Бут кийим оңдоочу жайдын ээси Хабибулло Азизулло

Өтүкчү Азизулло: ыргытчудай болуп калган чокойду жаңыртып коебуз

1836
(жаңыланган 16:57 27.12.2020)
Хабибулло Азизулло Кытайда билим алган, аппак көйнөк кийип кеңседеги жумушту кыялданчу. Бирок бул жигиттин турмушун тапшыра албай калган экзамени таптакыр башка нукка бурган. Бишкекке кайткан Хабибулло өзү айткандай кара жумуш менен алектенүүгө киришкен.

Маектешимден окурмандарга ким деп тааныштырайын деп сураганымда Хабибулло тайсалдай түшүп, анан: "Бул жерде мен өтүкчүмүн да, жетекчи да, тазалагычмын да. Эмне зарыл болсо, баарын аткарам!" – деп түшүндүрдү. Анын бут кийим оңдоочу борборун кадыресе өтүкчүнүн устаканасы дешке тил барбайт. Өтүк, кроссовки жана ботинкаңыз жөн эле оңдолбойт, каарманыбыздын колунан жапжаңы бут кийим болуп чыга келет.

— Өзүңүз тууралуу билсек...

— Өтүкчүлөрдүн үй-бүлөсүндө туулгам, бул өнөр бизде муундан-муунга өтөт. Бут кийим оңдоо менен алектенип каларым түк ойго келген эмес. Кытайда билим алгам, ак көйнөк кийип кеңседе иштейм деп кыялдангам.

— Кытай сизге жаккан жокпу? Эмнеге келе бердиңиз?

— Ал жакта эл аралык мамилелерди окумакмын, бирок кытай тилинен экзамен тапшырып жатканда эле кулап калат окшойм дегем. Ошондой эле болду. Абдан татаал тил, ошондон улам университетке өтпөй калдым.

Негизи Кытайга кетип жатканымда телевизордогудай баары кооз болот деп ойлогом. Көрсө, ал жактын деле өз көйгөйү бар тура. Биздикиндей эле өлкө. Болгону алардын имараттары чындап эле асман тирейт. Үйгө бир азга келип, кайра Кытайга кайткым келбегенин түшүндүм.

— Бут кийим оңдоочу борборду ачуу кайдан ойго келди?

— Россияда агабыз бут кийим оңдоп, боейт. Ал Бишкекте борбор ачууну сунуштап калды. Эски цехибизден калган станок жана комбайндар бар эле, ошентип ишти баштадык.

Владелец центра ремонта обуви Хабибулло Азизулло уулу в своей мастерской
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Хабибулло Азизулло Кытайда билим алган, аппак көйнөк кийип кеңседеги жумушту кыялданчу. Бирок бул жигиттин турмушун тапшыра албай калган экзамени таптакыр башка нукка бурган.

— Бизде бут кийим оңдоо дегенде такасына кагылган желимди алмаштырып, таманын чаптап же сыдырмасын алмаштыруу деп гана ойлочумун. Бирок ыргытчудай болуп калган ботинканы жаңыртып койдуңуз, күткөн эмес элем. Мындай оңдоого болорун билгенде канча туфлимди таштандыдан сактап калар элем!

— Цехти ачканыбызда кардар келер бекен деп чочулагам. Ачылыштан эки-үч күн өтпөй бизге миң долларлык ботинкасын көтөрүп бир кыз келди. Башта ал буюртманы алгандан чочуладым, бирок агам Россияда өтө кымбат бут кийимдер менен иштеп көнгөн. Жакшы оңдолорунан да шеги жок.

Биз баарын абдан сапаттуу оңдодук. Бут кийимдерин алганы келгенде кардар: "Мурда Москвага болгон иш сапарларымда оңдотуу үчүн бут кийимдеримди кошо ташууга туура келчү эле! Эми бизде да ошондой кызмат пайда болгонун көрүп турам", - деди.

Бизде чындап эле бут кийим оңдоону Ош базарындагы ларек сымал кабыл алышат. Анткен менен биз баарын технологиясына жараша жасайбыз. Жөнөкөй эле мисал: бирөөнүн ботинкасынын таманы ажырап кетти дейли, ал өтүкчүгө алып келип "тигип бериңиз" дейт. Көпчүлүгү бут кийимдин таманын тигип эле коюшат.

