Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүАвтоунаа каар жагандан кийин. Архив
Автоунаа каар жагандан кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-декабрга караган түнү Нарын жана Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Республиканын башка өрөөндөрүндө жаан-чачын божомолдонгон эмес.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. 27-декабрь, жекшембиде, көпчүлүк райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө -4...+1 градус, Талас облусунда +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймагында +2...+7, ал эми Ысык-Көлдө -2...+3 градус, Нарын жергесинде -6...-11 градус суук болору айтылды.

Борбор калаада күн ачык болуп -1...+1 градуска чейин жылыса, Ош шаарында кар жаап, +3...+5 градуска чейин жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0