Медициналык кызматкер

Өткөн суткада коронавирус 162 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

109
(жаңыланган 09:44 28.12.2020)
Учурда ооруканаларда 1 265 бейтаптын коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 346 адам оор абалда болсо, 65 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кечээтен бери Кыргызстанда коронавирус 162 кишиден табылып, 237 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 59;
  • Ош – 11;
  • Чүй облусу – 42;
  • Ош облусу – 6;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 25;
  • Жалал-Абад облусу – 10.

Айыккандар:

  • Бишкек – 96;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 70;
  • Ош облусу – 12;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 32;
  • Жалал-Абад облусу – 14;
  • Баткен облусу – 7.

Тилекке каршы, кечээ коронавирус Бишкек шаарынан бир адамдын өмүрүн алган.

Жалпысынан алганда өлкөдө COVID жуктургандардын саны 80 535ке жетти. Анын ичинен 75 057 бейтап айыкса, 1 349 адам каза тапкан.

Учурда ооруканаларда 1 265 бейтаптын коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 346 адам оор абалда болсо, 65 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Өткөн суткада ордо калаадан эки медиктен илдет табылган. Ошол эле маалда өлкө боюнча төрт ак халатчан ооруну жеңгени кошумчаланды.

109
Белгилер:
өлүм, медик, илдет, статистика, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1515)
Тема боюнча
Британиялык окумуштуулар коронавирустун жаңы 5 белгисин аныкташты
Колл-центрдин ишкери. Архив

Бишкекте мугалимдер онлайн-сабак өтпөй жатса арызданууга болот. Номерлер

5
Ушул жумадан тарта борбор калаада 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып окуй баштады. Калган класстар аралыктан билим алууну улантууда.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева мугалимдер онлайн-сабакты өтпөй жатса кабарлап коюуну өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу өтүндү.

Эске салсак, 18-январдан тарта борбор калаада 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып окуй баштады. Ошол эле учурда бул класстын айрым окуучулары шартына жараша үйдөн да билим алса болору белгиленген. Аларга мугалим өзүнчө сабак өтөт, мындан сырткары, телеканалдарда телесабактар көрсөтүлөт.

"Социалдык тармактарда айрым мугалимдер онлайн-окутууну үзгүлтүккө учуратып, сабак өтпөй жатат деген маалыматтар пайда болду. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Биз жакынкы убакытта балдардын бардыгы окууну кадимкидей тартипте улантарына ишенебиз", — деп жазган Чыныбаева.

Вице-мэр окуу процессине байланыштуу педагогдор тарабынан мыйзам бузуулар болсо 0709 24 02 84 WhatsApp номерине кабарлап коюуну өтүндү.

5
Белгилер:
кайрылуу, мугалим, окуу, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Бишкектеги мектептерге 53,5 миңден ашуун окуучу бара баштады
Кыз апасы менен кинотеатрда. Архив

Балдар үчүн кинофильмдин сценарийине сынак жарыяланды

16
Сценарий жазууга катышууну каалагандардын арызы "Кыргызфильм" киностудиясынын электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы балдар үчүн кинофильмдин сценарийине сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлады.

Ага ылайык, арыздар "Кыргызфильм" киностудиясынын электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

Сценарийдин тиркемесине төмөнкүлөр кирет:

  • болжолдуу аталышы;
  • жанр;
  • убакыт;
  • логлайн (кыскача баяндоо);
  • синопсис (кыскача мааниси).
"Сценарийлер америкалык форматта гана кабыл алынат. Ал эми тиркемелери менен өзү кыргыз тилинде жазылышы шарт. Жеңүүчүлөрдүн эмгеги киностудиянын расмий сайтына жарыяланат", — деп айтылат маалыматта.

Мыкты эмгектин ээсине 100 000 сом гонорар төлөнүп бериле турганы кошумчаланды.

16
Белгилер:
балдар, кино, сынак, сценарий
Тема боюнча
"Акыркы көч" тасмасы Дакка эл аралык кинофестивалына катышууда