Биз андайга барбайбыз: эгер тигүү үчүн атайын сызыгы болбосо, андай бут кийимди чаптоого гана болот. Антпесе көркү кетип, ботинкадан суу да кириши мүмкүн.

— Ошондо сиз баасы асмандын башы турган гана бут кийимдерди оңдойсузбу?

— Жок, албетте. Биз иштен эч качан баш тартпайбыз, болгону бут кийимди оңдоо жаңысынан кымбатка айланышы ыктымал.

  • Примеры работ мастерской по ремонту обуви Хабибулло Азизулло уулу
    Хабибулло Азизулло: эркектердин бут кийими 5-6 миң сом турат, бирок жок эле дегенде эки сезонго чыдайт
    © Фото / Хабибулло Азизулло уулу
  • Примеры работ мастерской по ремонту обуви Хабибулло Азизулло уулу
    Хабибулло Азизулло: аялдардын бут кийими боюнча айта албайм, алардыкы көбүнесе баасы моделине жараша
    © Фото / Хабибулло Азизулло уулу
  • Примеры работ мастерской по ремонту обуви Хабибулло Азизулло уулу
    Хабибулло Азизулло: замша биздин климатка ылайыкталган эмес, тоолуу өлкөбүз, чаң көп. Эки-үч күндө эле андай өтүктөрдүн кебетеси кетип калат
    © Фото / Хабибулло Азизулло уулу
1 / 3
© Фото / Хабибулло Азизулло уулу
Хабибулло Азизулло: эркектердин бут кийими 5-6 миң сом турат, бирок жок эле дегенде эки сезонго чыдайт

— Менимче, көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн баа бут кийимди сатып алууда чечүүчү фактор. Адамдар эң арзанын сатып алышат.

— Ооба, бизде калктын 70 пайызы бир сезон кийип ыргыткыдай бут кийимдерди сатып алышат. Бирок бул үнөмдөөнүн мыкты ыкмасы эмес, себеби келерки жылы кайрадан жаңысын сатып алуу зарыл. Андан көрө кымбат бут кийим сатып алып, 5-6 жыл кийүү дурус. Ал сапаты жагынан мыкты, таза булгаарыдан тигилет, бутту жоорутпайт.

— Бишкекте сапаты жагынан дурусураак бут кийимди канча сомго сатып алууга болот?

— Эркектердики 5-6 миң сом турат, бирок жок эле дегенде эки сезонго чыдайт. Аялдардын бут кийими боюнча айта албайм, алардыкы көбүнесе баасы моделине жараша.

— Кандай бут кийим көпкө чыдайт?

— Материалына жараша. Эгер таза булгаарыдан тигилген болсо, жакшы кийилет. Бирок Кыргызстанга камандын терисинен тигилген бут кийимдерди көп ташып келишет. Ал арзан, оңой тигилет, бирок андай бут кийим бат эле кийүүгө жараксыз болуп калат. Торпоктун териси алда канча узакка чыдап берет.

— Учурда кеңири тараган экобулгаарычы?

— Ал жакшы чыдайт, бирок чийилип, тытылып калса, аны оңдоо мүмкүн эмес.

Владелец центра ремонта обуви Хабибулло Азизулло уулу в своей мастерской
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Хабибулло Азизулло: цехти ачканыбызда кардар келер бекен деп чочулагам

— Мага күдөрү (замша) өтүк жана туфлилер аябай жагат, бирок бир ай өтпөй эле сыны кетип калат! Мен сапатсызын сатып алып же туура эмес сактап жаткан жокмунбу?

— Замша биздин климатка ылайыкталган эмес, тоолуу өлкөбүз, чаң көп. Эки-үч күндө эле андай өтүктөрдүн кебетеси кетип калат. Абдан кылдат кам көрүү керек. Атайын каражаттар менен тазалап туруу керек.

— Кроссовкаларчы? Аларда эмне көйгөй бар?

— Көп учурда торчосу үзүлүп кетет. Андай учурда биз аны таза булгаары же замшага алмаштырабыз. Кардар болгону түсүн тандоого тийиш.

