COVID-19дан ооруп айыккан оңбу же эмдөө керекпи? Вакцина боюнча 8 суроого жооп

© AFP / CHANDAN KHANNAМедициналык кызматкер бейтап менен эмдөө учурунда. Архив
Медициналык кызматкер бейтап менен эмдөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гамалея борбору тарабынан жасалган "Спутник V" вакцинасы менен РФте эки жүз миңден ашуун киши, эң оболу врачтар, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер эмделди.

Эмдөө кампаниясы эми Россиянын аймактарында башталганы турат. Азырынча 330 миң доза, жакынкы айларда дагы үч миллиондун тегерегинде жөнөтүлөрү айтылды.

COVID-19 эпидемиясын ооздуктап калууга үмүт жангандай. РФтеги Милдеттүү медицина фондунун иликтөөсү боюнча россиялыктардын 42 пайызы жакын арада эмдетүүгө каршы эмес. Бирок көпчүлүк кыска мезгилде иштелип чыккан препарат менен эмдөөнүн кажети барбы, ден соолукка кандай таасир этет, балким, андан көрө ооруп айыккан дурустур деп түйшөлүүдө. Кесиптешибиз Татьяна Пичугина ушул жана башка суроолорго жооп издеп көргөн. Анын РИА Новости агенттигине жарыяланган макаласын сиздер менен бөлүшүүнү эп көрдүк.

"Спутник V" вакцинасы эмнеден турат?

Препарат адамдын эки: геному өзгөртүлгөн ad 26 жана ad 5 аденовирустарынан турат. Кадимки аденовирустар курч респиратордук вирустук инфекцияны козгойт, тамак бездерин, тамактын лимфа бездерин сезгентет. Вакцина жасоо үчүн микробдун репликациясынын гендерин өчүрүп, башкача айтканда кастрацияланат. Антсе деле ал клеткага кире алат, бирок көбөйүүгө жөндөмсүз. Эми ушул идеалдуу зыянсыз ташуучу – "посылканы" так дарегине жеткире алчу вектор. Мында посылка дегенибиз – SARS-CoV-2 спайк-белогунун синтези жөнүндөгү нускаманы ташуучу ген. Аны тек гана "кастрацияланган" аденовирустун геномуна салып коюшат.

Вектор клеткага кирет, ар түрдүү белоктору, анын ичинде спайкты синтездөөнү баштайт. Организм ага реакция кылып, өзүнчө бир иммунитет иштеп чыгат. Иммундук клеткалар векторду ажыратып, организмден чыгарып салышат.

Коронавируска каршы вакцина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан коронавируска каршы 1,2 миллион доза вакцина алууга билдирме берди
Вакцинада кооптуу нерсе камтылганбы?

Жок. Аденовирустардын өздөрүнүн деле инфекциялык сезгентүүсү анчалык күчтүү эмес. Мындан сырткары, алардын бир катар артыкчылыктары да бар. Маселен, чоң ДНК-геном, ошондуктан аны бир-эки генди өчүрүү менен зыянсыздандыруу оңой. Ушул эле себептен улам алар кожоюндун ДНК клеткасына өздөрүнүн геномдорун кыстарбайт, андыктан мутацияны чакырбайт.

Вакцинада коронавирус барбы?

Препараттын курамындагы аденовирустук векторлордо SARS-CoV-2 жок. Анын бир гана гени, тагыраагы, коронавирустун сырткы челиндеги тикен – спайк-белоктун синтези жөнүндөгү нускаманы ташыган нуклеотиддердин анча чоң эмес ырааттуулугу камтылат.

Ал аркылуу вирус клеткалык мембранага жабышып, ичке кирет. Адамдын клеткасына кирип алган ушул белок организмдин иммундук реакциясын чакыра алат. Бирок ооруга кабылтпайт.

Эмдөө кантип жасалат? Оорутабы?

Ийне колдун булчуңуна вакциналардын көпчүлүгүндөй эле шприц менен сайылат. Ийне сайылган жер бир аз оорутушу мүмкүн. Кызарып, кычыштырганы чанда, бирок атайын дарылоону талап кылбастан тез эле тарап кетет.

"Спутник V" эки баскыч менен сайылат. Адам адегенде 26-серотиптеги аденовирустук вектордун биринчи ченемин алат. 21 күндөн кийин бешинчи серотиптеги аденовирустун негизиндеги экинчи ченем сайылат.

Мындай ыкма атайын жасалууда, себеби адамдын организминде аденовирустун бул түрүнө иммунитет бар, андыктан бир ченем чабал таасир эткен болсо, экинчиси сөзсүз коргоону камсыз кылат. Эмдөөнүн эки баскычтуу схемасы дүйнөдө кеңири белгилүү, абдан натыйжалуу деп саналат.

Вакцинанын кыйыр таасирлери кандай?

Коронавируска эмдөө алып жаткан бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавируска каршы эмделгенден кийин эмнелерди кылбаш керек. Кеңештер
Lancet журналындагы макалада клиникалык сыноолордун биринчи жана экинчи стадияларынын жыйынтыгы боюнча Гамалея борборунун окумуштуулары көп кездешкен кыйыр таасирлери катары буларды аташты: адамдын ийне сайылган жери ооруксунтат, эти ысыйт, башы ооруйт, чарчаңкы тартып, булчуң жана муундары оорутат. Температура 37-38,4 градуска, эң жогору дегенде 38,5-38,9 градуска чыккан. Биринчи-экинчи баскычтагы сыноолор 18-60 жаштагы дени сак 120 адамга жүргүзүлгөн. Кыйыр таасирлердин баары аларда чабал эле болуп, эч кандай көйгөй байкалган эмес. Сыноонун жыйынтыктары адамдын аденовирустук векторлорунун негизиндеги вакцина коопсуз экени тастыкталып, Россияда анын катталышына мүмкүндүк берген. Ушул тапта каттоодон кийинки сыноолор уланып, ага 40 миңге чукул ыктыярчы катышууда.

