Бишкекбашкыархитектура муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Түлөбердиев

"Бишкек башкы архитектуранын" жетекчиси Түлөбердиев кармалды

191
(жаңыланган 17:56 25.12.2020)
2017-жылы Бишкек мэриясынын алдындагы муниципалдык ишканалардын кызмат адамдары сүйлөшүп алып, коррупциялык иштерге барышкан.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Түлөбердиев коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Билдирмеге караганда, 2017-жылы Бишкек мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы, "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жана мэриянын айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарды көздөп, жер тилкесин сатуу боюнча аукционду жеңип алууда үчүнчү жактар менен соодалашканы аныкталган.

24-декабрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Түлөбердиев жана бул ишке шектүү дагы бир адам кармалган.

Аталган факты Жазык кодексинин 309-беренеси ("Коррупция") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө башталган. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилгени айтылды.

191
Белгилер:
коррупция, шектүү, жетекчи
Тема боюнча
Бишкекте милиционер 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Видео

Бишкекте кургак сүттү мыйзамсыз өндүргөн жашыруун цех табылды. Видео

8
Ордо калаадагы базарлардын биринин аймагынан кургак сүттү санитардык эреже сакталбаган шартта жасаган цех табылган. Финпол ушундай мыйзамсыз иштер менен алектенгендер тууралуу кабарлап коюуну суранды.

Бишкекте Frima кургак сүтүн мыйзамсыз жол менен өндүрүп келген жашыруун цех табылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кабарлады.

Мекемеден билдиришкендей, бул факт Жазык кодексинин 218-беренеси ("Товарларды индивидуалдаштыруу каражаттарын (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) мыйзамсыз пайдалануу") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"25-январь күнү ордо калаадагы базарлардын биринин аймагынан аталган азыкты санитардык эрежел сактабалбаган шартта жасаган цех табылды. Учурда өлкө боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат", – деп айтылат маалыматта.

Финпол азык-түлүктөрдү мыйзамсыз өндүрүү жана сатуу менен алектенгендер тууралуу кабары барларга кайрылып, 1955 номерине билдирип коюуну суранат.

Мындай азыктар өлкө экономикасына гана эмес, жарандардын ден соолугуна да коркунуч келтирери белгиленген.

8
Белгилер:
кылмыш, азык, кургак сүт
Тема боюнча
Бишкекте мөөнөтү өткөн конфет-печенье сакталган дагы бир кампа табылды. Видео
Казино. Архив

Депутаттар чет элдиктер үчүн Ысык-Көлдө казино ачууну сунуштап жатат

21
(жаңыланган 12:14 26.01.2021)
Демилгечилер кумар оюндарынын ишине тыюу салуу мамлекеттик бюджетти бир жылда 600 миллион сом жоготууга, ошондой эле 11 миңден ашык жумушчу орундарынын жабылышына алып келгенин айтышкан.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда казинолордун ишине уруксат берүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Демилгечилер депутаттар Дастан Жумабеков менен Бактыбек Турусбеков болгон. Алар долбоор өлкө экономикасына салым кошуу, туристтик тармакты өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу максатында иштелип чыкканын жазышкан.

2012-жылдын 1-январында Кыргызстанда кумар оюндарынын ишине тыюу салган мыйзам күчүнө киргенин белгилеп өтүшкөн.

"Кумар оюндарынын катышуучусу чет мамлекеттин жараны болуп саналат", — деп белгиленген долбоордун негиздемесинде.

Демилгечилер кумар оюндарынын ишине тыюу салуу мамлекеттик бюджетти бир жылда 600 миллион сом жоготууга, ошондой эле 11 миңден ашык жумушчу орундарынын жабылышына алып келгенин айтышкан.

Казино "Тамчы" аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен курулушу болжолдонгон.

Мыйзам долбоору менен кененирээк шилтеме аркылуу таанышууга болот.

21
Белгилер:
долбоор, казино, оюн, Бактыбек Турусбеков, Дастанбек Жумабеков, Ысык-Көл облусу
Тема боюнча
Муканбетов: казино кайра ачылса экономикага пайдасы тиет
Ошто көмүскө кумар оюндарын уюштурду делген 9 жай аныкталды. Тизме