БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. 26-декабрь, ишемби күнү, өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 0…+5, Ысык-Көлдө +1…+6, Нарын өрөөнүндө -5…-10 градус болот.
Бишкекте жана Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо +1…+3, Ошто +3…+5 градуска жетет.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Красноярск – Ош – Красноярск чартердик аба каттамы ишке кирди. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
23-январь күнү Красноярск шаарынан учуп келген "Икар" авиакомпаниясы алгачкы учагы "Ош" эл аралык аэропортуна келип конгон.
"Алгачкы каттамда Ош калаасына 125 жүргүнчү учуп келип, Красноярск шаарына 189 жүргүнчү учуп кетти", — деп жазылат маалыматта.
Жаңы ачылган чартердик каттам жумасына бир жолу — ишемби күнү учары кошумчаланды.
Буга чейин Кыргызстан Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев Россияга болгон авиабилеттердин баасын арзандатуу жана рейстерди көбөйтүү аракеттери көрүлүп жатканын билдирген.
Франциянын Лион шаарында дүйнөдө биринчи жолу бейтаптын колун ийини менен кошо салып беришти. Бул тууралу The Guardian басылмасы жазды.
Трансплантация 13-январда Эдуард Эррио атындагы клиникада жүргүзүлдү. Операцияга даярдык көрүүгө 50 ак халатчан тартылса, аны жасоого медиктердин төрт бригадасы катышып, колдорду "жамоо" 15 саатка созулган.
48 жаштагы исландиялык Феликс Гретарсон 20 жылы мурда электр тогуна урунуп, эки колунан тең ажырап калган. Андан бери ондогон операция жасаткан. Бейтап Лионго 2013-жылы операция жасатууга уруксат алгандан кийин көчүп келген. Бирок донорду издөөгө бир нече жыл кеткен.Операциядан кийин оң колу сол колуна караганда батыраак калыбына келерин айтышкан. Себеби сол жак ийиндин бардыгын калыбына келтирүүгө туура келген.
Азырынча Феликс Гретарсон колдору менен өз алдынча кыймылдай албайт.
Тогуз күндөн кийин исландиялык киши клиникадан биринчи видео кайрылуусун жасап, дарыгерлердин бул керемет ишине эбегейсиз ыраазылыгын айткан.
Ролик оорукананын YouTube-канале каналына жүктөлгөн.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кочкор районундагы сарайлардын биринен киши колдуу болгон 23 жаштагы келиндин сөөгү табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматы кабарлады.
Аялдын каза болгону тууралуу 23-январь күнү 30 жаштагы К.Б. аттуу жергиликтүү тургун кабарлаган. Ал ошол күнү Тынай-Булак кыштоосунда малын багып жаткан 26 жаштагы чабандан кабар алганы барып, кашардагы үйдөн келиндин сөөгүн көргөнүн айткан.
"Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу келиндин киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгүн аныктаган. Маркум Чүй облусунун Сокулук районунун 1998-жылы туулган тургуну К.К. экени такталган. Учурда К.Бнын малын багып жаткан малчынын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", — деп жазылат милициянын маалыматында.
Факты Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.