Америкалык фотограф Стефен Ли (Stephen Lioy)

Кыргызга күйөө бала болгон АКШлык фотограф: чет элдикти кыргыздай эч ким кабыл албайт

4978
(жаңыланган 13:25 29.12.2020)
Америкалык фотограф Стефен Ли (Stephen Lioy) ак кар баскан, жапайы жаныбарлар байырлаган кокту-колотту жөө аралап, мыкты сүрөттөрдү тартат. Кыргыз кызына баш кошкон чет элдик жарандын өлкөнү байырлаганына бир нече жыл болуп калды.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы чет элдик эс алуучу менен өлкөдөгү туризм жана треккинг жөнүндө маек курду.

— Сиз кооз жерлерге жөө барып, укмуш сүрөттөрдү тартып жүрөсүз. Ал тоолордун айрымдарын жергиликтүү тургундар дагы көрө элек болуш керек. Биздин жаратылыш кандай экен?

— Кыргызстандын жаратылышы түркүн түстөргө өтө бай экен. Бир жерге барганда чөлдө жүргөндөй болсоң, кичине ары бассаң эле жашыл талааларга чыгып каласың. Анан бул жакта кичинекей аралыкта көп нерсени көрүүгө мүмкүн экен. Мисалы, бүгүн тоолордо көчмөндөрдүн чыныгы жашоосун көрсөң, эртеси эле мөңгү баскан тоолордо үшүп-тоңуп жүрүп, аркы күнү шаарда кофейняда кофе ичип отурмай. Мен үчүн бул өзгөчө тажрыйба болду. Кыргызстандын Баткен облусунда эле боло элекмин, калган жердин баарын кыдырдым. Ысык-Көл облусунда болсо Койлуу, Алтын-Арашан, Сары-Жаз, Үзөңгү-Кууш, Эңилчек, Кырчын, Барскоон тоолорунда жөө жүрдүм. Жайкысын көл жээгинде бир-эки күн эле чыдайм, тоодо болсо жумалап болсо деле жүрө берем. Кыргызстандан алгачкы сүрөттөрүмдү 2012-жылы Тажикстандан Памир тоолору аркылуу келгенде тарткам. Ошондо Чоң Алайдын тоолорун камерама түшүрбөй калганыма азыркыга чейин өкүнөм. Менимче, республикадагы эң кооз жерлерди бири — Чоң Алай району.

Фотографии американского фотографа Стивена Лиой (Stephen Lioy)
© Фото / Stephen Lioy
Америкалык фотограф Стефен Ли (Stephen Lioy): Кыргызстандын жаратылышы түркүн түстөргө өтө бай экен. Бир жерге барганда чөлдө жүргөндөй болсоң, кичине ары бассаң эле жашыл талааларга чыгып каласың

— Кыска убакыт ичинде биздин асман жиреген тоолорду сүйүп калган турбайсызбы?

— Ооба. Мен жашаган АКШнын штатында деңиз деңгээлинен 80 метр бийиктикте жайгашкан адырды тоо дешет. Аны бул жактагы тоолор менен салыштырууга такыр болбойт. Кыргызстандан өзүм үчүн көп жаңы нерселерди ачып жатам. Быйыл Ысык-Көлдүн кокту-колотторунда эле эки айдай болдум.

— Социалдык тармактарда жарыялаган сүрөттөрүңүздөрдө мөңгү баскан тоолордун чокусуна чейин жеткениңизди көрүүгө болот. Бийик тоолуу аймакта кандай кыйынчылыктарга кабылдыңыз?

