Министрлик: Баткен шаарында 28 ишкана менен өнөр жай зонасы курулат

Жазылуу
Эгер айтылган демилге ишке ашып калса, 2000ден ашык жумушчу орундар түзүлүп, инвестиция тартылат, экспорттун көлөмү көбөйөт. Ошондой эле шаардын инфраструктурасы жакшырат.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Баткен шаарында 28 ишкана менен өнөр жай зонасы курулат. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул үчүн өкмөттүн 2019-жылдын 21-январындагы №617 токтому менен Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында жайгашкан 172,9 гектар айыл чарба жерлери "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулган.

Министрлик Баткен облусу республиканын түштүк-батышында жайгашкан жана сейрек кездешүүчү өнөр жай потенциалына ээ экенин белгиледи.

"Кен иштетүү жана кайра иштетүү ишканаларын өнүктүрүүгө багытталган Баткен облусунун тоо-кен өнөр жайынын минералдык-сырьелук базасы пайдалуу кендердин айрым түрлөрүнүн, биринчи кезекте сымап, сурьма, көмүр, кварц куму ж.б. өнөр жайын өнүктүрүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.

Өнөр жай зонасында төмөнкү объектилердин курулушу күтүлүүдө:

  • индустриалдык соода-логистикалык борбору;
  • ун тартуучу комбинат;
  • курулуш материалдарын өндүрүүчү завод;
  • бут кийим фабрикасы;
  • жүн жана терини кайра иштетүүчү завод;
  • таштандыларды кайра иштетүүчү завод;
  • нефть базасы;
  • тоо-кен комбинаты;
  • жылуулук электр борбору;
  • айнек жасоочу мини цех.
"2000ден ашык жумушчу орундар түзүлөт, инвестициялар тартылат, экспорттун көлөмү көбөйөт. Шаардын инфраструктурасы жакшырат. Учурда облуста 7 объектинин курулушу башталды. Бул текстиль фабрикасы, кургатылган жемиштерди кайра иштетүү жана сорттоо, касапкана, бетон буюмдары, логистикалык борбор, майдалоочу цех. Баткен облусунун потенциалы жана анын өнүгүү динамикасы мындан да ири инвестицияларды тартууга жана масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.

Облустун өнөр жайын өнүктүрүүнүн негизги милдети жергиликтүү сырьелук базаны натыйжалуу пайдалануу болуп саналат. Билдирүүдө бул облустун тоо-кен тармагын, курулуш материалдар өнөр жайын, тамак-аш жана кайра иштетүү тармагын мындан ары өнүгүшүнө түрткү берери белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0