БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Опузалап акча талап кылган деп шектелген грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын өткөн жылдагы чемпиону Роман Царев тергөө абагына которула элек. Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат катчысы Самат Калыков билдирди.
Буга чейин ЖМКлар Бишкектин Свердлов райондук соту Царевду №1 тергөө абагына киргизгенин кабарлаган.
Калыковдун айтымында, соттун чечими биринчи кезекте ЖАМКтын мекемесине түшүшү керек.
"ЖАМКтын Башкы прокуратура менен биргелешкен буйругуна ылайык, тергөө абагы шектүүлөрдү коронавируска тест тапшыртып, жыйынтыгы терс чыккандан кийин гана алат. Адатта бул процедуралар 14 күндөй убакытты алат", — деди Калыков.
Эскерте кетсек, жакында эле Бишкек шаарынын тургунунан 380 миң сом опузалап талап кылып, анын накталай 100 миң сомун алып жаткан жеринен кылмыштуу топ колго түшкөн. Опузачылардын бири Роман Царев болуп чыккан.
Милициянын маалыматына ылайык, BMW үлгүсүндөгү автоунаа менен келген шектүүлөр жабырлануучуга өздөрүн Алтынбек жана Роман деп тааныштырып, коркутушкан. Шектүүлөр К.М. аттуу жаранга шилтеме берген. Анткени бир аз убакыт мурда жабырлануучунун андан карызга акча алгандыгы аныкталган. Мындан соң кылмышкерлер белгисиз тарапка кетишкен. Бирок телефон аркылуу күч колдонобуз деген опузасын улантканы айтылган.
Аталган факты Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Алдын ала сүйлөшүү аркылуу адамдар тобу тарабынан опузалап талап кылуу") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Царевду улуттук командадан четтеткени айтылган.
Жерүйдө чатакка жергиликтүү калктын жумушсуздугу, социалдык-экономикалык абал себеп. Бул тууралуу Илимбек Абдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шайлоодон кийин инвестициялык климат жакшы жагына өзгөрүп жатканы байкалууда.
"Жерүйдө чатактын чыгуусуна жергиликтүү калктын жумушсуздугу, социалдык-экономикалык абал себеп болууда. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын арасында колдогондор жана колдобогондор болуп, бөлүнүү бар экен. Мындан ары тирешүүнүн уланбашы үчүн инвестор менен калктын ортосунда диалог уюштурулду. Жергиликтүү тургундардын арасынан экология жаатында адистер бар болсо, тизмесин түзүү, бирдиктүү талаптарды коюу сунушталды. Тийиштүү маалыматтар Жерүйдүн жетекчилигине да, өкмөткө да жеткирилди", — деди Абдиев.
Ошондой эле ал облуста кээ бир социалдык объектилердин курулушуна каражат бөлүнсө да айрым себептерден улам бүткөрүлбөй турганын кошумчалады.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызстандын бийлиги коронавирусту, анын ичинде жаңы штаммын өлкөгө киргизбөө жана жайылтпоо максатында алгоритм иштеп чыккан.
Саламаттык сактоо, Тышкы иштер, Жолдор жана транспорт, Маданият, маалымат жана туризм министрликтери "Манас" эл аралык аэропорту жана Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте буйрук чыгарып, ага 13-январда кол коюлган.
Алгоритм Бишкек, Ош, Ысык-Көлдөгү аэропортторго эл аралык каттамдар менен келген бардык адамдарга тиешелүү экени айтылды.
Аба каттамы менен келгендерге алгоритм:
Мындай алгоритм ички каттамдар менен жүргөндөргө да тиешелүү.
КРге транспорт менен келчүлөр үчүн алгоритм:
Кыргызстандыктардын да, башка өлкөнүн жарандарынын дагы тест тапшырган маалымкаты болушу керек. Бул эреже чет өлкөлүк элчилик, консулдук, эл аралык уюмдардын кызматкерлерине, экипаж мүчөлөрүнө тиешелүү эмес. Ошондой эле ата-энелери менен келе жаткан 7 жашка чейинки балдарга колдонулбайт. Мындай документ эл аралык жүк ташуу менен алектенген айдоочулардан да суралбайт;
Ал эми оору табылган адам менен байланышта болгондор милдеттендирилген анкета толтуруп, үйүндө өзүн-өзү изоляциялоодо болушу керек же чек арада алынган тесттин жыйынтыгы чыккыча обсервацияда жатып турушу шарт.
Бул буйрук Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында да жайгаштырылган.
Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган. Адистердин айтымында, вирустун жаңы түрү мурдагыга салыштырмалуу тез тарайт.