Токмокто бир бүлө көз жумган кырсыктын себеби жана аман калган кыздын абалы айтылды

© AFP 2023 / STRКыз. Архив
Кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токмок аймактык ооруканасынын жетекчиси Бактыгүл Исаеванын айтымында, аман калган бөбөктү таене, таятасы Бишкекке алып кетишкен. Учурда ал ордо калаадагы Эне жана баланы коргоо борборунда экени айтылды.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Токмокто жүрөк үшүн алган жол кырсыгынан каза болгон бир үй-бүлөнүн 4 жаштагы кызы аман калган. Токмок аймактык ооруканасынын жетекчиси Бактыгүл Исаева Sputnik Кыргызстан агенттигине бөбөктүн жана аталган жол кырсыктан жабыркаган эки адамдын абалын айтты.

Эске салсак, 20-декабрь күнү Токмок шаарындагы айланма жолдо авария болуп, эки унаадан сегиз адам мерт кеткен. Анда Volkswagen жана KIA үлгүсүндөгү автокөлүктөр Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 66-чакырымында сүзүшкөн.

ЖКККББнын маалымат кызматы Volkswagen автоунаасында сегиз адам болгонун айтып, анын ичинен алты адам каза тапканын билдирген. Алар айдоочу, айдоочунун атасы, апасы, келинчеги, 7 жаштагы кызы. Ал эми 2 жаштагы уулу ооруканага жеткенде үзүлгөн. Ушул эле автокөлүктөгү айдоочунун 41 жаштагы эжеси менен 4 жашка чыгайын деп калган кызы ооруканага жаткырылганы маалым болгон.

Ал эми KIA үлгүсүндөгү автокөлүктө кырсык болгон учурда үч адам болгон. Булардын арасынан экөө ошол жерден мерт кетип, айдоочу ооруканага жеткирилген.

Токмок аймактык ооруканасынын жетекчисинин айтымында, аман калган бөбөктүн абалы жакшы.

"Төрт жашка толо элек бөбөк 20-декабрда ооруканага түшкөн. Абалы жакшыргандан кийин таене, таятасы келип Бишкекке алып кетти. Учурда ал ордо калаадагы Эне жана баланы коргоо борборунда, абалы жакшы экени айтылды. Бөбөктү туугандары чогулуп сүйлөшүп таене, таятасына берели деп чечишиптир. Мындан сырткары, ооруканага 41 жаштагы аял жана берки автоунаанын айдоочусу жаткан. Аялдын эки бутунун үч жери сынган. Кечээ операция жасалып, учурда реанимацияда, бирок абалы туруктуу деп бааланууда. Ал эми эркек киши травматология бөлүмүндө, ага операция жасала элек", — деди Исаева.

 Бүгүн эртең менен борбор калаада эл ташыган маршрутка менен Honda Fit үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышты - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Honda Fit менен кагышкан маршрутка оодарылып калды. Сүрөт
ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев кырсыктын келип чыккан болжолдуу себебин айтып берди.

"Ата-эне, балдарын, үй-бүлөсүн салып келе жаткан Volkswagen үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолду экиге бөлүп турган бетон тосмолорго карабастан, автоунааны каршы тилкеге түшүп алып айдаган. Анын кесепетинен жол кырсыгы болгон. Алардын тойдон чыгып келе жатканы айтылды. Айдоочунун рулду мас же соо абалда башкарып бара жатканын эч ким билбейт. Себеби соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек", — деди Исаев.

Буга чейин каза болгон үй-бүлөнүн жакындары Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине алардын Токмок шаарындагы тойдон чыгып келе жатканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0