— Кайсы бут кийимди таптакыр сатып албоого кеңеш берер элеңиз?

— Мокасиналар. Андай бут кийимдер ыңгайлуудай сезилет, бирок чындап келсе алар ден соолукту бузат. Таманы тегиз, арты бөлүгү катуу, такасы эмес. Така сөзсүз түрдө 4 сантиметрге чейин болушу шарт. Бул балеткаларга да тиешелүү, врачтар андай бут кийимди кийүүгө караманча каршы.

— Тажрыйбаңыздагы эң оор буюртманы айтып берсеңиз.

— Бир кыз келди. Лакталган бут кийим, 40 миң сомдук экен. Бийкеч аны кышында кийип чыгат. Негизи лак бут кийимди кышкысын кийүүгө таптакыр болбойт. Лакталган булгаары жарылып-жарылып кетет. Аны кайра калыбына келтириш кыйын.

Оңдой аламбы деп көпкө буйдалдым. Бирок атамдын кеңеши менен аны оңдоого макул болдум. Бирок кайра кардар "эгер оңдой албай калсаңызчы?" деп шектенип калды. Ошондо атам: "Сиз баары бир таштандыга ыргытасыз да. Байкаңыз, жакпай калса акысын төлөбөй кое аласыз", – деп кардарды көндүрдү.

Биз аны оңдоп чыктык, жапжаңыдай болуп калды! Ошол тушта Түркиядан бизге таза булгаары келген, биз бут кийимди кайрадан тигип чыктык, жарака болуп калган жерлерин жаңыларына алмаштырдык. Кардар бизге 3000 сом төлөгөн.

Владелец центра ремонта обуви Хабибулло Азизулло уулу во время работы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Хабибулло Азизулло: бизде чындап эле бут кийим оңдоону Ош базарындагы ларек сымал кабыл алышат. Анткен менен биз баарын технологиясына жараша жасайбыз.

— Ишиңиздин эң оор тарабы эмне?

— Эң татаалы – чаптоо. Жеңил туюлат, бирок оңой-олтоң эмес. Мындай оңдоодон кийин бизге кайра ажырап кеткенин айтып доомат койгон кардарлар болот. Ал эми чындыгында мунун себеби башка: жамгырда кийилет, суу кирет. Бөлмө температурасында кургатуу зарыл, көп адамдар батареяларга же жылытылчу полго жайып салышат да, клейи ажырап кетет.

— Жакшы уста канча каражат табат?

— Бизде жакшы усталар абдан аз, алар мындай ыкманы жаңыдан гана өздөштүрүп келүүдө. Орточо маяна 40-45 миң сомду түзөт, Бишкек үчүн дурус маяна.

— Кызматкерлерди табыш оңой элеби?

— Жок, себеби көпчүлүгү бут кийим оңдогондон жийиркенишет. Адамдар дааратканага киришет, ылай тебелешет. Жаңыдан баштагандарды табыш кыйын.

— Өтүк оңдоочу жайлардын көбүндө бут кийимди таза тапшыруу керектиги жазылып турат. Эл бул эрежени көп бузушабы?

— Бул үчүн бизде химиялык тазалоо бар. Бут кийим кир болсо, кардардан адегенде ошол жакка тапшырууну өтүнөбүз. Анткени өтүкчү иштеп жатканда бут кийим анын төшүнө туш келет, чаң, бактерия, вирустар менен дем алат.

— Кыжыр кайнаткан кардарларыңыз барбы?

— Андайлар жок. Тейлөө тармагында кардардыкы дайым туура экенин бала кезден эле түшүнгөм. Эгер кардарга биздин ишибиз жакпай калса, акысын төлөбөй эле коюшун айтам. Кардар мындай убакта ыраазы болуп кетет.

Владелец центра ремонта обуви Хабибулло Азизулло уулу в своей мастерской
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Хабибулло Азизулло: бут кийим оңдоодо эң татаалы – чаптоо. Жеңил туюлат, бирок оңой-олтоң эмес. Мындай оңдоодон кийин бизге кайра ажырап кеткенин айтып доомат койгон кардарлар болот.

— Анте берсеңиз иш жүрөбү?

