КРдин эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев. Архив

Бир ууртам шарап, биз аңдыган жарык. Сыймык Бейшекеевдин айылга каты

979
(жаңыланган 17:24 27.12.2020)
Бул сапар айылга катты белгилүү ырчы жана обончу, КРдин эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев жазды. Ал бардык адамзатка тирүүлүк тилеп, ошону менен бирге тээ 25-30 жыл артта калган жарык, жакшы бир дүйнөнү эстеди.

Арыбагыла, менин ардактуу айылдаштарым, мал-жан аман-эсен, оору-сыркоодон сырт турасыздарбы? Кичи мекенге каттап, ара-чолодо көрүшүп, телефон менен сүйлөшүп турганым менен эмнегедир ушул катты жазууну туура көрдүм. Балалыгым өткөн айыл ар дайым сагынтып, дамаамат өзүнө тартып чакырганы чакырган. Баары, баары көз алдымда.

Ак тилектүү балдар, аман болгула! КРдин эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеевдин айылга каты

...Чаңын сапырып жылаңайлак чуркаган кең көчө, кашаттан шаркырап аккан көк кашка Бала-Чычкан суусу, мал жайган адырлар, жайкысын эриндерибиз көгөргүчө чабак урган канал... Баары балалык кыялга жетелеп жөнөйт. Негедир биздин балалык башкача өңүттө өткөндөй сезиле берет. Бүгүнкү жазган катымды балалыкта бирге өскөн классташтарыма жолдогум келди.

Айылдын атыр жыттуу абасынан дем алган досторум, кандайсыңар? Бул күндөрү айылдын абасы чын эле алтынга тете экендигин Бишкекте жашап туруп абдан сезип жаткан учурубуз... Эми ал туурасында башка кеп. Үй-бүлө, ден соолук, иштер жакшыбы? Мики, Окей, Нурбек, Укунчик, кандайсыңар? Тыныш классташыбыз быйыл да үйлөнбөй калды окшойт, ээ? Микинин дүкөнүнө чогулуп аткандырсыңар? Баса, Асакеев Максат классташтын кызын турмушка узатыпсыңар, алыс кетпей кайра эле Ази менен Айнура классташыбызга келин болгонун угуп абдан кубандым, тоюна чакыруу келип бара албадым. Бирок шаардагы классташтар бул жерден куттук айтып, куда болуп келген Максат менен Жыпарага сый-урматыбызды жасадык.

Заслуженный артист Кыргызстана Сыймык Бейшекеев с родителями
© Фото / из личного архива Сыймыка Бейшекеева
Сыймык Бейшекеев атасы Токтогул, апасы Панаш менен

Ар кимибиз тиричилигибиз, чыгармачылыгыбыз, кесибибиз менен алек болуп, тирүүлүктүн түйшүгүн да, кереметин да татып жүрөбүз. Кайдадыр шашабыз, ашыгабыз. Көп учурда бизди ашыктырган, мүнөттү саатка, саатты суткага, аны апта-айларга айландырып чимирилткен мезгилдин агымы менен кете беребиз. Саамга токтой калып, убакытка каяша айтуу көп учурда эске келбейт. Анткен менен күн сайын күч алып, түгөнбөгөн, жай алдырып отургузбаган иштеримдин бардыгын токтотуп коюп, бүгүн түн бир оокумга чейин ушул катты жазып отурдум.

Адамдын өмүрүндө, эстегенде эч убакта кабак чытыбаган, улам алыстаган сайын жарыгы ошончолук чачырап, барк-баасы улам кымбат сезилген бир гана балалык мезгил окшобойбу. Бүгүн мен ошол балалыкка ода айтып, классташтарымды, жеткинчек, өспүрүм кездеги кылыктарымды эстегим келди.

...Кечээ эле боз балдар элек, а бүгүн орто муундун катарын толуктап отурабыз. Эх-ххх... Бала бойдон калгым келет кээде.

...9-класста окуп жүрүп, Рахманалиев Максаттын үйүндөгү Жаңы жыл тосконубуз эске келди. Түшкү саат 12де башталган отуруш эшиктин алдында кар малтап, "Мираж" тобунун ырына бийлегенибиз төрт саатка созулган. Кечке маал төрттөрдөн өткөндө АПАКЕМ келип, мени көк желкеге эки уруп, "азыр сыйыңар менен тарагыла" деп урушкандан кийин отурушубуз аягына чыкканын күлүп эстедим. Отуруш ал кезде биз үчүн майрамдардын майрамы эле.