— Тоодо ар кандай кырдаалга даяр болуп, жаныңа керектүү каражаттарды ала чыгышың керек. Сапарга кийим-кече, чатыр, төшөнчү, тамак-ашты алып чыкмай. Эгер эки-үч күндүк жолго чыга турган болсом көтөргөн жүгүм эле 25 килограммга чейин жетет. Аны көтөрүп алып кокту-колотторду аралап, деңиз деңгээлинен 3650 метр бийиктикке чейин жетем. Андан сырткары, сүрөт тартууга керек болгон фотоаппарат, штатив жана башка жабдыктар эле 7-8 килограммга жетет. Күнүнө 15-20 чакырымга чейин жөө басууга туура келет. Ысык-Көлдүн тескей жээгиндеги эң узак сапарым жети күнгө созулду. Анда Жыргалаңдан чыгып Жети-Өгүзгө чейин келип, жалпы 90 чакырымды, сегиз ашууну басып өткөм. Кээде жырткыч жаныбарларды да кездештирип калабыз, бирок алар алыстан эле качып кетишет. Узак сапарда кооз жерлерди көрүп, мыкты кадрларды тартканда кыйынчылыктарды деле унутуп калам.

Фотографии американского фотографа Стивена Лиой (Stephen Lioy)
© Фото / Stephen Lioy
Америкалык фотограф Стефен Ли (Stephen Lioy): Кыргызстандын өзгөчөлүгү — көчмөн жашоонун элементтери сакталып калган жана жаратылышы абдан кооз

— Саякаттап көп эле өлкөдө болсоңуз керек, барган мамлекеттердин ичинен Кыргызстан эмнеси менен айырмаланат экен?

— Дүйнөнүн 60тан ашык мамлекетинде болуптурмун, Кыргызстандын өзгөчөлүгү — көчмөн жашоонун элементтери сакталып калган жана жаратылышы абдан кооз. Мисалы, АКШда деле кичине көчмөн турмуш бар, бирок силерде канча убакыт өтсө дагы мурдагыдай эле көчүп-конуу маданияты уланып келет. Демек,  буга зарылдык бар.

— Эми треккинг, башкача айтканда, тоодо жөө эс алуу жөнүндө сөз кылсак, Кыргызстанда туризмдин бул түрүн өнүктүрүү үчүн эмнелер жетишпей жатат деп ойлойсуз?

— Быйыл пандемияга байланыштуу Кыргызстанга чет элдик эс алуучулар келбегендиктен туристтик фирмалар негизинен жергиликтүү тургундар менен аш алып барууга мажбур болушту. Мунун аркасы менен катардагы эле жарандар треккинг аркылуу өздөрү үчүн бир топ кооз жерлерди таба алышты.

Менимче, силерде туризмдин негиздери жакшы эле түптөлүп жолго салынган, өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү арбын. Мен алгач Кыргызстанга сегиз жыл мурун жаңы келгенге салыштырмалуу жылыштар көп эле. Андан бери чет элдиктер үчүн киргизилген визасыз режим өз жемишин берди. Алыстан келе турчу туристтер үчүн өзүнө ыңгайлуу аба каттамдарды тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Азыр Кыргызстанга сапаттуу маркетинг жана жарнамалоо кичине жетишпей жатат, бирок мунун баары техникалык гана маселелер.

Ошондой эле эс алуучулардын агымы көп болушу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү зарыл. Мисалы, КРде треккинг кылганы келгендер тоодо жүк көтөрбөй эс алгысы келет. Ошондуктан учурда Кыргызстанга Непал атаандаш болууда. Алардын 4500 метр бийиктиктеги тоосунда заманбап кафе, мейманканалар бар. Ал жактан такыр жүк көтөрбөйсүң, сонун шарттарды түзгөн, жөө басчу маршруттарда лагерлер арбын. Лагерлерден өзүңө керектүү тамак-аш, жабдууларды сатып алып, ижарага ала аласың. Ал эми силерде кичине техника тартыш, айрым учурларда автоунаалар жетишсиз болуп калат.

