Сүйүнчү! Темир контейнерде жашаган каарманыбызга кайрымдуу адамдар үй салып берди

© Фото / Предоставлено Толкун РахматовойФельдшер Толкун Рахматова. Архив
Фельдшер Толкун Рахматова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал беш жылдан бери темир контейнерде балдары менен суукка тоңуп, жайында ысып жашап келген. Учурда үйлүү болду.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Үйү жок кыйналган каарманыбыз, фельдшер Толкун Рахматовага "Ильшат" кайрымдуулук уюму Восток айылынан жер тилкесин сатып берүү менен үй да салып берген. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Рахматова өзү сүйүнчүлөдү.

Ушул жылдын август айында Sputnik агенттигине Бишкекке жакын жайгашкан Восток айылынын жалгыз фельдшери Толкун Рахматова кайрылып, үйү жок темир контейнерде жашап жаткандыгы туурасында маек берген эле.

"Ильшат" кайрымдуулук уюму Восток айылынан, өзүмдүн иштеген жеримдин жанынан эле беш сотых жер тилкесин сатып берип, беш бөлмөлүү үй салып беришти. Абдан сүйүнүп жатам. Журналисттер, сиздерге да рахмат!" — деди ал.

Учурда сүйүнүчү койнуна батпай отурган каарманыбыз төрт баланын энеси. Жолдошу быйыл пневмония дартынан улам каза болуп калган. Ал беш жылдан бери темир контейнерде балдары менен суукта тоңуп, жайында ысып жашап келген.

Каарманыбызды куттуктоо менен кубанычын тең бөлүшөбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0