Заслуженный артист Кыргызстана Сыймык Бейшекеев (с комузом) в юности
© Фото / из личного архива Сыймыка Бейшекеева
Комуз ошондо эле колунан түшпөй, жан жолдош болуп... Сыймык Бейшекеев классташтары менен

Арадан эки жыл өткөрүп, мектепти бүтөр жылы 23-февралда Каратаева Назиранын үйүндө жигиттерге сый тамак уюштурулуп, үйдөн зорго уруксат сурап келип, 15 бала "Вермут" деген вино ачып алып, ким биринчи ичет деп отурганыбыз эсиңердеби?.. Андан кийинки кызыкты көр, чоң кылмышкердей эми үйгө кантип барабыз деген суроо башыбызды мыкчыткан. Менимче, бир ууртам ошол шарап жан дүйнөбүзгө чоң алаамат салган. Ошол ирмемдер али эсимде. Мики экөөбүз кошуна болгондуктан үйгө бара жаткан жолдо улам эшигинин алды жарык үй көрсөк светке бетибизди тозобуз. "Бетим кызарган жокпу, оозуман вино жыттанган жокпу" деп улам үйлөп, бири-бирибиздин мазабызды алганбыз. Кудай жалгап, ал түн билинбей тынч өткөн...

Кийин мектепти бүтүп, Бишкекке окууга кетеримде мени узатканыңарды эстедим. Докиндин үйүнө отуруш өткөргөнгө бейиши болгур Байыз чоң апаман уруксат сурап азык-түлүк бөлүштүрдүк. Дасторконду өзүбүз даярдайбыз дедик чурулдап. Бирөөсү нан, бирөө картөшкө, дагы бири күрүч, мага болсо тоок алып келүү жүктөлдү. Уурдасак да таап келебиз деп шерттештик. Тоокту кайдан алмак элем, мен өз үйүбүздөгүлөрдөн көрсөтпөй сурап алууну пландадым. АТАКЕМдин бройлер породасындагы тоокторунун бирин жокко санадым. Ал жарыктыктар өтө семиргенде түнөккө чыга албай, өрүктүн эң ылдыйкы бутагына зорго чыгып, түндү өткөрчү. Кыңылдап ырдап келатам. Ичимден өзүмдү кайраттандырып коём. Жыла басып үйгө жеттим да эки жакты карап, бир тооктун моюнун кайрып капка салдым. Бул кылыгым билинбесин деп тооктун жүндөрүнөн жулуп, өрүктүн түбүнө таштадым да түнгө сиңип кеттим. Тапкычтыгымды карап коюңуз...

Эсимде, ал түнкү отурушубузда эң мыкты, эти көп даамдуу палоо болду. Эртеси ата-энемдин "түндө Момбектин ити бир тоокту көтөрүп кетип, жүнү сапырылып өрүктүн түбүндө калыптыр" деп сүйлөшүп жаткандыгын уктум. Момбек кошунанын байкуш ити ошентип калп жеринен жаманатты болду. А мен отурам жымыйып, сыр алдырбай. Биринчи, анан акыркы уурулугум өз үйүмдөн башталып, ошол жерден бүткөнүнө сүйүнөм азыркыга чейин.

Заслуженный артист Кыргызстана Сыймык Бейшекеев с родными
© Фото / из личного архива Сыймыка Бейшекеева
Жалаң жигиттер. Сыймык Бейшекеев атасы жана бир туугандары менен

Ушул катты жазып жатып, бардык эле адамзатка тирүүлүк тиледим, пандемияны эстедим. Боо-боо түшүп, жайында ааламды каптаган илдеттен көп мекендештер өтүп кетти. "Башкысы аманчылык болсун" дейм, ичимден күбүрөнө.

