Чүй облустук ЖКККБнын башчысы Шаирбек Бопонов кармалды  

© Sputnik / Табылды КадырбековЧүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Шаирбек Бопонов. Архив
Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Шаирбек Бопонов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бопонов кайсы ишке айыпталып жатканы азырынча белгисиз. Ал убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Шаирбек Бопонов кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы маалымат булагы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кечээ, 25-декабрда, ал УКМКга суракка чакырылып, андан соң кармашкан. Учурда облустук ЖКККБнын жетекчиси тергөө абагына киргизилди.

Бопонов кайсы ишке айыпталып кармалганы азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0