УКМК Матраимовдон алган батирлерди мамлекетке өткөрүп бермей болду

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOИИМдин кызматкерлери УКМКнын имаратынын алдында. Архив
ИИМдин кызматкерлери УКМКнын имаратынын алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батирлердин чекисттерге берилиши коомчулукта катуу нааразычылык жаратып, ЖК депутаттары, вице-премьер дагы каршы пикирин билдирген.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Райым Матраимовдон алынган батирлер мамлекетке өткөрүп берилерин билдирди.

Маалымат кызматы тараткан кабарда алынган батирлерди УКМК кызматкерлерине берүү маселеси каралбай турганы жазылат. Бардык мүлк белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүлөрү белгиленген.

Депутат ЖК Айгерим Бешимбаева - Sputnik Кыргызстан
Депутат Матраимовдун үйлөрүн чекисттерге эмес, жетим балдарга берүүнү сунуштады
Эскерте кетсек, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн 2 миллиард сом төлөөгө милдеттендирилген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ал 1,4 миллиард сомду накталай, калган 600 миллион сомуна бир соода борбору, тогуз батирин өткөрүп бергенин айткан. Анын сегизин УКМК кызматкерлерине калтырмай болушкан

Бирок батирлердин чекисттерге берилиши коомчулукта катуу нааразычылык жаратты. ЖК депутаттары, вице-премьер Эльвира Сурабалдиева дагы каршы пикирин билдирип, андан көрө жетим балдарга берүү керектигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0