Быйылкы кырдаалга байланыштуу айылдагы классташтар көп кездеше албай калдык. Бирок шаардагылар жолугуп, шерине жеп, ал-жай сурашып жатабыз. Былтыркы жайдагы айыл этегиндеги от жагып, түн жаңырта гитара чертип ырдап, чокко дүмбүл, картөшкө көмүп жегенибиз качанкы өткөн балалыкты кайрып келгендей элес калтырган эле. Ошондой күндөр көп болушун каалап келем. Эмне дейин, менин ардактуу классташтарым, аман-эсен болгула. Кудай буюрса, биз жолукчу күндөр жакын жана арбын. Бөлүшчү жакшылыктарыбыз көп болсун.

Ак тилектүү балдар элек,
Ар кесипти тандаар элек.
Чоң турмушка кадам таштап,
Чоң кишиче караар элек.

Алды жакка шашылганбыз,
Ак гүлдөрдөй ачылганбыз.
Тагдыр берген жолдор менен,
Жылдыз болуп чачылганбыз.

Акын Бактыгүл Чотурова эжеден ушундай саптарды суранып жаздырып, оюмдагыдай "Классташтар" деп аталган текстке обону тез эле жаралды. Балдар, бул баарыбыздын көкүрөктөгү сезимдер болсо керек.

Ак тилектүү балдар-кыздар — классташтарым, аман болгула! Баарыңарды сагындым, сагыныч катка саламымды ороп силерге узаттым. Амандыкта көрүшөлү деп силердин жаман классташ-досуңар, КРдин эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев.

20.12.2020

979
Белгилер:
Сыймык Бейшекеев, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, айылга кат
Тема:
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (76)
Тема боюнча
Өксүткөн "Жүк-200", Марзия жеңенин тагдыры... Топчугүл Шайдуллаеванын айылга каты
Бир бөтөлкөгө арыктын эле суусун берип ийгилечи... Мирзат Мукановдун айылга каты
Бишкек аба кыймылын тейлөө борборунун 1-класстагы диспетчери Канат Төлөгөнов

Авиадиспетчер Төлөгөнов: жоопкерчилик күч, кээде учактардын кагышканы түшкө кирет

6
Авиадиспетчер — аба кыймылын көзөмөлдөөчү адис. Аэропорттордо мунаралар бар, ал жерден жогору жактан учуп-конуу тилкеси көрүнөт. Ошол жерде отурган адистер учактын учуу, конуу процесстерин башкарат.

Бишкек аба кыймылын тейлөө борборунун 1-класстагы диспетчери Канат Төлөгөновдун бул тармакта иштегенине сегиз жылдын жүзү болду. Ал Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжинде инструктор болуп, студенттерди авиадиспетчердик даярдыктан да өткөрөт. Каарманыбыз аталган кесипке даярдоо кандай жүрөрүнө, андагы көйгөйлөргө токтолду.

Диспетчер первого класса Бишкекского центра обслуживания воздушного движения  Канат Тологонов во время беседы на радио
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Төлөгөнов: Мен аэродромдун аймагын көзөмөлдөп, учуп-конуу агымын карайм. Алгачкы күндөрү жоопкерчиликти жон териң менен сезип, үн титиреген учурлар болот.

— Авиадиспетчер кесибин баары эле тандай бербейт. Бул кесиптин ээлерин арабызда сейрек кездештиребиз. Кантип диспетчер болуп калдыңыз?

— 12-апрель космонавттар күнү төрөлүп, атым Канат деп да коюлганы бул кесипти тандоомо кандайдыр бир түрткү болгон. Кичинемден бери космонавт болууну кыялдандым. Убакыттын өтүшү менен приоритеттер да өзгөрдү. Ошентип космонавтикага жакын авиация тармагын, анын ичинен авиадиспетчер кесибин тандадым. Биз аба кыймылын көзөмөлдөйбүз. Жеке мен аэродромдун аймагын көзөмөлдөп, учуп-конуу агымын карайм. Жоопкерчилик күч, алгачкы күндөрү үн титиреген учурлар болот.

— Бул профессияны тандагандар үчүн кандайдыр бир өзүнүн критерийлери болсо керек?

