Быйыл президенттик балаты онлайн форматта өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги филармонияда президенттик балаты. Архив
Бишкектеги филармонияда президенттик балаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жылдык концерт, театралдаштырылган программа Коомдук телеканал аркылуу түз эфирден көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Мамлекет башчынын маалымат кызматы эртең, 27-декабрда, президенттик балаты өтө турганын билдирди.

Бул жылы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу балдар үчүн жаңы жылдык иш-чара онлайн форматында болору белгиленди.

Жаңы жылдык концерт, театралдаштырылган программа КТРК аркылуу түз эфирден көрсөтүлөт. Балаты майрамы саат 11.00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0