Фотографии американского фотографа Стивена Лиой (Stephen Lioy)
© Фото / Stephen Lioy
Америкалык фотограф Стефен Ли (Stephen Lioy): жайкысын көл жээгинде бир-эки күн эле чыдайм, тоодо болсо жумалап болсо деле жүрө берем

— Кыргызстандан орун-очок алып калыптырсыз, биздин өлкөдөн эмне таптыңыз?

— Мен кыргыз элинин үрп-адат, каада-салт, тилин урматтайм. Башка мамлекеттерде кыргыздарчалык чет элдиктерди кабыл алышпайт. Мисалы, Кытайда канча жүрсөң дагы бөтөн адам болуп эсептелесиң. Ал эми кыргыздар менен бат эле жуурулушуп кетесиң. Мен бул жактан өзүмдүн сүйүүмдү таап, кыргыз кызына баш кошуп байыр алдым. Азыр кыргыздын күйөө баласымын, Бишкекте жашап кыргыз, орус тилдерин үйрөнүп жатам.

4978
Белгилер:
маек, фотограф, туризм, Кыргызстан
Тема боюнча
Эмгектери Лондондун галереяларында турат. Художник Сулайманов менен маек
Розанын 750, сирендин 70тен ашык түрүн өстүргөн үй-бүлө. Багбан менен маек
Илбирстин чоң топозду өлтүрүп жеп койгонго күчү жетет. Эколог менен маек
Кыз апасы менен кинотеатрда. Архив

Балдар үчүн кинофильмдин сценарийине сынак жарыяланды

10
Сценарий жазууга катышууну каалагандардын арызы "Кыргызфильм" киностудиясынын электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы балдар үчүн кинофильмдин сценарийине сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлады.

Ага ылайык, арыздар "Кыргызфильм" киностудиясынын электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

Сценарийдин тиркемесине төмөнкүлөр кирет:

  • болжолдуу аталышы;
  • жанр;
  • убакыт;
  • логлайн (кыскача баяндоо);
  • синопсис (кыскача мааниси).
"Сценарийлер америкалык форматта гана кабыл алынат. Ал эми тиркемелери менен өзү кыргыз тилинде жазылышы шарт. Жеңүүчүлөрдүн эмгеги киностудиянын расмий сайтына жарыяланат", — деп айтылат маалыматта.

Мыкты эмгектин ээсине 100 000 сом гонорар төлөнүп бериле турганы кошумчаланды.

10
Белгилер:
балдар, кино, сынак, сценарий
Тема боюнча
"Акыркы көч" тасмасы Дакка эл аралык кинофестивалына катышууда
Китепканадагы кыз. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда эркектерге караганда аялдар билимдүүрөөк. Статистика

18
Туруктуу жумушу бар аялдардын арасында 27 пайызы жогорку билимдүү болсо, эркектер арасында бул көрсөткүч 18 гана пайызды түзөт.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Иштеген жарандардын арасынан карай турган болсок, Кыргызстанда кесиптик билими бар эркектерге караганда аялдар басымдуулук кылат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Тагыраагы, иши бар аялдардын арасында 27 пайызы жогорку билимдүү болсо, эркектер арасында бул көрсөткүч 18 гана пайызды түзөт.

Кыз-келиндердин билимге умтулганын мындан билсек болот, 2019-2020-окуу жылында ЖОЖдордун студенттеринин 52 пайызын кыздар түзгөн. Ал эми орто кесиптик окуу жайларда окугандардын 56 пайызы кыздар. Ошондой эле аспирантурада окуп жаткан жарандардын ичинен 59 пайызы, докторантурада 67 пайызы аял кишилер.

Учурда кыргызстандык кыз-келиндер көбүнесе билим берүү, кеңири керектелүүчү товарлардын технологиясы, саламаттык сактоо, маданият, искусство, сервис сыяктуу адистиктерде окушат.

18
Белгилер:
билим, эркек, аял, Кыргызстан
Тема боюнча
Узаган жылы пенсия менен жөлөк пулга канча каражат жумшалган. Статистика