— Мен 2009-жылы Кыргыз авиациялык колледжине тапшырып, үч жыл билим алдым. Бир жылдай жумуш ордун күттүм. Азыр иштегениме сегиз жыл болду. Бизде тандоо өтө катаал. Начар окугандардын көпчүлүгү өздөрү иштөөдөн баш тартат, сынактардан, тандоодон өтпөй калышат. Алсак, мен окуган учурда 20 студент болсок, анын 10у гана өз кесиби менен иштеп жатат. Бул адистикке тапшырып жаткандар медициналык комиссиядан, кесиптик-психологиялык жарактуулук сынагынан (ВЛЭК) өтүшөт. Окуу жайды бүткөндөн соң англис тили боюнча сертификат алабыз. ICAO эл аралык уюмдун талабына жараша диспетчер тилди төртүнчү деңгээлде билиши керек. Андан кийин "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасына барып стажировкадан өтөбүз. Мына ошол жерден айдоочулук күбөлүк алгандай эле авиадиспетчерликти тастыктаган документ алабыз. Ансыз эч ким диспетчер болуп иштей албайт. Ал эки жылдык мөөнөткө берилип, улам жогорудагы айтылган талаптарды жаңылап турабыз.

Жарым жыл сайын диспетчерлердин ден соолугун медициналык учуу боюнча эксперттик комиссия текшерип турат. Ар бир үч айда квалификацияны бекемдөө үчүн авиадиспетчердик симулятордон даярдыктан өтөбүз. Бизде бул кесипке Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда гана окутат. Ал эми айрымдары Алматыдагы академиядан, Красноярск, Санкт-Петербургдагы окуу жайлардан окуп келишет.

Диспетчер первого класса Канат Тологонов на рабочем месте
© Фото / Лев Семенов
Авиадиспетчер: Биздин жумуш психоэмоционалдык жактан оор болгондуктан үч күн иштеп, үч күн эс алабыз.

— Иштөө графигиңиз тууралуу айтып берсеңиз. Авиадиспетчердин жумуш күнү кандай башталып, кандай аяктайт?

— Биздин жумуш психоэмоционалдык жактан оор болгондуктан үч күн иштеп, үч күн эс алабыз. Мисалы, биринчи күнү эртең мененки нөөмөттө, эртеси күндүз, андан кийинкисинде түнкүсүн иштейм. Учактын санына жараша ар бир 1-2 саат сайын эс алып туруу зарыл. Бул үчүн атайын бөлмө бар. Инструктаж башталардан 15 мүнөт мурун жумушка келебиз. Бул убакытта адистер медициналык кароодон өтүп, пульс жана кан басым өлчөнөт. Алкоголго да текшерилет. Инструктаж учурунда учуулардын расписаниеси, аба ырайы, аэродромдун даярдыгы жана жабдыктардын техникалык абалы айтылат. Андан кийин нөөмөт кабыл алынат.

— Авиадиспетчерлердин жумуш ордун, иштөө процессин биз кинотасмалардан көрүп калабыз. Анда диспетчерлер учактар толук көрүнгөн мунарада отурушат. Экрандарынан самолёттордун учуу багыты көрсөтүлөт. Ал эми диспетчер болсо пилоттор менен сүйлөшүп, алдыдагы тоскоолдуктар жөнүндө айтып турат. Функцияңыз тууралуу дагы кененирээк айтып берсеңиз?

— Тасмаларда жалаң гана өзгөчө кырдаал, катастрофа болгон учурлар чагылдырылат эмеспи. Анда биздин жумуштун бир чети гана көрсөтүлөт. Биздин негизги максат — учактардын сүзүшүп кетишине жол бербөө. Андан тышкары, пилотторго туура, өз маалында маалымат беришибиз керек. Ал эми өзгөчө кырдаал болгон учурда экипажга жардам берип, бул тууралуу маалыматты тийиштүү тармакка жеткиришибиз керек. Мунарада отурган авиадиспетчерлерге учактар конуп-учкан аймак толук 360 градуста көрүнүп турат. Учак учуп кеткенден кийин локатордон маалымат алып иштеген диспетчерлер аба кемесинин бара жаткан жерине ийгиликтүү жетип алуусун камсыздайт.

Диспетчер первого класса Бишкекского центра обслуживания воздушного движения  Канат Тологонов во время беседы на радио
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Төлөгөнов: Кээде диспетчерлер пилотко ашыкча сөздөрдү айтып салышы мүмкүн. Мындайда жумуш учурунда эмес, учак конгондон кийин эскертүү берилет.

— Интернетте диспетчерлер менен пилоттордун кырсыкка чейин сүйлөшкөн аудиожазуулары көп чыгат. Негизи сиздерде сүйлөшүүнүн өзүнчө эрежеси болот турбайбы.

