Ош шаарында жашаган Баткен согушунун ардагерине кайрымдуу адамдар үй салып берди

Баткен согушунун ардагерине кайрымдуу адамдар үй салып берди. Видео

182
(жаңыланган 15:33 25.12.2020)
Курулуш иштерин Баткен согушунун ардагерлери акысыз ашар жолу менен бүтүрүшкөн. Ал эми каражат чет өлкөдө иштеп жаткан кыргызстандык мигранттар, кайрымдуу инсандар тарабынан чогулду.

БИШКЕК, 25-дек. – Sputnik. Ош шаарында жашаган Баткен согушунун ардагери, үчүнчү топтогу майып Руслан Абдулганиевге жаңы салынган үйдүн ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 40 жаштагы Абдулганиев буга чейин Ош шаарынын четиндеги Дача айылында атасынан калган авариялык абалдагы эски тамда 63 жаштагы энеси Екатерина Абдулганиева менен күн кечирип келген. Анын жашоо-шартын Sputnik агенттигинин кабарчысы май айында тартып, сайтка жарыяланган.

  • Ош шаарында жашаган Баткен согушунун ардагери, үчүнчү топтогу майып Руслан Абдулганиевге жаңы салынган үйдүн ачкычы тапшырылды
    Ош шаарында жашаган Баткен согушунун ардагери, үчүнчү топтогу майып Руслан Абдулганиевге жаңы салынган үйдүн ачкычы тапшырылды
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 40 жаштагы Абдулганиев буга чейин Ош шаарынын четиндеги Дача айылында атасынан калган авариялык абалдагы эски тамда 63 жаштагы энеси Екатерина Абдулганиева менен күн кечирип келген
    Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 40 жаштагы Абдулганиев буга чейин Ош шаарынын четиндеги Дача айылында атасынан калган авариялык абалдагы эски тамда 63 жаштагы энеси Екатерина Абдулганиева менен күн кечирип келген
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Анын жашоо-шартын Sputnik агенттигинин кабарчысы май айында тартып, сайтка жарыяланган
    Анын жашоо-шартын Sputnik агенттигинин кабарчысы май айында тартып, сайтка жарыяланган
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 3
© Фото / Зульфия Тургунова
Ош шаарында жашаган Баткен согушунун ардагери, үчүнчү топтогу майып Руслан Абдулганиевге жаңы салынган үйдүн ачкычы тапшырылды

Үй-бүлөгө ак өргө тургузуп берүү милдетин "Ак-Ниет-Аманат" фонду демилгелеп, колго алган. Курулуш иштерин Баткен согушунун ардагерлери акысыз ашар жолу менен бүтүрүшкөн. Ал эми каражат чет өлкөдө иштеп жаткан кыргызстандык мигранттар, кайрымдуу инсандар тарабынан чогултулганы айтылды. Үйдүн курулуш иштери 2020-жылдын июнь айында башталып, алты ай аралыгында үч бөлмөлүү үй толугу менен бүткөрүлгөн. Абдулганиев жардам колун сунгандарга ыраазычылык билдирди.

Жагымдуу саамалыкка үй ээсинин жакын санаалаштары, достору, Баткен согушунун катышуучулары жана фонддун өкүлдөрү катышты.

Ак өргөлүү болгон Абдулганиев эми үй-бүлө куруп, балалуу болуу ниети бар экенин билдирди.

Руслан Абдулганиев 1999-жылы 19 жашында Алай районундагы аскер бөлүгүндө телефон байланыштарын көзөмөлдөөчү болуп кызмат өтөгөн. Ошол жылы террордук топтун мүчөлөрү Кыргызстандын түштүк аймагын басып киргенде, башка мекендештери сыяктуу Абдулганиев дагы эли-жерин коргоо үчүн Чоң Алайдын чек ара тарабына аттанган. Ал бир ирет снайпердин огунан аман калган, бирок экинчи жолу апаат аны сол колунун манжаларын алып, биротоло майыпка айланткан.

182
Белгилер:
кайрымдуулук, ардагер, согуш, Баткен
Тема боюнча
Беш жылдан бери контейнерде жашаган фельдшердин кыялы. Медик менен маек
Тапанча кармаган адам. Архив

Ак-Талаа: акимдин кабинетинде тапанча менен чуу салган киши кармалды

10
(жаңыланган 12:30 16.01.2021)
Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында жайгашкан администрациясына тапанча көтөрүп кирип айыл акимди коркуткан киши кармалды. Бул туурасында Нарын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Милицияга 12-январь күнү саат 16:30дар чамасында колуна тапанча кармаган белгисиз мас киши келип ызы-чуу салып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобу барганда 41 жаштагы А.Е. аттуу жергиликтүү тургун газ-пневматикалык тапанчаны эч кандай тийиштүү документи жок көтөрүп жүргөнү аныкталган.

“Мас абалында келген киши коомдук тартипти бузуп, мамлекеттик администрациянын жетекчисинин кабинетине кирип куралы менен чапкан. Денесине зыян келтирип, сөгүнүп, сабап саларын айтып коркуткан. Ошол учурда ал кармалып, 14-январда Ак-Талаа райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камалды”, — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

10
Белгилер:
Ак-Талаа району, коркутуу, кармоо, тергөө, милиция, мас
Тема боюнча
Жалал-Абадда көчө шыпырган аялды сабады деген шектүү кармалды
Бишкекте чет элдик жаранды коркуткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Видео
Бишкекте жол талашкан айдоочуга курал такап жаткан киши кармалды
Казакстандын тез жардам кызматкерлери. Архив

COVID: Казакстанда өлгөндөрдүн саны көбөйүп, Нур-Султан кызыл зонага кирди

17
Эрежеге ылайык, аталган аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Казакстанда акыркы 24 саат ичинде коронавирустан 12 адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Өткөн суткада коңшу өлкөдө бир миңден ашуун адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган. Ушу тапта ооруканада коронавирустан 12 284 киши, пневмониядан 11 781 дарыланууда. Ал эми мурдагы суткада илдеттерден жети адам каза болгон.

Жалпысынан Казакстанда COVID-19га кабылгандардын саны бүгүн 213 855 кишиге жетти.

Өлкөдө абал жакшырбай жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаа Нур-Султан шаарын кызыл зонага киргизди. Эми эрежеге ылайык, бул аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.

17
Белгилер:
абал, коронавирус, Нур-Султан, Казакстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россияда COVID-19ду бир саатта аныктай турган тест-система жасалды
Ким оорушу мүмкүн? Иммунолог коронавирустун жазындагы жаңы толкунуна баа берди