Коронавирустан 4 адам каза тапты. Жуктургандар, айыккандар боюнча маалымат

© Sputnik / Ростислав Нетисов / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер. Архив
Медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү статистикада оору жуктургандарга караганда айыккандарды саны эки эсеге көбүрөөк. Тилекке каршы, төрт адам каза тапты.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Соңку бир сутканын аралыгында Кыргызстанда 300 адам коронавирустан айыгып чыкса, ошол эле учурда дагы 157 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар:

  • Бишкек – 102;
  • Ош шаары – 9;
  • Чүй облусу – 97;
  • Ош облусу – 16;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 28;
  • Жалал-Абад облусу – 25;
  • Баткен облусу – 14.

Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңип чыккандардын жалпы саны 74 477ге жетти.

COVID-19 жуктуруп алгандар:

  • Бишкек – 60;
  • Ош – 6;
  • Чүй облусу – 27;
  • Ош облусу – 20;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 20;
  • Жалал-Абад облусу – 10;
  • Баткен облусу – 4;

Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкөдө 80 182 адам оору жуктуруп алганы аныкталды.

Тилекке каршы, кечээ коронавирустан Бишкекте төрт адам каза болду. Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен илдеттен ажал тапкандардын саны 1 344кө жетти.

Учурда ооруканаларда 1 303 бейтап жатат. Анын ичинен:

  • канааттандырарлык абалда - 20 адам;
  • орто оордукта - 855;
  • оор абалда - 365;
  • өтө оор абалда - 63.

Ал эми үй шартында медиктердин көзөмөлүндө 2 155 адам дарыланууда.

Акыркы сутка ичинде 3 260 ПЦР изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0