— Биз көп учурда орус жана англис тилдеринде сүйлөшөбүз. Албетте, орусча бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Англис жана немецтер таза англис тилинде сүйлөгөндүктөн кыйынчылык жаралбайт. Корей же кытай пилотторунун акценти болгондуктан кабыл алуу бир аз кыйыныраак. Биз бул адамдардын англис тилинде сүйлөгөн учурда акцентин да угуп, үйрөнүп чыгабыз. Ошону менен бирге ICAO эл аралык уюму пилот менен диспетчерлердин сүйлөшүүдө колдоно турган сөздөрүнүн тизмесин, фразаларын даярдаган. Түшүнбөстүк болбошу үчүн стандарттык кырдаалдарда ушул фразаларды колдонууга милдеттүүбүз.

— Жумуш учурунда өзгөчө кырдаалга кабылдыңыз беле?

— Мындай учурда ар бир диспетчер эмоцияга алдырбай документте жазылган талаптарды аткарышы керек. Экипажга туура маалымат берүү маанилүү. Жоопкерчилик өтө чоң. Эгер бир нерсе туура эмес болсо, териштирүү жүргүзүлүп, диспетчер жоопко тартылып, күнөөсү аныкталса соттолуп кетет. 2017-жылы Дача СУда учак кулаганда биздин нөөмөт болчу. Бирок анда мен пультта отурган эмес элем. Сиздерге маалым болгондой, диспетчерлер так иштегендиктен, иликтөө учурунда биздин кесиптештерге эч кандай доо коюлган эмес.

Диспетчер первого класса Канат Тологонов на рабочем месте
© Фото / предоставлено Канатом Тологоновым
Төлөгөнов: Корей же кытай пилотторунун сүйлөөдө акценти болгондуктан кабыл алуу бир аз кыйыныраак. Биз бул адамдардын англис тилинде сүйлөгөн учурда акцентин да угуп, үйрөнүп чыгабыз.

— Асманда тыгын болушу мүмкүнбү? Бир убакытта канча борт уча алат? Ар бир учактын ортосундагы интервал канча?

— Ар бир учактын ортосундагы аралыкты биз көзөмөлдөйбүз. Мисалы, бир эшелондо карама-каршы учкан самолёттун аралыгы 30 чакырым, бир багытта учкандардыкы 20 чакырым, ал эми вертикалдык алыстыгы 300 метр болушу зарыл. Ооба, самолёттордун дагы тыгыны болот. Бирок бул Европа мамлекеттеринде көп кездешет. Бизде кышында мындай абал болуп калышы мүмкүн. Кар жаап, туман түшкөндө аэродромду жаап, кардан тазалап даярдык көрөбүз. Бир учурда 4-5 учак келип калганда аларга кезек берип, биринчилерин кондуруп жатканда кийинкилери кезегин күтүп турушат. Күтүп турат дегеним учак бир жерде токтоп тура албайт да, ошондуктан күтүү зонасында айланып учуп турат же көпкө күтө тургандар майы аз болсо жакынкы аэропортко конот. Домодедово, Шереметьево аэропортторунда учак арбын болгондуктан ал жакта тыгын көп болот.

— Пилот авиадиспетчерлерди укпай койгон учурлар болобу?

— Эреже боюнча пилот диспетчердин сөзүн угуп, өзүм билемдикке салбашы керек. Айрым учурларда диспетчер коопсуздук аралыгын туура эмес айтып ката кетирип алса, учакта орнотулган аралыкты эсептеген жабдык TCAS сигнал берсе, пилот анда жабдыкты угушу керек. Кооптуу абалдан чыккандан кийин диспетчердин командасын аткарат.

 Диспетчер первого класса Бишкекского центра обслуживания воздушного движения Канат Тологонов
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Авиадиспетчер: Айрым учурда көп ойлонгондуктан учактардын абада кагышкан учурлары түшкө кирет.

— Учактарды артка кетирип салган көрүнүштөр болот экен…

— Албетте болот. Эгер учактын аба мейкиндигине кирүүгө уруксаты жок болсо, артка кетирүүгө туура келет. Бул кызматта алгач иштеп баштаганда көп ойлонгондуктан учактардын абада кагышкан учурлары түшкө кирчү. Убакыттын өтүшү менен жоопкерчиликке көнүп каласың. Жүздөгөн адамдын жашоосу бир нече адистен көз каранды болгондуктан авиадиспетчер кесиби жоопкерчилиги чоң жумуш болуп эсептелет.

