БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бүгүн, 27-декабрда, президенттик балаты онлайн-форматта өтүп, ага өлкө башчынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов катышты. Бул тууралуу президенттин маалымыт кызматынан билдиришти.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен балдарга арналган жаңы жылдык иш-чара КТРКнын түз эфиринде көрсөтүлдү.
Президенттик балатыда Мамытов өтүп бараткан жылда дүйнө жүзүндө коронавирус илдетинен көптөгөн мамлекеттер жабыркап, Кыргызстанда дагы бул оору көптөгөн көйгөйлөрдү, анын ичинде билим берүү жаатында бир топ түйшүктөрдү жаратканын белгиледи.
"Бирок силер бардык кыйынчылыктарга карабастан, заманбап технологиялар менен жаңы программаларды өздөштүрүп, замандын арышынан артта калбай окуп жатканыңыздар мени абдан кубандырат. Дүйнө жүзүндө эң кымбат нерсе — бул билим. Эртең силер мамлекеттин ээси болосуңар. Бирок ал үчүн көп эмгек кылып, көп билим алышыңар керек. Жаңы жылда жаңы кыялдар менен гана чектелбестен, ошол кыялдарга жетүүгө бардык аракетиңерди жумшагыла" — деди Мамытов.
Ошондой эле ал жаңы жылда Кыргызстандын балдары мектеп программаларын өздөштүрүп, көңүлдөрүнө жаккан китептерди көп окуп, кыйышпас досторду таап, татыктуу билим аларына тилектештигин билдирди.
Президенттик балаты чыгармачыл балдар жамаатынын катышуусунда концерттик, театрлаштырылган программа менен коштолду.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Италиялык "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду расмий беттештерде киргизген голдорунун саны боюнча футбол тарыхында биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
35 жаштагы спортчу кечээ Италиянын Суперкубогу үчүн "Наполи" менен оюнда гол киргизди. Беттеш 2:0 эсеби менен туриндиктердин пайдасына аяктаган.
Бул Роналдунун профессионалдык карьерасындагы клуб жана улуттук командасы үчүн киргизген 760-голу болду. Муну менен ал Австрия жана чехословакиялык футболчу Йозеф Бицандан ашып өттү. 1950-жылдары ойногон чабуулчу атаандаштарынын дарбазасына 759 ирет топ киргизген.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кытайда кайгуул полиция кызматкери бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра дароо эле жумушка чыкты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы кабарлады.
Салтанат Кытайдын Хэбей провинциясында өткөн. Анда жумушунан бошобогон полиция кызматкери түшкү тамактануу учурунда убакыт таап, келинчеги менен бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра эле кызматына жөнөгөнү айтылат.
Түгөйлөр 15-январда баш кошкон.