Гам-КОВИД-Вак-2020 ("Спутник V" — препараттын сатыктагы аталышы) менен эмделгендердин нускамасында адамдардын 5,7 пайызынын эти ысып, чыйрыгып, башы ооруп жана дене-бою талышы мүмкүн экени айтылат. Он пайызы чарчап жана өзүн начар сезип, көңүлү айнышы ыктымал. Ийне сайылган жер кычышып, мурун бүтүп, тамак оорушу да мүмкүн. Булар – эртеси, эң узак дегенде үч күндө кетип калчу жеке реакциялар.

COVID-19 менен ооругандар эмдетсе болобу?

Ооруп айыккандарга вакцина кандай таасир этери белгисиз, андай изилдөөлөр жүргүзүлгөн жок. Коронавирустук инфекциядан кийин адатта табигый иммунитет түзүлүшү керек. Ал канчалык узак кармалары так эмес. Бирок сейрек кездешкен кайра жуктурууларды эске алсак, бир нече айга, жарым жылга жетиши мүмкүн. Демек, ушундай убакыт аралыгында эмдетпей турган оң. Жазында ооруп айыккандардын иммунитети чабалдап калышы ыктымал.

РФтеги Терапия жана профилактикалык медицина боюнча Улуттук медициналык изилдөө борборунун директору Оксана Драпкинанын айтымында, ооруп айыккандар эмделбейт. Ноокастын ооруп айыкканын кандагы G классындагы антителолордун деңгээлинин көптүгү айгинелейт. Мындай анализди бейтап эмдөөгө барардын алдында өз алдынча тапшырып алса болот.

Эмдөөдөн кийин да бет кап тагынуу зарылбы?

Сөзсүз түрдө. Иммунитет вакцинанын экинчи ченеминен үч аптадан кийин гана (биринчи ийне сайылгандан кийин 42 күн дегенде) толук түптөлөт. Ошол убакыт аралыгында адам толук корголбойт, ошол себептен алдын алуунун бардык чараларын көрүүгө тийиш. Бет капты адам жык топтолгон жерде COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн-өтпөгөнүнө карабай тегиз тагынуу зарыл.

Маалымат каражаттарында эмделгенден кийин да COVID-19га кабылгандар тууралуу жазылууда

Андай учурлар болушу мүмкүн, вакцинанын кесепети деп эмес, эмне себеп болгонун түшүнүп алуу керек. Гамалея вакцинасында COVID-19ду козгогуч жок, ошондуктан ал ооруга кептебейт. Эгер адам эмдөөдөн кийин ооруп калса, анда эмдөөгө чейин эле жуктуруп алган. Белгилери байкалбагандыктан билген эмес. Эгер вакцинацияга аз күн калганда же ошол күнү жуктурган болсо, анда коронавирусту же антителолорду аныктоочу тесттер таза чыга берет.

Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстан "Спутник V" вакцинасын өндүрө баштады
Биринчи эмдөөдөн кийин COVID-19 менен ооруп калуу — адам эбак жуктуруп же эмдөөдөн көп өтпөй эле дароо жуктуруп алганы менен дал келип калышы. Кышкысын ооруп калуу мүмкүндүгү жогору болгондуктан, бул анчалык таң калычтуу деле көрүнүш эмес.

"Спутник V" вакцинасы 91,4 пайыз эффективдүү экени расмий сайтында жазылат. Ал эми Гамалея атындагы борбордун директору Александр Гинцбург "Соловьев LIVE" YouTube-каналынан вакцинанын 96 пайыздык натыйжалуулугун маалымдаган. Ооруп калуу мүмкүндүгү — төрт пайыз. Окумуштуунун айтымында, физиологиялык өзгөчөлүктөрүнөн улам ушул төрт пайыздык көрсөткүчкө кирип калгандарда оору алда канча жеңил өтөт: мурдунан суу куюлуп жөтөлүп, эти бир аз ысышы ыктымал. Бирок ооруну козгогучтар өпкөгө түшпөйт.

Эмдөөдөн көрө COVID-19 менен ооруп айыккан жакшыбы?

Вакцина сайдырып-сайдырбоону адам өзү же дарылаган врачы менен биргеликте чечет. Өзүнүн дарттарын, учурдагы абалын эске алуусу шарт. Терс таасирлери болбосо, саламаттык үчүн тобокелдиктерин салмактоо керек. COVID-19 менен ооруп айыккандан көрө эмдөө тобокелдиктерди кыйла азайтат. Вакцина алгандан кийин бир топ күчтүү иммунитет жаралары боюнча маалыматтар бар.

Үлгүлөргө караганда, планетанын калкынын 22 пайызында COVID-19дун оор формасынын тобокелдигин жогорулаткан кеминде бир оору бар. Бирок жеңил формасы деле организмге доо кетирбей койбойт. Ооруп айыккандардын көпчүлүгүндө "ковиддин кесепеттери" көпкө чейин сакталары байкалууда.

Ооруп айыгуунун узакка созулган таасирлери али изилдене элек. Анткен менен эмгекке жөндөмдүүлүк кеминде эле эки жумага жоголорун билебиз. Андан сырткары, дары-дармек чыгымдары, ал эми эң башкысы — жакындарыңызга, айрыкча карыяларга жуктуруп алуу тобокелдиги бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0