы) менен Ош жана Жалал-Абад облустарынын чектешкен жериндеги тоого кеткен боюнча байланышка чыккан эмес.

Чүй ОИИББ үй-бүлө жоголгону тууралуу фактыны тастыктады. 15-декабрь күнү Сокулук милициясына 34 жаштагы уулу Николай Дививини жоготкон аял кайрылган. Аталган факты каттоого алынган.

Милиционерлер дайынсыз болуп жаткан киши 29 жаштагы аялы жана үч баласы менен Чүйдүн ар кайсы жериндеги батирде жашаганын аныктаган.

"Ал энесине сентябрдын этегинде байланышка чыгып, Ош менен Жалал-Абаддын ортосундагы тоодо бирөөнүн малын карап, ошол жакта жашап жаткандыгы тууралуу айткан", — деп билдирди Чүй ОИИББ.

Сокулук милициясынын ыкчам кызматкерлери үй-бүлөнү издеп жатат. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0