БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бүгүн, 25-декабрда, УКМК "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Түлөбердиевди коррупцияга шектүү деп кармады.
Ачык маалымат булактарында жазылгандай, Асхат Түлөбердиев 42 жашта. Ал 1978-жылы 20-июлда Бишкек шаарында туулган. 2016-жылы 23-декабрда ал "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын начальнигинин милдетин аткаруучу болгон. 2017-жылдын 10-апрелинде аталган ишкананын жетекчиси болуп дайындалган.
Түлөбердиев ушул эле муниципалдык ишканада начальниктин биринчи орун басары, "Бирдиктүү терезе" долбоордук-консультациялык борборунун башчысы да болуп эмгектенген.
Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Ренат Түлөбердиев кармалган аткаминердин бир тууган иниси. Буга чейин ал президент жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, Стамбулда консул жана № 1 мамлекеттик резиденциянын жетекчиси болгон.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкектин кайгуул милициясынын маалымат кызматы ордо калаанын чок ортосунда эмне себептен таң эрте милиция кызматкерлери көп экенин түшүндүрдү.
Буга чейин окурмандар "Ала-Тоо" аянтындагы автоунаалар тазаланып, кайгуул милициялары борбордук көчөлөрдө, анын ичинде Чүй проспектисинде көп турганы боюнча суроо узатышкан.
Кайгуул милициясынын маалымат кызматы билдиргендей, мекеме жакында боло турган президенттин инаугурациясына даярдык көрүп жатат жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда.Маалым болгондой, бул иш-чарада "Ала-Тоо" аянтын тосуу пландалган жок.
20-январь күнү БШК президенттик шайлоонун жыйынтыгын айтып, анда Садыр Жапаров жеңгенин кабарлаган. Жапаров шайлоочулар добушунун 79,2 пайызын алган.
Кийинчерээк президенттин инаугурациясы 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтө турганы айтылган.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы президенти Жозеф Байден алгачкы иш күнүндө кол койгон жарлыктарынын бири менен Кыргызстан катарына кирген бир нече өлкөнүн жарандарына коюлган визалык чектөөнү алып салды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
"Президент Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койду. Биз кыргыз өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саясий коопсуздукту кыйла жакшыртканын байкадык", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Ошондой эле өкмөт Интерпол менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана террорчулук тууралуу маалыматтар менен ачык-айкын бөлүшүп жатканы кошумчаланды.
"АКШ кыргыз элинин коопсуздугу жана эгемендүүлүгү үчүн эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгө умтулат", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 2017-жылы АКШга биометрикалык паспорт колдонбогон өлкөлөрдүн жарандары киргизилбей тургандыгы тууралуу жарлыкка мурдагы президент Дональд Трамп кол койгон. Анда Кыргызстан тез арада биометрикалык паспортторду жайылтышы керектиги айтылган.
Жо Байден 20-январь күнү ант берип, АКШнын президенттик кызматына расмий түрдө киришти.