БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы 28-декабрда Бишкектеги 1800 абоненттин жарыгын аралыктан өчүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.
Компания жарык берүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн абоненттерди карыздан кутулуп, эсептерди төлөөгө чакырды.
Жарандар электр энергиясы үчүн канча карызы бар экенин билүү үчүн https://se.kg/balance сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнө кирсе болот. Ал үчүн эсеп номерин билүү керек. Мындан сырткары, абоненттер сall-борборго 1209 номери аркылуу чалып же (0551) 001-209 WhatsApp номерине жаза алышат.Каражатты терминалдар, электрондук капчыктар, банктар жана почталар аркылуу төлөөгө болот.
Роботтун эки колу бар, ал кудум адамдыкына окшош. Текчеден тиешелүү азык-түлүктү өзү эле алып, кууруп, бышырып, ал тургай күйгүзүп жибербей аралаштырып да турат. Отту азайтып же керек болсо көбөйтөт.
Бир нерсе төгүлүп же чачылып кетсе, жыйнап да коёру маалым болду. Идиш-аякты кадимкидей жууйт.Түзүүчүлөр темир ашпозчунун эсине тамак-аш жасоонун беш миң ыкмасын киргизип коюшкан. Авторлор ээси тажап кетпеш үчүн кулинария китебин ай сайын жаңылап турууну пландап жаткандыктарын айтып беришкен.
Роботтун баасы учурда болжол менен 40,8 миң — 74,8 миң доллардын тегерегинде экендигин айтышты.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги мектептердин онлайн тартипте окутууга өткөн биринчи күнү 53,5 миңден ашуун бала барса, ушул эле окуучулардын 3 680 классташы аралыктан окуп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ошондой эле алты миңден ашуун мугалим расписаниеге ылайык, кадимки жана аралыктан билим берүү тартибинде сабак өтүшкөн.
Маалыматта мектептер дезинфекциялык каражаттар, антибактериалдык самындар, санитайзер, термометр жана башкалар менен камсыздалганы айтылды.