Депутат Тазабек Икрамовдун ырдаганын соцтармак баалап да, сындап да жиберди. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эфирде Икрамов, вице-спикер Аида Касымалиева белгилүү ырчы Токтобүбү Черикчиева менен Рыспай Абдыкадыровдун "Издейм сени" чыгармасын аткарышкан.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Соцтармак колдонуучулары Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун ырдаган видеосун талкуулап, айрымдары мактап, кээ бири сынга алды.

Жакында эле Twitter баракчасына "Кыргыз радиосунун" 25-декабрда болгон эфири жарыяланган. Анда Икрамов, вице-спикер Аида Касымалиева жана белгилүү ырчы Токтобүбү Черикчиева Рыспай Абдыкадыровдун "Издейм сени" чыгармасын аткарышкан.

​Депутаттын ырдаган видеосу соцтармакка тарагандан кийин колдонуучулар ага түрдүү пикирлерин жазышты.

Флаг Кыргызстана на горе Боз-Болток - Sputnik Кыргызстан
Өзбек ырчысы кыргызстандыктарга дем берип "Кыргыз жери" ырын аткарды. Видео
Көпчүлүгү эл өкүлүнүн жакшы ырдай турганын белгилешкен. Айрымдары "депутат эмес, ырчы эле болуп алса болмок" деп жазса, дагы бири "кесипти туура эмес тандап алыптыр" деп какшыкташкан.

Арасында сындагандар да чыгып, "ырдагандан көрө элдин көйгөйүн чечпейби" деген пикир калтырышкан. Дагы бир колдонуучу "көп мактабагыла, "эмгек сиңирген артист" деген наамды алып албасын" деп тамашага салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0