— Канат, сиз авиация тармагында сегиз жылдан бери эмгектенип келе жатыптырсыз. Анын үстүнө студенттерди да даярдыктан өткөрүп келесиз. Адистерди даярдоодогу тоскоолдуктар барбы?

— Бул тармакта бир топ маселе бар. 2011-жылдан баштап өкмөттүн токтому менен мамлекеттик ишканалар бир жылда тапкан пайдасынын 50 пайызын Мамлекеттик мүлк фондуна которуп келет. 2017-жылдан 2020-жылга чейин каражатынын 25 пайызын берип келген, 2021-жылдан баштап "Кыргызаэронавигация" тапкан акчасынын жарымын берип баштайт. Мен түшүнбөгөн нерсе, каражатты берип алып кайра муктаж болуп жатканыбыз. Алсак, ишкананын жабдыктарын модернизациялоо үчүн Кыргыз-россия өнүктүрүү фондунан кредит алдык. Бул маселени өкмөт кайрадан карап чыгат деп ишенем. Бюджетке берилген каражатты карыздабай эле ишкана адистерди даярдоого жумшаса, аларга шарт түзүп берсе жакшы болмок. Кыргызстан боюнча заманбап, эл аралык стандарттарга жооп берген диспетчердик симулятор борбору жок. Бул өтө олуттуу маселе. Борбор адистердин бардык жөндөмдүүлүгүн өнүктүргөнгө, диспетчердин практикалык жактан даярданып, мыкты адис болуусуна жардам бермек. Симулятор борборунда өзгөчө кырдаалды жаратып, абалдан чыгуу үйрөтүлөт. Мындай борбор авиадиспетчерлердин окуусунун өзөгү. Алсак, коңшу мамлекет Казакстандын чоң шаарларын айтпай эле коёлу, Шымкенттеги аэропортто да ушундай комплекстүү борбор бар. Ушуну билгенде жаман ичим күйдү. Аба транспортун ар бирибиз колдонобуз. Бир эле диспетчердин катасы бир нече адамдын жашоосуна коркунуч алып келиши мүмкүн. Жогоруда айтылган маселелер аба кыймылынын коопсуздугуна терс таасирин тийгизет. "Эгер коопсуздук өтө кымбат деп ойлосоңуз, анда сиз авиациялык катастрофа деген эмне экенин билбейсиз", — деген ICAO эл аралык уюмунун девизи бар. Бул дал бизге багытталгандай.

6
Белгилер:
диспетчер, кесип, маек, аэропорт, учак
Тема боюнча
Төлөгөнов: авиадиспетчерлердин иши оор, үч күн иштеп, үч күн эс алат
Өлөр алдында учкучтар уруша кетишкен. Дача СУга учактын кулаган себеби
Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеевге интервью учурунда

УКМК Аспеков Жапыкеевге каршы көрсөтмө бербегенин маалымдады

29
(жаңыланган 15:20 18.01.2021)
Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеевдин айланасындагы маалыматтарды буга чейин аталган мекеме дагы четке каккан.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Опузалап акча талап кылуу фактысы менен кармалган Мелис Аспеков Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берген эмес. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Глава ГСБЭП Сыймык Жапыкеев во время интервью у ТЭЦ Бишкека
© Фото / пресс-служба ГСБЭП
Опузалап акча талап кылуу фактысы менен кармалган Мелис Аспеков Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берген эмес

Атайын кызмат жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Буга чейин айрым ЖМКлар "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигин опузалап 250 миң доллар талап кылды деп кармалган Мелис Аспеков өз көрсөтмөсүндө 50 миң долларын Жапыкеевге бермек болгонун айтканын жазган. Ошондой эле Финполдун төрагасы жакында камалары туурасында кеп тараган.

Бул боюнча Финполдун маалымат кызматы дагы Аспековдун көрсөтмөсүндө айтылды делген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

29
Белгилер:
Мелис Аспеков, жалган маалымат, аткаминер, Сыймык Жапыкеев
Тема боюнча
Жерге жаткырып, кишен салып... Опузалап акча алды деген активисттерди кармаган видео