Дем алыш күндөрү Бишкекте ок атуучулар менен каратисттер күчүн сынайт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКаратеден мелдеш. Архив
Каратеден мелдеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каратэ боюнча чемпионат Кожомкул атындагы Спорт сарайында уюштурулуп, иш-чара коронавирус шартына байланыштуу көрүүчүлөрү жок өтөт.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Ушул дем алыш күндөрү борбор калаада ок атуу жана каратэ-до боюнча республиканын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Ок атуу боюнча мелдеш бүгүн, 26-декабрда, саат 12:00дө Валиханов көчөсүндөгү 9X19 спорт комплексинде башталып, саат 16:00дө бүтөт.

Ал эми каратэ боюнча чемпионат 26-27-декабрь күндөрү Кожомкул атындагы Спорт сарайында болот. Иш-чара коронавирус шартына байланыштуу көрүүчүлөрү жок өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0