БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирус 191 кишиден табылса, 307 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Айыккандар:
Бир сутка ичинде төрт киши каза тапты. Алардын үчөө Бишкек шаарынын, бирөө Баткен облусунун тургундары болгон.
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 80 373кө жетип, оорудан 74 820 бейтап айыкты. Ал эми каза тапкандардын саны 1 348ге барып калды. Азыркы тапта ооруканаларда 1 261 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 369 бейтаптын абалы оор болсо, 53 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.Кечээтен бери тогуз медиктен коронавирус табылган. Ошол эле маалда 12 ак халатчан дартты жеңип чыккан.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кытайда кайгуул полиция кызматкери бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра дароо эле жумушка чыкты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы кабарлады.
Салтанат Кытайдын Хэбей провинциясында өткөн. Анда жумушунан бошобогон полиция кызматкери түшкү тамактануу учурунда убакыт таап, келинчеги менен бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра эле кызматына жөнөгөнү айтылат.
Түгөйлөр 15-январда баш кошкон.
Кытай баш кошуу үй-бүлө үлпөт той полиция
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Азыр мамлекеттик ипотека алуу үчүн документтерди тапшырууга болгону жарым сааттык убакыт талап кылынат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрайымы Элмира Абжапарова билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтүп жаткан брифингге катышууда.
Абжапарованын айтымында, былтыркы жылдан тарта арыздарды кабыл алуу үчүн электрондук портал ишке киргизилген.
"Мурда документтерди тапшырууга орто эсеп менен үч айдай убакыт кетчү. Кагаздарды чогултууга эле бир топ убакыт, каражат талап кылынчу. Азыр ар бир адам өзүнүн уюлдук телефону аркылуу жарым сааттын ичинде ишин бүтүрүп алат. Портал "Түндүк" системасына кошулган. Андыктан мурда жаран кезекте туруп, кагаз түрүндө алган документтерди азыр өзүбүз даярдап алабыз", — деди Абжапарова.
Ошондой эле ал учурда бул багыт бир топ өнүккөн Азербайжан менен тажрыйба алмашуу болуп жатканын кошумчалады.