— Андай көрүнүш сейрек кездешет. Бирок сиз талашып-тартышпайсыз, маанайыңызды бузбайсыз. Жан дүйнөң тынч болбосо, иш күнү аяктаганча тыңгылыктуу иштей албайсыз, демек көп акча да таппайсыз. Позитивдүү маанайда гана иштеш керек.

Ооба, албетте, баарын туура аткарасың, ал эми кардарга эч нерсе жакпаганы ыза кылат. Мисалы, бут кийимдин башын эле боеп бериңиз деп келишет. Түсү айырмаланып калышы ыктымал экенин эскертебиз. Сынын бузбаш үчүн толук боеону сунуштасаң кардар нааразы болот. Ага угуза айтпаганым менен ушундай жагдайлар ыза кылат.

— Кытайда университетке өтпөй калганыңызга, ак көйнөк кийип кеңседе отурбаганыңызга өкүнбөйсүзбү?

— Жок, кымындай да. Мен ушундай кишимин, кара жумушту аткарышым керек. Эгер кимдир бирөө билим алууга жөндөмдүү болсо, окуй беришсин.

Бул ишимди чокой кармап отурбастан, ак жакалуу көйнөк менен кеңседе отургудай деңгээлге чыгаргым келет. Жетекчи болууга, бирок өз ишимдин башында турууга умтулам.

1836
Белгилер:
маек, кесип, оңдоо, өтүкчү, билим, Кытай, Кыргызстан
Тема боюнча
5000 сом менен баштагам! Кирешелүү бизнес ээси Санжардын маеги
Азыркы ишим автоунаа сатуудан да кирешелүү! Кыргызстандык ишкердин ири бизнеси
Кыз апасы менен кинотеатрда. Архив

Балдар үчүн кинофильмдин сценарийине сынак жарыяланды

9
Сценарий жазууга катышууну каалагандардын арызы "Кыргызфильм" киностудиясынын электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы балдар үчүн кинофильмдин сценарийине сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлады.

Ага ылайык, арыздар "Кыргызфильм" киностудиясынын электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

Сценарийдин тиркемесине төмөнкүлөр кирет:

  • болжолдуу аталышы;
  • жанр;
  • убакыт;
  • логлайн (кыскача баяндоо);
  • синопсис (кыскача мааниси).
"Сценарийлер америкалык форматта гана кабыл алынат. Ал эми тиркемелери менен өзү кыргыз тилинде жазылышы шарт. Жеңүүчүлөрдүн эмгеги киностудиянын расмий сайтына жарыяланат", — деп айтылат маалыматта.

Мыкты эмгектин ээсине 100 000 сом гонорар төлөнүп бериле турганы кошумчаланды.

9
Белгилер:
балдар, кино, сынак, сценарий
Тема боюнча
"Акыркы көч" тасмасы Дакка эл аралык кинофестивалына катышууда
Китепканадагы кыз. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда эркектерге караганда аялдар билимдүүрөөк. Статистика

17
Туруктуу жумушу бар аялдардын арасында 27 пайызы жогорку билимдүү болсо, эркектер арасында бул көрсөткүч 18 гана пайызды түзөт.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Иштеген жарандардын арасынан карай турган болсок, Кыргызстанда кесиптик билими бар эркектерге караганда аялдар басымдуулук кылат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Тагыраагы, иши бар аялдардын арасында 27 пайызы жогорку билимдүү болсо, эркектер арасында бул көрсөткүч 18 гана пайызды түзөт.

Кыз-келиндердин билимге умтулганын мындан билсек болот, 2019-2020-окуу жылында ЖОЖдордун студенттеринин 52 пайызын кыздар түзгөн. Ал эми орто кесиптик окуу жайларда окугандардын 56 пайызы кыздар. Ошондой эле аспирантурада окуп жаткан жарандардын ичинен 59 пайызы, докторантурада 67 пайызы аял кишилер.

Учурда кыргызстандык кыз-келиндер көбүнесе билим берүү, кеңири керектелүүчү товарлардын технологиясы, саламаттык сактоо, маданият, искусство, сервис сыяктуу адистиктерде окушат.

17
Белгилер:
билим, эркек, аял, Кыргызстан
Тема боюнча
Узаган жылы пенсия менен жөлөк пулга канча каражат жумшалган. Статистика